Немис психотерапевти (түбү Ирандан) Нусрат Пезешкин биринчилерден болуп, айрым сөздөр адамды ооруга чалдыктыраарын аныктап чыккан.
Адамдын өзүнүн руханий абалынан келип чыккан сөздөрү, өзүнүн саламаттыгына да таасир берет.
Канчалык күчтүү болбоңуз бирок оозуңуздан чыккан жаман сөздөрүңүз, өзүңүздүн ден соолугуңузга залакасын тийгизет!
Биз кээ бир учурда ачууланып көп сөздөрдү айтып алабыз. Мындай жек көрүү менен айтылган сөздөр, биздин ички органдарыбызга буйрук иретинде барат.
Мисалы:
• Баары менин мойнумда! Же бүт көйгөйлөр мага келе берет дегенде - остеохондроз оорусу өрчүйт.
• Баарынан тажадым! Же ушунчалык жанга тийди!-деген сөздөн адамдын организминде, ар кандай өсүндүлөр пайда болуп баштайт экен.
• Жаныма катуу тийди! - десе, же ар бир сөздү жүрөккө жакын алган адамдарда - инфаркт көбүрөөк кездешет.
• Ушул көйгөйлөрдөн башым ооруй турган болду деген адамдарда - мигрень дарты көп кездешет экен.
• Канымды ичип бүттүң же канымды ичмей болдуң деп көп сүйлөгөндөр - аз кандуулукка кабылышат экен. (Анемия)
• Чыдамым кетти! Же сабырым түгөндү-дегендер - гипертонияга чалдыгат.
• Уккум келбейт! Же жаагыңды бас мен аны билем деген адамдар - угуу жөндөмүнөн жабыркайт.
• Нервимди козгобо дегендердин көпчүлүгү - депрессия менен жашап калышат.
• Эч жакшы күн көрбөс болдум! Мен кубана турган күн болобу деги дегендер - боор, өт ооруларына дуушар болуп, ашыкча семиздикке чалдыгып калышат.
• Өзүн өзү жеп, сыгыла берген адамдар көбүрөөк жара ооруларына чалдыгат.
• Өлгүдөй чарчадым! Же жашоодон тажадым деген адамдар - бөйрөк оорулары менен жабыркайт.
Андыктан ар дайым айтып жаткан сөздөргө маани бериңиз. Анткени адамдын организимин айтылган сөздөр кошо башкарат.
Пайгамбарыбыз айткан хадисте: " Кимде ким Аллахга жана Акырет күнүнө ишенсе, жакшы сөздү гана сүйлөсүн же унчукпай койгону жакшыраак"-деп келет.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев