Жыл өткөн сайын ызы чуудан оолак болуп, жан дүйнөңдүн тынчтыгын каалап, тынч жашоону эңсеп калат турбайбызбы! Ананчы! Жаштыктын курч, өрт мезгилин акырындык менен басып өтүп, жашоонун башка чоң этабынына баратканыбыз айтпасак да байкалуу.
Кармаганды коё бербей, тиштегенди үзүп анан жайына койгон, керек учурда өзүңө өзүң туруп берген, эч кимге тепсенди кылбай, баа-баркың үчүн күрөшкөн өрт куракты кечирдим.
"Өзүңдү бас! Баары артта калды. Токтон эми! " - деген дабыш көкүрөгүмдөн үн катат.
Учурунда созолонуп, күлүмсүрөп, сөз кайтармак түгүл, уккан сөзүңдөн маани-маңызын кийин түшүнүп, "Каап! Ушинтип жооп бергенимде болсок беле" деп эрин тиштеп калган боёо курагым
Кезектеги эмгегим.
Сүйүүнүн ханышасы
Көз саламын көп арасын,
Жалт көрүнүп сен нур чачасың.
Ак сүйүүңдү көп жашырбагын,
Айтып турат сенин көз карашың.
КАЙЫРМА
Жаздын жарык таңындай,
Маанайың ачык, карындашым ай.
Сүйүү сендей сезилет,
Сүйүүнүн сен ханышасындай.
Сенден алыс кеталбай,
Ансайын сага ашыгамын ай.
Сенден сүйүү тараган,
Сүйүүнүн сен ханышасындай.
2)
Сөз табалбай сүр жамынып,
Сыр сезимимди жашырамын.
Көз карашың көргөн сайын,
Карындашым, сага айталбаймын.
Жакын барамын,
Оттой жанамын.
Жаным, сага ашыгамын.
Сүйкүм карашың,
Мага жагасың,
Жаным менин ханышамсың.
01.12.2023 10:23
Сөзү: Гулзат Кудайбердиева
Обону: М.Мадумаров
Аткарган: Топчу Оторбаев