Бийиктиксиң...Сунган колдор жетпеген,
Билигимсиң...Көктө жанган мен деген.
Ай ааламдан... издеп жүрүп өзүңдү,
Тапканым чын.Таптым сүйүүм издеген.
Табышмактуу сүйүү жазым жектеген,
Караан көргөм айланамдан кетпеген.
Таарынычым... чегин чектеп ушул түн, Ак сүйүүмдү аздек тут деп, келдиң сен.
"Махабат дастанындай", көрүнгөн,
Түбөлүктүү сүйүү көрдүм көзүңдөн.
Кыялымда... Ай бетине саймалап
Энчиленген атың жаздым М...деген
Сүйдүм сени, сүйүүм чексиз бир аалам!
Махабаттын күүсүн чертип жар салам! Көрктүү көктөм көгүш тартып түн кирсе,
Жүрөгүмдө атың бар... деп кубанам!
Сүйүү -ыйык !Сезим -жарчы! Жүрөккө!
Сүйчү жаным!Сүйүүң жанып, жүрөктө!
Баары чындык айткан кебим жарыгы,
.Дабаасы күч дары болсун күн өтсө!..
30/10.18.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 61
Ыраазычылым чексииз жана өзгөчө.
Есімін да М....деп жазыпсыз.
Бақытты болғын апқетай.
Махабатт сұйі арзұ дастанындай.
Қеремет саптар апқе
Бақыттын татып демін.
Тұбеліқті сұйі болсын апқе.
Жылмайған жұзіңізде жұреғіңде сұйіңіз жасай берсін.
Болбойт эле мендей жандын арманы
Ким болсода эн бактылуу жан экен
Сизге бийик журогунуз дарманы
Керемет ыр болуптур ийгилиик замандаш
Жүрөм жыргап ойноп- күлүп артынан
Жүрөгүндө жалгыз өзүм жандым деп
Жазып койдум ага арнап ыр курап