Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Күйөөм эмнеге аялдамадагы келинди караганын билип көзүм жашылданды
Экөөбүз базарга түшкөнбүз. Батир акысынан калган тыйындарды топтоп картошка, макарон, пияз анан май алдык. Чайыбызга жетпей калды. Бир ай кайнак суу ичебиз деп кайгыбызды күлкүгө салып коюп базардан чыктык.
Маршрутка күтүп турсак аялдамага бир келин келди. Кыязы, такси чакырган окшойт. Улам бирөө менен сүйлөшүп даректи айтып жатты. Анчейин деле маани берген эмесмин. Бир маалда күйөөмдүн көзү анда экенин байкадым. Кызгандым. Билгизбедим. Сүйлөсөм жооп берип коет, кайра эле аны карайт. Маршруткабыз келип калды. Түшүп баратып дагы карады.
Үйгө маанайым жок келди. Күйөөм картошка кууруп дасторконго чакырды. Экөөбүз кезектешип там