Бирок, жашай берчү өмүр бар...😔
Чындыгында биз жашоого туура эмес кадам койот экенбиз. Кудайдан туура эмес нерселерди сурап, дуба кылып жүрөө берет экенбиз. Илгерки өткөн аалымдар, даанышмандар, баатырлар, акылдуулар Жараткандан "Оо Жараткан! Биздин өмүрүбүз аз болсо болсун, бирок пайдасыз болбосун. Өмүрүбүздү пайдалуу кылакөр. Элге журтка, акыретиме, Сен жакшы көргөн өмүр бере көр" -деп суранышат экен. Бизчи?! Ойносом, күлсөм, көөп жашап калсам, жок эле дегенде жүзгө чыксам, ал эмесе каарыбаш үчүн недеген салондорго барабыз, беттин тырыштарын кетиребиз, жүзүбүздү сулуулайбыз, жаш бойдон калайлы деп, тегеле койчу өзүбүздү жөн эле алдап жашап келебиз. Тилеке каршы бул кылгандарыбыз кабырда пайда берсе гана. Курт-кумурскаларга жем болгондон, жана чирип жок болгондон арга жок.
Оо тууганым! Сен өмүргө эмнеге келдиң? Эмне максатың бар? Кайда барам деген ойуң бар? Залкар аалымдарды кара, алар өмүрдө эмне кылышты, жана сен экөөбүзгө эмне таштап кетти? Азирети Пайгамбарыбыз (алайхис салам) өз хадисинде мындай дейт; "Кыяматты көрүп турсаң дагы, же алдыңа келсе дагы колуң дагы көчөтүңдү олтургуз" -деп айткан. Бул хадистен биз көп нерсе алсак болот. Бул дегени жашооңо пайда калтыр. Бир чырпыкты сайып болсо дагы жакшы иш калтыр дегени.
Биз өмүргө жашаш үчүн эмес,
Биз өмүргө күлүп, ойнош үчүн эмес,
Биз өмүргө кумарыбызды кандырыш үчүн эмес,
Жакшы кадам, жакшы из калтырыш үчүн келдик. Тилеке каршы азыркы жаштардын жашап жатканын көрүп көзгө жаш албай койгонго арга жок. Барга шүгүр, жокко каниет кылбай калышты. Албетте бул биздин наадандыгыбыз, акылсыздыгыбыз. Кыргызда бир макал бар, орой болсо дагы айтайын. "Башым аман болсо болсун, көчүгүмдү ит жесин", деп жашап калдык. Азыр ушундай бир заман "Кудайды кой! Өзүм билем замана" -деп эле жашап калдык. Акылсыз акылдууну укпай, иниси агасын, баласы ата-энесин, ушундай бир шордуу дүйнөдө жашап калдык.
Оо Аллахым! Бизге дагы узак өмүр эмес, Сен жакшы көргөн, акыретте пайдасы тийе турган, таза, пакиза жүрүүнү, адамдарга жакшылыгыбызды тийгизе турган өмүр бер.
Оо Жараткан! Биздин жаныбызды Сен ыраазы болгондой, ыйманыбыз менен алгын.🤲😔
25.01.2022
Бактияр Жанибек уулу
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев