Предыдущая публикация
Кийим менен барктабайлы адамды,
Кыска ойлоп алыстатпа санаңды.
Эски кийген жупунуга күлбөгүн,
Кереги жок мыскылдаган табаңды.
Жакшы адамдын жан дүйнөсүн баалагын,
Таразалап тартып көргүн салмагын.
Кийим эмес ким экенин билели,
Жакшы адамга жакшы тилек арнагын.
Кийим деген үстүңдөгү чүпүрөк,
Кийинген бар бой көтөрүп күтүрөп.
Мода кылып ары бери баскан көп,
Өзүнчө эле мен менсинип түкүрөт.
Жакшы адамдын жан дүйнөсү башкача,
Кийимде эмес ой кыялы таптаза.
Окурмандан суранамын өтүнүп,
Кечиргиле айткандарым жакбаза.
Автор..УЛАН САЛИБАЕВ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев