Вирустуу гепатит
— боорду жабыркатуучу катуу кармаган жугуштуу дарт.Ушул убакта оорунун: А, В, С, D, E жана толук ачыла элек J түрлөрү белгилүү.
А түрү (Боткин оорусу) бул көбүнчө жаш балдарда кезигет. Оорунун козгогучу дени соо кишиге вирус менен булганган тамак-аш, оюнчук, сүлгү, идиш-аяк, жуулбаган кир кол, чымын-чиркей аркылуу;Жана убагында даарыласа толугу менен айыгып кетет.
В түрү кан сары суу гепатити медициналык аспаптарды чала стерилдөөдөн жугат. Бул оору өнөкөт болуп, дайыма диетада, дарыгердин көзөмөлүндө болуусу керек.
С түрү кан аркылуу, медициналык аспаптардан жана жыныстык жол менен жугат. Убагында даарыланбай жүро берсе боордун циррозуна алып келет.
Вирус организмге жуккандан кийин 3—6 жумага, кээде 1 жылга чейин оорунун белгиси байкалбайт (инкубациялык мезгил).
Белгилери:
Оору башталганда адамдын алы кетип, тез чарчайт. Тамакка табити тартпайт, ооздун ичи ачуу даамданып, зарна болот, кекирет, окшуп кусат. Ичи ооруп, өтүшү мүмкүн. Кээде баш ооруп, чүчкүрүп, мурун бүтүп жөтөлөт, булчуңдар, муундар ооруйт, эт ысыйт (кээде температура 39—40°ка көтөрүлөт). Зааранын өңү пиво же коюу чайга окшоп, заңы бозоруп, агыш тартат. Андан кийин көздүн агы, дене саргаят. Кээде оору билинбей жалпы абалы бир аз начарлап, денеси саргайбай өтөт. Оорулуу өзүн оору деп сезбегендиктен врачка убагында кайрылбай, тегерегиндегилерге ооруну таратат.
Мындай учурда оору күчөп кетип, көпкө созулушу жана кабылдоого алып келиши мүмкүн. Дарылоо ооруканада врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Убагында ооруканага жатып, врачтын көрсөтмөлөрүн аткаруу оорулуунун жакшы болуп, айыгып кетүүсүнө түрткү берет. Ооруп айыккан адам 6—12 ай режимди туура сактап, убагы менен сапаттуу тамактануусу зарыл. Сүт азыктарын, жашылча, жемиш, майсыз эт, балык, минералдуудуу суу берүү сунуш кылынат. Оор жумуш жасоого, спорт оюндары менен машыгууга, суукка урунууга, күнгө күйүүгө болбойт. Спирт ичимдиктерин, куурулган, өткүр тамактарды, майлуу эт, консерва азыктарын, шоколад жешке болбойт. Эгерде режимди туура, так сактабаса оору кабылдап, боордун циррозуна айланып кетүүсү мүмкүн: 2 жылга чейин врачтын көзөмөлүндө болуп, жеңил жумушта иштөөсү талапка ылайык.Алдын алуу.
Оорунун алдын алууда оорулууну тезинен ооруканага жеткирип, ал жаткан бөлмөгө дезинфекция жүргүзүлөт; оорулуу менен бирге болгондор 45 күнгө чейин медициналык көзөмөлдө болот. Балдарга гамма-глобулин куюлат. Өздүк гигиенаны сактап, донорлорду жакшылап текшерүү, медициналык аспаптарды абдан стерилдөө талапка ылайык.
Боор (лат. jecur, jecor, др.-греч. ἧπαρ) — тамак сиңирүүчү эң чоң без; салмагы 1,5 кгдай. Бул ар түрдүү функция аткаруучу татаал түзүлүштөгү орган. Боор зат алмашуу процессине, организм үчүн зыяндуу заттарды зыянсыздандырууга катышат; боордо кан белоктору (альбуминдер, глобулиндер, кан уюунун көпчүлүк фактору) иштелип чыгат. Андан сырткары боор майларды сиңирүүгө жардам берүүчү өт иштеп чыгат. Боор ич көңдөйүнүн жогорку бөлүгүндө, оң жак кабыргалардын астында жайгашат, үстүңкү жана астыңкы бети, алдыңкы жана арткы чети болот.
Үстүңкү бети төмпөк болуп, боор этке, астыңкы жагы ички органдарга жанаша жатат. Боор оң (чоң) жана сол (кичине) болуп эки бөлүккө бөлүнөт. Астыңкы бетинде боорго кан тамырлар жана нервдер кирүүчү, лимфа тамырлары менен өт жолдору чыгуучу боор дарбазасы, ошондой эле өт баштыкчасы жайгашат. Боордун бөлүкчөлөрү боор клеткаларынан жана кан тамыр капиллярларынан турат. Боор бөлүкчөлөрүнүн борборунда борбордук вена жайгашат. Капилляр кандагы заттарды сиңирүүгө, бактерияларды, кызыл кан денечесинин калдыгын, май тамчыларын кармап жана эритүүгө жөндөмдүү. Өт бөлүп чыгаруучу боор клеткаларынын арасында өт капиллярлары жайгашкан.
Боор бөлүкчөлөрүнүн ортосундагы туташтырма тканынан артерия, вена, өт жолу, нервдер жана лимфа тамырлары өтөт. Боор артериясы аркылуу боордо артерия каны, ал эми дарбаза венасы аркылуу вена каны жүрөт. Кан жүрүүчү капилляр аркылуу кан боордун бөлүкчөлөрүнөн өтүп, борбордук венага чогулат, андан боор төмөнкү көңдөй венага баруучу боор венасына куюлат.
Боордун циррозу — боор клеткалары өлүп, анын ордуна бара-бара туташтырма ткань жайылып өсүп, боордун түзүлүшү жана функциясынын бузулушу менен мүнөздөлгөн өнөкөт оору.
Дартын себептери:
Вирустуу гепатит менен ооруганда, айрыкча догдурга өз убагында кайрылбай, дарылоо кеч башталса, догдурдун көрсөтмөсүн бузганда, туура эмес тамактанууда болушу мүмкүн. Көбүнчө боордун цирриозу менен алкоголь ичкиликтерин ичкен кишилер көп ооруйт (к. Өнөкөт аракечтик). Боорго зыян келтирүүчү уу заттардын (хлороформ, мышьяк, фосфор жана башка) организмге таасир этиши, кээ бир дарыларды (антибиотиктер, сульфаниламиддер) контролсуз ичүү, өт жолдорунун бүтөлүп калуусу, алардын сезгениши да боор циррозуна алып келет.
Дарты аныктоо:
Белгилери оорунун формасына, стадиясына жараша ар кандай болот; көп жылдар бою оору кишиге сезилбейт, текшергенде гана боордун катуу тартып чоңоюшу жана башка байкалат. Дарт күчөгөн кезде оорулуунун алы кетип, арыктайт, денеси ысыйт жана саргаят, ич көңдөйүнө суу толгондуктан ич чоңоёт. Анын өтө оор кабылдоолорунда кызыл өңгөч менен карын веналарынан кан агат, эстен танат.
Дарылоо:
Боор циррозун дарылоо узакка созулат, күчөп кармаган кезде сөзсүз ооруканада дарылануу зарыл. Догдур сунуш кылган дары-дармек менен катар майы жана тузу аз, витаминдүү тамак ичүү зор мааниге ээ. Сүт азыктарын, кайнап бышкан эт, балык, жашылча-жемиштер, ширелер сунуш кылышат. Оору күчөгөн кезде оорулууга тынч шарт түзүү керек.
Боор циррозун алдын алууга вирустуу гепатиттен сактануу, туура тамактануу, алкоголь ичимдиктерин ичпөө, оор ооруларын өз убагында туура дарылоо зарыл. Азыркы убакта боорду алмаштыруу менен да толук айыгуу мүмкүнчүлүгү бар.
Американская компания ФЛП сиздерге таза продукция тартулайт
ГЕЛЬ АЛОЭ 3 банки
ЧАЙ АЛОЭ
АБСОРБЕНТ С
ПОЛЯ ЗЕЛЕНИ
КИДЗ
НАТУРМИН
ПЫЛЬЦА
Ватсапп:0706533777
#боороорулары #гепатит #церрозпечени #алоэвераош #алоэверабишкек #москвадагыкыргыздарүчүн
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1