Предыдущая публикация
Үстүрттөдөн карап турсам бир мүнөт,
Үйдөй толкун үзүр үмүт билдирет.
Үстү жайык горизонтко бир тегиз,
Үңүлгөндө түбү кандай ким билет?..
Тегиз жайык жээгиндеги кумдары,
Теребелге шоокум берет ыргагы.
Толкундагы көбүктөрү көркөмү,
Тереңдедир тээ байыркы сырлары...
Кубанычсыз кубаттаган сөз болбойт,
Көркү кетип көөнөрбөгөн бөз болбойт.
Көркөмүнөн өзгөрбөгөн көл - мына,
Көргөн сайын көргүң келет көз тойбойт.
Кошул-ташыл толкундары эргүүгө,
Коштолушуп кыялдарым сергүүдө.
Кучагына кысып ыйык Ысык - Көл,
Күндөгүдөн кыйла бүгүн мен - күүдө.
Нурлан Кимбилди.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 18
Сага ийгиликтер каалаймын КИМБИЛДИ.