Предыдущая публикация
Тай торпогум бар эле,
Кыя жолдо минчи элем.
Тоодо торпок чапкылап,
Таң калтырчу мен элем.
Тоо тарапка мал айдап,
Торпок минип барчу элем.
Торпок баспай койгондо,
Кызыл камчы салчы элем.
Тай торпогум өр тартат,
Мен кыйкырып кой айдап.
Кулун, тайлар алдымда,
Чуркайт качып чарчатат.
Жоош эстүү торпогум,
Мени жакшы колдодуң.
Баскым келбей калганда,
Мине калып ойнодум.
Кеч келгенде жем берем,
Торпогума дембе-дем.
Күчтүү болуп чоңойсо,
Улак чабам мен деген.
Эх, торпогум, торпогум,
Хит кыласың сен деген...
Алтынбек Абдырахманов.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев