(Уландысы)
Таштан ташка уруна гүңгүрөнгөн түнкү суунун үнүнөн кандайдыр бир сыр, сүр, жан дүйнөңдү тынчтандырган жоошутуу сезилет.
"Айыл" десе эле чаңдуу боз топурак жолдор, каапкара болуп жүздөрү шамалга тотуккан, малдан башка ээч нерсе менен иши жок адамдар, эч бүтпөгөн түйшүктөрдү гана элестетип жүргөн болсом, эми айылга болгон сүйүүм күндөн күнгө артып, байлана баштадым. Кичи пейил, куулук- шумдук менен иши жок ток пейил адамдар, кадимки эле асфальт жолдор, хлорсуз тунук, даамдуу суулар, таза аба, деги койчу баардык жагы менен мени өзүнө тартып бара жатты.
Салам, кандайсыз, чоочубаңыз э? Какшыктай учурашып чымчый сүйлөп менин күткөн "коногум" келди.
Салам, бүгүн тартиптүүсүң го өзүңчө эле, же түшүңдөн чочудуңбу? Тартынбастан жанаша олтуруп, башымдан ылдый сынай тиктеди. Айдын жарыгында узун кирпиктеринде шүүдүрүм сымал жылтылдаган тамчыларды көрүп таң кала, кадала тиктеп калганымды өзүм да байкабапмын, ауу... Манжаларын көз алдыма шыкылдаткан сырдуу коногум сууланышкан кирпиктеринин арасынан нурун чача жылмайып туруптур. Уяла түшкөнүм менен буйдалбастан, сен табышмактуу экенсиң дедим, мм...
Эмне коркуп жатасыңбы менден? Жок ай, билбейм бирок сени бир нерсе тынчсыздандыргандай,
Нурии! Коңшу үйдөн чыккан бул үндөн сырдуу коногум ыргып тура калды да, кайра эле олтура калып, "жашыын" деди эңкейе шыбырап, эмнеге? Дедим эч нерсе түшүнбөй, Нурии!... Аялдын үнү кайрадан "чаңк" этти түнкү тынчтыкты буза, жашшынчы ээ, желкемден баса, өзү да чөгөлөп артыбыздагы дүпүйө өскөн жүгөрүлөргө карай башын шилтеп ишарат кылды, эч нерсени түшүнбөсөм да аргасыз баш ийип, экөөбүз жөрмөлөй жүгөрүлөрдү аралай жашындык.
Ким бул? Чүшшь... Сен эмне уурусуңбу? Жапчы... Оозумду алаканы менен жаба көздөрү алайган "сырдуу коногум" мени бир топ ойго салды. Сениби шашпа, үйгө келеерсиң, башыма бүткөн балее болдуң го.
Өзү менен өзү сүйлөшө, коркутуп үркүтүп, каалгасын тарс жаап кирип кеткени угулуп турду. Апаңбы?... Ишиң эмне каччы нары. Мени жыга түртүп суунун жээгине барып, адатынча эки тизесин кучактай олтуруп калды. Менин жыга түрткөнүнө жиним келип, ызааланмак тургай, жаш кызды аяп, жүрөгүм ооруп турду.
Эч нерсе сүйлөбөстөн жанына барып отурдум да аны туурай эки тиземди кучактап, ага карадым, бир аз үнсүз олтурду да, мени карап бырс күлдү, аны туурап мен да жасалма күлдүм. Кылыгыма жини келип тилин бултуйткан анын кебетеси чыны менен эрке, жаш баланы элестетип турду. Анын бакырайган көздөрү, узун кирпиктери, апакай жүзү, бала кыялы мени арбап алгандай, тигиле тиктеп оурганымды даагы байкабай калдым.
Автор Бердимуратова Айжамал
Поэзия- Ордосу "көркөм -адабий"
коомдук бирикмесинин мүчөсү.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 11