Пайда таба тургансып, таарынычтан.
Ушул ырдан колумдун келишинче.
Оюм айтам, тынч туруп баарың уксаң.
Ушулардын чын эле акылы жок.
Урушунун түгөнбөйт, акыры жок.
Бир туугандар буга окшош ойлонгула.
Кээ бирлер бар, бир дагы жакыны жок.
Бир тууган бул - кадимки жүрөгүң да.
Бир тууган бул - кадимки мүрөгүң да.
Эки АЙдай менде да карындаш бар.
Ошолор бар, бактылуу жүрөмүн да.
Бир тууган бул - эң эле жакының да.
Андай жакын боло албайт, катының да.
Андай десем аялдар таарынбасын.
Акылсызгв айтаар бир акылым да.
Жүрөктөгү дартыңды ошол сезет.
Ооруп калсаң биринчи, ошол келет.
Бул сөздөрүм өзүмдүн тажырыйбам.
Бир тууганга болбогун, копол демек.
Башкалары сүйсө да тили менен.
Алар сүйөт жүрөгү, дили менен.
Көйгөйүңдү жөн эле угуп койбойт.
Көйгөйуңө кайгырат чыны менен.
Инисине агасы атасындай.
Урушпасын бир тууган-ката мындай.
Каныңарда ал менен жаныңар бир.
Бир тууганды жүргүлө капа кылбай.
Бир тууганга таарынып отурбагын.
Сөз ээси, сөздөрдүн окуур баарын.
Бир тууган бул ЧОҢ БЕЛЕК, түшүнүп ал.
Бир тууганга таарынган окурманым.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев