Алсыратып сезимдердин нугун бурат.
Сагыныч армандарда куурчап мени.
Мееримиң Апакебай жетпей турат.
Ачкамын азыр мына мееримиңе,
Ээркелеп күлүп карайм эми кимге ?
Балалык сезимдерда өттү-кетти,
Балкыган кубанычтуу көз ирмемде.
Каралдым сагынычым сенсиң Апа,
Жашоодон көп түңүлүп болдум капа.
Мееримиң суу сыяктуу керек мага,
Жан дүйнөм алсырап турган тапта.
Көөнөрбөс көкүрөгүм өксүп ыйлайт,
Бук болуп карегимда жашы тынбайт.
Буйрулуп берген тагдыр бул сыноодо,
Армандуу муңга толгон жүрөк чыдайт.
Санаа тартпа Апакебай жакшы балаң,
Болгону болуп калдың бүткүс арман
Түбөлүк бейишиңден орун бер деп,
ЖАРАТКАНГА күндүр түндүр дуба кылам.
Кайгырсамда келбейсиң билем аны,
Мекениң болсо экен бейиш жайы.
Аллахым буюруп берип мага дагы,
Биз жоолуккан жер болсо экен бейиш багы.
🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻
23.05.21......
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев