Предыдущая публикация
Жакшылык көрдүм өткөндү эске салчу
Жаркырап жарыгы күч алмаз сындуу.
Жакындан көргүм келип ушунчалык,
Белсенип... жолоочудай калдым ойлуу.
Жетүүгө жүрөк дегдеп, дабышы күч,
Шооласы - нурлуу желе, жарыгы күч.
Күн Айдын жылдыздардын жарыгынан,
Кем эмес ашкан белес дүйнөсү күч.
Балким, жарык махабаттын шооласы?!
Балким, жарык "табылга нур" сыңары?!
Жан дүйнөмө кереметтүү "сырлуу нур"
Балким сүйүү балким күтүү... дарысы?!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 19