Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Юридика факультетиндеги сабакта мугалим бир студенттен сурайт:
-Атын ким?
-Аалы.
-Тур көзүмө көрүнбөй чыгып кет.
Экинчи менин сабагыма кирбегин.
Студенттер ооздору ачыла мугалим менен Аалыны тиктеп калышат. Аалы унчукпай ордунан туруп, сыртка чыгып кетет...
Аудиторияда жымжырттык өкүм сүрүп калат. Мугалим ары-бери басып, студенттерди бир сыйра тиктеп чыккандан кийин сурайт:
- Мыйзам эмне үчүн бар?
Студенттер кезектеше жооп беришет. Бирөөсү өлкөдө тартипти орнотуу үчүн дейт, бирөөсү адамдардын укугун коргоо үчүн дейт, бирөөсү мамлекеттин негизин мыйзамдар түзгөнү үчүн дейт.
Мугалим дагы башка жооптор барбы деп сураганда бир студент "Адилеттүүлүк" үчүн дейт. Мугалим бул жоопту айткан окуучуну көрсөтүп:
-Менин уккум келген жооп ушул болчу. Эми силер айткылачы бир аз мурда группалашыңарга адилеттүү мамиле жасадымбы?
Бардык студенттер "жок" деп айтышат.
Мугалим эшикти ачып, каридордо турган Аалыны чакырды. Ага ыраазычылык билдирип, отурууга уруксат берди. Студенттер муну мугалимдин атайын кылганын түшүнүштү.
Мугалим сөзүн улады:
- Силер адилетсиздикке күбө болуп туруп эмне үчүн унчукпадыңар?Себебин сурабадыңар?
Досуңардын укугун коргободуңар?Унутпагыла!
"Адилетсиздикти көрүп туруп,ага көз жумуу - абийирди жоготуу менен барабар".
6 комментариев
20 классов
207 комментариев
68 классов
Бейтаныш сүйгөнүмө кат
Салам, менин белгисиз сүйүүм. Сенин жүзүңдү көрбөсөм да, үнүңдү укпасам да, жүрөгүм сенин бар экениңди сезет. Кайда экениңди, эмне менен алектенип жүргөнүңдү билбейм, бирок күндөрдүн биринде жолдорубуз кесилишерин жүрөгүм менен туйам.
Балким, сен да мен жөнүндө ойлонуп, бейтааныш бирөө сени күтүп жүргөнүн сезип жаткандырсың. Балким, тагдыр бизди кандайдыр бир кызыктай жолдор менен жакындатып жаткандыр… Мен сенин бар экениңе ишенем. Бир күнү сенин көздөрүңө тик карап, ушул катта жазылган нерселерди айтам.
Ага чейин аман бол, жүрөгүңдү таза сакта. Жолугушканча!
38 комментариев
22 класса
👍
99 комментариев
53 класса
Өзүн периште көрсөткөндөн кыздан өлгүчө кач!
32 комментария
35 классов
Түркиялык ишкер Өмер Бей баткендик 22 жаштагы С.Айгүлдүн колун сурап, Баткенге чейин келди. Аймактык кабарчы түрк ишкерин ашык кылган кыз менен таанышты.
Айгүлдүн айтымында, Өмер Бей менен Түркияда иштеп жүргөндө таанышкан. Ал жактан колун сураганда макулдугун берген эмес. Ал оюнан кайтпай Баткенге чейин издеп келип, ага «БМВ» үлгүсүндөгү унаа белек кылып, колун сурады. Бирок, Айгүл кыргызстандык жигитке гана турмушка чыгарын айтып, ага макулдук берген жок. Ата-энеси кой союп, түрк ишкерин 2 күн конок кылып узатты.
Түрк ишкери Түркияда ага арнап 100 млн доллар турган «Айгүл» аттуу кеме жасатып, белек кылган.
65 комментариев
88 классов
Болор бала б ....нан деп бекеринен айтылган эмес
22 комментария
683 класса
Сиздерде да өмүрүндө 100$ кармап көрбөгөн "акылдуу" адам байып кетиш жолдорун үйрөтө береби?