Өзүмө же өзүм сыйбадым Апа! Качанкы биз түшкөн сүрөттү көрүп, Жан дүйнөм жанчыла кыйрады Апа! Ал кезде бактылуу болгонбуз Апа... Үчөөбүз бир колго толгонбуз Апа... Тагдыр бу, ажырап кетсе да бирок, Экөөбүз дал ошо бойдонбуз Апа... Эки айрым жолдордо тагдырлар Апа, Бир төкпөйт тамчылап жамгырлар Апа. Тамчысын жамгырдын ээрчип жанаша, Же жуулуп кетпеди кайгы-ырлар Апа... Күн батат, эртеси таң атат Апа, Кусалык сагыныч таратат Апа. А бирок, баары бир жүрөктө так бар, Жан дүйнөм таарыныч жаратат Апа… Күн чыгат, тез эле кеч кирет Апа, Сагыныч бул-сезим, эскирет Апа. Кабарым албаган адамдар бир күн эстешээр, а бирок кеч болот Апа... Күнгөйдө күкүктөй күйүктүм Апа, Күлүндөй күбүлдүм күйүттүн Апа… Мээримдүү жансың го, кучагың жайып, Мээримиң менен жылытчы Апа… Бук болуп барам буулугуп, Алыстан турам үн угуп. Кызыкдар дүйнөм өзүнө, Ар күнү ар башка кубулуп…
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев