Алган өткөн дүйнөдөн, берген өткөн.
Ай талааны айланып кербен өткөн.
Артып алып жонуна тирилигин,
Азап тартып күймөнүп пендең өткөн.
Айта берсең арылгыс арман дүйнө,
Алда кайда азгырган жалган дүйнө.
Алдап байды, кедейге көмөк кылып,
Алдар көсөө аркасын салган дүйнө.
Көз көргөнгө көңүлү чөккөн дүйнө,
Көздөн жашын көлдөтүп төккөн дүйнө.
Күбүрөнүп сүйлөнүп - Асан кайгы,
Күйүт менен өмүрү өткөн дүйнө.
Чыйрак өттү, чымынжан араң өттү,
Чийкил сары, кызыл жүз, караң өттү.
Чыпчыргасын коротпой көр дүйнөнүн,
Чык таттырбас - Чыныбай сараң өттү.
Текебери терек бой керсек өттү,
Тепкесиндей комуздун элпек өттү.
Телисең да тектүүгө тең келбеген,
Тежик мүнөз - Телибай тентек өттү.
Чимирилген чыгырык ийигиндей,
Чыкса бири бул дүйнө, бири кирмей.
Чыпкалануу ченелүү чеги менен,
Чымын жандар чырактын билигиндей.
Жоого сунган дүрмөттөй - он октолуп,
Жоболоңдуу жоруктар жомок болуп.
Жашап өттү канчалар күнүмдүгүн,
Жалган дүйнө төрүндө конок болуп.
Нурлан Кимбилди.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 32