2 - БӨЛҮМ
Андан башка иниси экөөн бир-эки жолу айылга алып барып, чоң аталарына көрсөтөм дегенде, Айкан да, иниси да аларга барбай чыр салганын бир билет. Ошондон кийин атасы аларды да алып барбас болду. Мына ошондой кадимки жашоо өтүп жаткан күндөрдө жогорудагы окуя болуп жатпайбы. Апасынын айтканында да бир мандем бар.
Атасы эмнегедир акыркы күндөрү жумуштан келчү убагы кечигип, апасынын даярдаган тамагы да ичилбей, казанда муздап калган күндөрү көп болду. Апасы эрксизден гана аларга тамак берип, алар каалабаса ширин токочтон колдоруна карматып, “Баргыла, эми ойногула” деп жайына койчу. Эмне анан алар бала да иниси экөөсү ойноп, апасынын маанайы менен иши деле болушпаптыр.
Атасы качан келгенин билишпей, таң ата ойгонушканда атасынын жумушка кеткенин, апасынын көзү шишимек тартып, жакшынакай өңү кер-сары болуп калганын байкашчу. Бирок, дагы эле баягы окшош күн кайталанып, кээде апасынын маанайынын суздугу билинсе, кээде оюнга кызыккан Айкан эч нерсе менен иши деле болбоптур. Бир күнү эле ата-энеси иниси экөөн шашылыш бакчадан алып кетишти. Айкан оболу эч нерсе деле түшүнгөн жок, алар үйүнө келишти да, анча-мынча жылуу
кийимдерди алышып, жолго чыгышты. Айылга
келишиптир. Ызы-чуу түшкөн үй. Атасы ыйлап кирди,
апасын да аялдар жетелешти. Бирок, эмнегедир апасы беш-алты аялдын арасында калганын билет. Алар эмнегедир апасын урушуп, жек көргөндөй карашкан. Апасы да аларга бирдемелерди түшүндүрүп жаткандай болду. Бирок ал учурду Айкан жакшы түшүнө албайт. Кийин гана чоңоюп, апасынан ошол жадында калган көз ирмемдерди сураганда, анын узак окуя экенин айткан.
Айкан да чоңойду. Окууну бүтөрүнө аз калды. Ошондой жаздын күндөрүндө мектепти бүтүрүү кечесине даярданып жатканда атасы мектепке келип: “Айкан эжекеңден жооп сура. Чоң атаң өтүп кетиптир, сен чоң кыз болуп калдың, барышың керек. Бектурду (иниси) да алабыз”, -деди. “Апамчы?! Апам барабы?!” – дей салды Айкан. “Жок, өзүбүз эле”. Ошентип, баягы кичинесинде көргөн үй. Жепирейип, эшиктеринин алды топурак, чөп баскан, эшигин ачса кыйчылдап барып анан гана араң ачылат. Атасы инисин экөөн “жүргүлө” дегендей ымдады
да, кишилер көп жерге “Атам оой!! Атам оой!” деп ыйлап кирди. Өздөрү менен өздөрү алектенген кишилер жалт карай, атасынын эки колтугунан ала “Пенделик экен, айла канча, кайрат кыл” деп жетелеп, сөөктүн алдына алып келишти. Атасы сөөктүн бут жагына жабыша калып, “Атоо кечириңиз мени, мен апам экөөңөрдү тең тирүү кезиңерде сыйлай албадым! Мен акмак болдум! Ата, кечире алсаң, кечир мени!”- деп ичи эзилип ыйлай баштады. Айкан Бектур экөөсү чоң атасынын көзү өткөнүнө эмес, атасынын буркурап ыйлаганына ыйлашты. Атасын кучактап, боору эзилгиче ыйлашып, качан гана
элдер “кой-ай” дешкенде, токтошту. Көрсө чоң атасы
демдүү эле жүргөн экен, кечке барып, бир жери ооруганбы же уйкусу келгенби, айтор отурган жеринен үзүлүп кетиптир. Эртеси сөөктү чыгарууга айыл эли, тууган-урук топурап келип, маркумду келбес жайга узатышты. Айкан да туугандардын арасында жоолук салып, ыйлап олтурду.
Ырас, биринчи барганда эч кимисин тааныган жок. Качан гана “Мен чоң атаңдын карындашы болом, атым Сарылкан, тиги болсо чоң энеңдин сиңдиси – Күлүйпа, тиги ордунан тура албай, буту ооруган аял чоң атаң менен энелеш тууганы”, -деп Сарылкан кемпир тааныштыргандагана кээ бир аялдарды эстеп калса, кээ бири эсинде деле калган жок. Бирок, анын көңүлүн чөгөргөн, маанайын түшүргөн сөздөр апасы тууралуу болду. Отургандардын бири: “Ии, бул Саадаттын кызы го?! Саадат өзү эмине
келбептир, коркуп кеткен го, баягыдай таламайга алат деп, шаардык өлүк тиригиңди көрөйүн десе. Кайын эне деп кайын энени караган жок, кайын ата деп кайын атаны караган жок, мына өлүп тынышты. Эми жүрө берсин, тайраңдап. Өзү эжем билген ушул шаардык болгон жексурду балама алып бербейм деп, анау Захиданы алса, куп гана колунан ысык чай ичип, бул дүйнөдөн ыраазы болуп өтмөк”, - деди жаман көзү менен Айканды карап. Айкан ал аялдын алдында алсыз болуп, же апасын актай
албай же сөздүн төркүнүн түшүнө албай, өзүн жаман
сезип кетти. Антип олтурса, дагы бир келин ошол аялдын сөзүн коштоп: “Ооба, ал келин теги кыйын экен. Баланы ой-боюна койбой сүйдүрүп, шаардан келгис кылды. Ал каргышка калган келин. Көрөсүз го, жарыбайт ал келин. Мейли, кайын энесин жаман көрүптүр, кайын атасынан кабар алып турса болбойт беле? Ал киши келинге не жамандык кылды?”- дейт. Мындай сөздөр Айкандын жүрөгүн оорутуп, бул таарынычтын түбү эмнеде экенин билбей башы катат. Чоң атасынын бейшембилиги өткөндөн кийин, атасы менен үйгө сапар тартышат. Үйгө келишкенде апасы жумушта экен. Айкан атасына чай демдеп, анан бөлмөсүнө кирип уктап калат. Канча
уктаганын билбейт, атасы менен апасынын кыйкырышып жатканынан улам ойгонуп, сыртка чыгат. Атасы албууттанып апасына:
- Сен мага көңүл айткыч болуп калдыңбы эми, Саадат! Түштөн кийин сүйлөбөй эле кой мага! Сен менин ата-энем тирүү кезинде бир пиала чай кайнатып бердиңби? Мен сени деп шаарга келдим. Сен мага эмне кылдың? Ата- энемден ажыраттың, тууган-уруктан бөлдүң!-деп кыйыкырып жатыптыр.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев