Чатак чыкты, чак түш эле мезгилде,
Чаап алчудай "ажал' келди бир үйгө.
Анда олтурат,"байлык", "сүйүү', "ырыскы',
"Өмүрдү" да ала келген ээрчите...
Буга чейин тартышуулар токтобой,
Достошуусу булардын эч окшобой.
Акырында мелдешүүнү чечишти.
Түбөлүккө ким жашайт деп "жок болбой"
"Үмүт" келди шашып чууркап аптыга,
"Сүйүү" анда күлүп ийди жактыра,
"Ырыскы" да тура калды ордунан..
"Байлык" дагы карап турду жакшына.
Чыдамдары кетип турду "ажалдын",
Көрсөтөм, деп түйүп алып кабагын..
Мелдешүүдө өйдө көздөй жип менен..
Эң үстүнө чыгуу эле дарактын...
Дарак бийик, асман тирейт чокусу,
Бардыгынын анык эле коркуусу.
Шашып кетип анда "өмүр" мындай дейт
Жан ширин да, болоюнчу төртүнчү..
Кезектерди бөлүп алып аныктап,
Тизилишти араларын карыштап.
Биринчиден болуп туруп "ырыскы",
Жөнөп кетти жипти кармап арыштап..
Таңыркашты баары асманга карашып,
Суусай түштү эриндери кабарсып.
Жип кармоого алы келбей кол уюп..
Кулап түштү, ортосунда баратып...
Кезектердин экинчиси "сүйүүдө",
Шымаланды билектерин түрүнө.
Эмнегедир коркуп турду жалгыздан,
Жан шериги калган эле үйүндө..
Колдоп турчу түгөйү жок жанында,
Алсыз эле "сүйүү" байкуш чынында..
А дегенде көпкө деле узабай,
Кулап түштү, "ырыскынын" жанына...
Кезектердин үчүнчүсү "байлыкта.."
Көлөмү чоң, толуктугу айып да.
Кара терге түштү, чыгып баратып,
Көп узабайт, жеңилээри анык да..
Коркуп турган "өмүр" байкуш титиреп,
Келме айтып алды ичинен күбүрөп.
Жипке тийбей калчылдаса буттары,
"Ажал" аны карап турду күлмүңдөп.
Болгон күчкө салып тартып арканды,
Башы айланып боюн төмөн таштады.
"Үмүт"байкуш чебелектеп тезинен..
Тазалады жерде турган таштарды...
Эми кезек жетти окшойт "үмүткө",
Баары аны карап турду күйүттө...
Ишенебиз жалгыз сага дегендей,
Колдоп жатты баары аны бирдикте..
Кайран "үмүт" катуу кармап арканды,
Эң биринчи кадамдарын таштады..
Үзүлбөгөн " үмүттөрү" жетелей..
Коркуу дагы, чарчоо дагы таркады..
Сен да азыр досторуңдай кулайсың,
Жаның ооруйт бирок ага чыдайсың.
Жүлүнүңдү үзүп алчу кез келет
Баарың менден убакытты сурайсың...
Кыйынсынды " ажал" катуу сүйлөнүп,
Коркуп турду баары андан бүйдөлүп.
Ана күтөт, мына күтөт "үмүттү.."
Түшпөгөн соң, катуу алды жинденип..
Чыдам кетип ары- бери басканга,
Жөнөп кетти чап жармашып арканга.
Эчаак эле үмүт жетип чокуга,
Даярданып калды эле кайтканга..
Ажал келе жаткандыгын байкады,
Ойго чөмдү, ал аркага кайтпады.
Эми жетип келээринде жанына,
Чечип салды байлап турган арканды..
Жерге түшпөй кармап калып бутакты,
Мурунуна чыгып турду ызаасы...
Душман болуп бардыгына тиш кайрып..
Чыккандарга жайып тосту кучакты.
Узун аркан биздин өмур жол экен,
Кээ бирөөнүн пешенеси шор экен.
Жарым жолдон жолугушуп ажалга,
Оо дүйнөгө кеткендери көп экен..
Кыйындыкта жан дүйнөңдү кейитпе,
Капаланба, кайгырбагын, терикпе,
Колду сунуп, баш көтөрүп умтулгун..
Ал анткени жашайт "үмүт" бийикте...
Анык болуп бул табышмак бүдөмүк,
Үзүлбөгөн "үмүт" өлбөйт, билелик..
Арабызда канча убакыт болсо да.
Жалгыз гана жашайт "үмүт"түбөлүк...
Мейманова Эльвира..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 253