Бронхторго инфекция мурун, кекиртектен, кыскасы, ооз көңдөйүнөн өтүп кетет. Кичинелерге караганда чоң адамдардын көкүрөк клеткалары жакшы өнүккөн. Бронх жолдору кененирээк. Анан дагы чоң адамдар какырып үйрөнүшкөндүктөн бронхторундагы какырыктар оңой чыгып кетет. Бул оорунун татаалдашып кетүүсүнүн кандайдыр бир деңгээлде алдын алып турат. Бронхтордогу инфекциялык процесстин өнүгүшүн төмөнкү факторлор шарттайт: а) бронхтордун былжырынын бузулушу. Бул аба менен ооз, мурунга көп учурда чаңдын, ыш-көөнүн, цементтин, көмүрдүн ыпырындысынын, күлдүн кирип кетүүсүнөн болот. Дамамат тамеки чеккендер чекпегендерге караганда бронхит менен 3 эсе көп оорушат.
Былжырдын сезгенген жеринде чыкпай калган какырыкта микробдор көбөйөт. Иммунитет алсыз болсо оору бат өнүгөт. Иммунитеттин төмөндөшүнө оорулар, чарчоо, стресстер, суукка урунуу, жакшы тамактанбоо жана башкалар себепкер болот.
Бронхиттин башкы белгиси – жөтөл (башында кургак, кийин какырыктуу). Какырык адатта түссүз жана ак-боз түстө болот. Эгер какырык сары же жашыл түстө болсо, анда вирустуу инфекцияга бактериалдык инфекциянын да кошулуп кеткени.
Эгер бронхит грипптин өтүшүп кеткенинен жаралса, анда дене табы 40 градуска дейре көтөрүлөт. Бронхиттин белгилерине шалдыроо, уйкусуроо, тамакка табиттин начарлашы да кирет.
Эгер бронхитти дарылабаса оору узарып, өнөкөт түргө өтөт. Өнөкөт түрүндө жөтөл улам-улам кармай берип адамды абдан кыйнайт.
Жаан-чачындуу аба ырайында какырык көбөйөт.
Өнөкөт бронхитте сезгенүү дайыма тургандыктан анда микробдор да сакталып турат. Микробдор көбөйгөндө оору курчуйт. Бронхитти толук дарылабаса пневмонияга (өпкөнүн сезгениши) өтүп кетет. Дарыланбаса өмүргө коркунуч келет. Бат-бат кармаган бронхит жүрүп отуруп бронхиалдык астмага өтүп кетүүсү менен да коркунучтуу.
Демек, ооруну убагында химиясыз дары-дармексиз айыктырууга аракет кылуу керек. Алоэ компаниясынын сиробу жана аары прополису кошулган табелкалар жардамга келет..
Сурап билуу учун телефон вотсап
+996706533777
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев