Анда жанагы аял мыйыгынан күлүп, сылыктык менен: "Жоок мырзам, бул автобус Нух пайгамбардын кемеси сыяктуу. Ага пилдер да эшектер да түшө берет"- деп жооп кайтарат. Атактуу жазуучулардын бири Бернард Шоуго, текеберденген жазуучу: "Мен сенден жакшыраакмын. Анткени сен акча үчүн, байлык үчүн чыгарма жазасың, а мен болсо атак-даңк, кадыр-барк үчүн чыгармаларды жазамын"- дейт. Бернард Шоу: "Ооба,туура айтасың!! Ар ким өзүндө жок нерсени издеп жазат"- деп жооп берет. Башшар бин Бирд деген көзү азиз кишиге, адеби начар бир адам: "Алла Таала кайсы адамдын көзүн сокур кылса, анын ордуна сөзсүз башка бир жакшылык берет дечү эле. Сага Алла Тааладан кандай жакшылык берилди?"- дейт. Башшар: "Сен сыяктуу жагымсыз, өңү суук адамдардын жүзүн көрбөө бактысы берилди"- дейт. Бир көзү азиз адам үйлөнөт. Аялы күндө күйөөсүнүн кулагын кагып: "Эгер сен менин сулуулугумду көргөнүңдө таң калмаксың"- дей берет. Күйөөсү: "Эгер сен чын эле өзүң айткандай сулуу болгонуңда, көзү көргөн эркектер сени мага калтырмак эмес" - дейт. Британиялык семиз министр, арык-тору Бернард Шоуго: "Сени көргөн адам, Британияда тамак-аштын кризиси болуп жатыптыр - деп ойлоп калат"-дейт. Бернард министрге карап: "Сени көргөн адам кризистин эмне себептен болуп жатканын түшүнөт"- дейт. Бир киши бир аялды көрүп ага: "Сен аябай сулуусуң!" - дейт. Аял: "Эгер сенда сулуу болгонуңда сага да ушул сөздү айтмакмын"- дейт. Киши: "Эч нерсе эмес, мен сени алдаган сыяктуу, сен дагы калп эле сулуусуң деп койсоң боло берет"- дейт. Бир аял төрт эшекти алдына салып айдап келе жатса, жанынан өтүп бараткан эки жигит мыскылдап: "Кутман таң эшектердин энеси!" - дегенде, ал аял: "Кутман таң балдарым!" - деп, жооп берип жолун улай берет. Карылыктан бели эңкейип (көрүнүшү жаа сыяктуу болуп) калган киши көчөдө баратса, жаш жигит шылдыңдап: "Жаа канчадан о ата?"- дейт. Абышка: "Алла өмүр берсе, сага да бекер берилет"- дейт. Бир ач көз киши падышанын алдында тамактанат. Анын ач көздүк менен козунун этин жеп жатканын көргөн падыша: "Эмне мынча ач көздөнөсүң, эмне сени козунун энеси сүстү беле?"- дейт. Ач көз киши: "Эмнеге бооруң ооруп жатат, же сени козунун энеси эмизди беле?" - дейт. Апенди эшегин минип, айыл аралап баратса, бир киши: "Сизди эшегиңизден эле тааныйм"- дейт. Апенди: "Ооба, эшектер бири-бирин жакшы тааныйт"- деп жооп кайтарат. Абдишүкүр ажы Нарматов Nasaat.kg nasaat.kg
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев