Предыдущая публикация
-----
Медер туткан,менин сүйкүм балдарым,
Маанайынан жарык чачкан ар дайым.
Сүйкүмдөнүп жүрөгүмдү жылытса,
Кубанганда жаркый түшөт маңдайым.
Келечегим,ааламга жол ачарым,
Үмүт отун жаксам күйүп жанарым.
Бир максаттын,бир чекесин түптөсөм,
Жолум улап,эмгектерим актарым.
Бул жашоодо эч түгөнбөс байлыгым,
Өнүп өссө,бутактуу бул чынарым.
Кызмат кылып,эл журтума кереги,
Тийсе ошондо,агып турган булагым.
Келечектүү,менин сүйкүм балдарым,
Эр жетилгин,кайгы капа тартпагын.
Бул ааламды жарык кылган күн болуп,
Жаркып турсун ар убакта жамалың.
Алтынбек Абдырахманов.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 7