Барактап отурамын
ыр толгон дептеримди,
Саптардан сага жазган алыстап кетпедимби...
А бирок кайрылчы деп, карегиң издегени,
"Карайган" көөдөнүмө
кардай жаап өтпөдүбү!
Убакыт умтулууда
учурдан алга шашып,
"Уйкумдан " ойгоно албайм убайым жээкке ташып.
Угуп кой, себеп барын сезимге бөгөт койгон,
Ал "себеп"жашап жатат тамырдан кан талашып...
Артыма кайрылбасым баарына айдан ачык,
Баары бир ойлор оройт оргуштап ала качып.
Оодарып жан-дүйнөмдү
опуза кылат сүйүү,
Өксүтүп ичтен жалмап , кетилдим болуп жашык...
Бири кем дүйнө ушул... Билгенде кемииримди,
Бир мүнөт оорутпастан бакмакмын көңүлүңдү...
Табаңды кандырбастан , талдайт деп ишенемин,
Табигый мүнөз жеңип , тартынбай төгүлүүмдү...
Арылап ачкан сайын
барагын дептеримдин,
Саптарым саргайыптыр жоготуп аруу демин.
Сага арнап жазган ырлар жадымдан эскирсе да,
Сезээрсиң жүрөгүмдөн эч качан эскирбээрин...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 30
Сизге да ийгилик каалайм.