Предыдущая публикация
Күйбөсөм дейм алоосуна жалындын.
Мастай болуп бул жашоодо көп ирет,
Махабаттын сыноосуна кабылдым.
Токто жүрөк сезимдерди катып тур,
Толкундабай көңүлүңдү ачып тур.
Ашыктыктын азаптарын баштабай,
Азырынча паузаңды басып тур.
Токто жүрөк, токто сүйбө эч кимди,
Көргүм келбейт азап тарткан мезгилди.
Ансыз деле аз жашаган өмүрдө,
Кайран жүрөк канча жолу эзилди.
Оба токто алданбаган баладай,
Оргуштурбай турам сүйүү каалабай.
Убадасы ашыктыктын бузулуп,
Учурунда кеткен бирөө баалабай.
21.05.21
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев