———————————————————————
Ал жигиттин, сүйгөн кызы бар туруп.
Ата - энебиз, мени берди жар кылып.
Эми бул да, пешенеде бар экен.
Моюнума, азап күндөр артылып.
Өзгө жерде, жат адамга айландым.
Күтүлбөгөн, күйүттөргө байландым.
Келин деген, атым эле болбосо.
Куурап жаткан, дарактаймын кайран күн.
Сүйлөш кайдан, жада калса карабайт.
Бир үн катпай, жүрөгүмдү жаралайт.
Менин деле, көөнүм бар да а бирок.
Ал көңүлдү сураганга жарабайт.
Эрте менен, чыгып кетет унчукпай.
Кала берем, чырылдаган чымчыктай.
Көз жаш төгөм, туталанып буулугам.
Келечекте, көрөөр күнүм тынчытпай.
Сүйгөн кызын дале жүрөт таштабай.
Тагдыр да деп, жаңы жашоо баштабай.
Ар күн сайын жолугушат, билемин.
Бир күнүмдү өткөрбөймүн жаштабай.
Кийинки кез, өөн жорук табышты.
Ачык эле, жолугушуп калышты.
Сырттан анча турса деле билинбей.
Ички дүйнөм, күйүт менен алышты.
Мени менен, болуп коет жатымыш.
Армандарды, кыйын ичке батырыш.
Мага дайым, эй сен эй деп кайрылат.
Кайдан жан деп, эркелетип чакырыш.
Кетем десем, намыс ага жол бербейт.
Бакыт мага бир саам да кол бербейт.
Апамдарга айтпай жүрдүм ыйлайт деп.
Бүт баарына чыдап жалгыз жон тердейт.
Кандайсың деп, апам сурайт байкушум.
Жакшы деймин, керекпи же айтышым.
Жок! айтпаймын...апакемдин көз жашын.
Каалабаймын, күлүп жүрсүн жай кышын.
Ыйлап жүрүп, кыз төрөдүм кантейин.
Кетсе кетет, кетсе кантип кал дейин.
Эрден жолум болбосо да, айла жок.
Көкүрөктө, ырдап турсун алдей үн.
Бир да басып келбей койду кызарып.
Улам мени, кайра басып ыза, бук.
Башкаларды күйөөлөрү чыгарса.
Мени кетти, ата - энеси чыгарып.
Ошол күнү, таң калаарда сүрүлүп.
Үйгө келди, андан калгам түңүлүп.
Аңдып жатсам, секин келип кызына.
Көпкө чейин, көпкө турду тигилип.
Анан эле, шап көтөрүп жыттады.
Бөбөгүнү, көкүрөкө ыктады.
Эки беттен улам өбөт алмашып.
Көпкө чейин кучагынан чыкпады.
Кийин эле, кое салып жүгурүп.
Чыгып кетти, кайра кеттим түңүлүп.
Эми кайтып келбечүдөй сезилди.
Жата бердим, ыйлап - ыйлап сыгылып.
Бир маалда, эшик шарт деп ачылып.
Толтура гүл, үйгө кетти чачылып.
Эмне болуп, кеткенини түшүнбөй.
Төшөгүмдөн тура калдым ашыгып.
Эрим кирип, мени бекем кучактап.
Кечир жан деп, ыйлап жатты бышактап.
Түшүмбү деп, тура бердим дендароо.
А көңүлдү дале турат кыш аттап.
Кечир жаным, иттик кылдым аным чын.
Мындан ары, жалгыз сенсиң сагынчым.
Сени менен, кызым үчүн жашаймын.
Сөздөрүмө, ишенип кой жаным чын.
Кучакташып, көпкө чейин ыйладык.
Бүт дүйнөгө, бүт ааламга сыйбадык.
Ал көз жаштар, жашы эле бакыттын.
Жашыбызды ошон үчүн тыйбадык.
Азыр эми, эрим менин ынагым.
Азыр эми, эрим менин чырагым.
Кетип калсам, бир үй - бүлө кыйрамак.
Жашоо үчүн, намыс үчүн чыдадым.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев