Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Бүгүн бир кызыктай күн болду. Бирок эмне үчүн экенин билбейм. Мындай карасаң жумушумда баары жакшы, эч ким менен урушкан жокмун, машинам бузулбады, курсагым ток. Жок, бир бир нерсе жетишпей жатат.
Кечинде достор менен кафеге бардык. Менден башкасынын баары күлүп-жайнап отурушту. А мен ичимен тынчсызданып, эмне жетишпей жатканын таппай жаттым. Кече ортолоп калганда, “кой бара берейинчи” деп коштошпой чыгып кеттим. Үйгө келип чечинбей диванга куладым. Ошол бойдон уктап калыпмын.
Эртең менен турсам кечеги тынчсыздануу кайдадыр жоголуп кетиптир. “Ураа!” деп сүйүнгүчө, анын ордун жалгыздык ээлей калды. Жалгыздык тынчсыздануудан дагы жаман экен. Өзүмдү эч