Предыдущая публикация
Ошол бир күн биз жок бирок баары бар,
Дарак, гүлдөр, жаңы туулган жаныбар.
Мен жок, сен жок бирок улайт жашоону,
Ээлеп ордун артындагы жаңылар.
Кезек күткөн кассадагы тизмектей
Биз жок күндөр жакындашпай тургула.
Мен жокмун го, деп көп жерден издетпей,
Мен бар күнгө узак кезек тургула!
Мен жок күндөр шашылбастан күтө тур,
Мени издеген адамдарга жолугам,
Жакшылар көп эргүү берген өмүргө,
Ошолордун кармайынчы колунан.
Биз жок күндөр келбегиле биз жакка,
Биз бар күндөр бизди кылат бактылуу.
Максат, сүйүү, алоолонгон гүл бакча,
Бизде жашайт жада калса жактыруу!
Эльвира Мейманова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1