8 - БӨЛҮМ
Таң-ата бөлмөгө кирип бир азга отура калган кыз сырттагы ызы чуу шаң менен коштолгон ыр, күлкү менен биргеликте эарыша ичишкен ачуу ичимдиктин жытынан көңүлү айный, кулагын жаюа бир азга отура кетти. Үстү башындагы кийимдери өзүнө жарашпай кийгиси келбей турганы менен айла жок. Эми гана бойго жетилип, эми гана көркүнө чыгып келе жаткан кызды көкүрөгүнө суктана карашып, тийише өтүшүп, ал тургай сөз салып, күнүмдүк кардар катары да көрүп сүйлөп, чоң суммадагы акча сунуштап, кадимки сойкулук мамиле кылуусуна чакырган атасындай эркектерге көөнү айный түшкөн.
Азыр да дал ошолордон бир аз кутулуу максатында бул бөлмөгө кирип отура калганы бар.
Чарчаганы муңайыңкы жүзүнөн көрүнүп турат. Көздөрү үлбүрөп, түнү менен уйку көрбөй тикесинен тик тура, тиги отурган чет өлкөлүк кардарларды тейледи. Алардын ичимдигин ташыйт, тамагын алып келет айткан буйругун жасайт. Жанында жандаган сулуу кыздары да бар. Рамис айткан жумуш бир гана ошол жумуш.
— Бул азыр кыз бала! Сенин жумушуң бир гана кардарларды тейлөө. Эч'кандай интимдик кызмат көрсөтүүсүз деген.
Дагы Кудайга шүгүр эч кимге денесин уйпалата элегине, бой жеткенче ушул жерден кутулуп кетүүсүнө Кудайдан үмүтү чоң.
Ушул ойлорду ойлоп акырын үстү башын карап алып, кайра бөлмөдөн чыгып жанагы музыка чыгып жаткан чоң залды көздөй басты.
Көк түтүн аралашып түрлүү ичимдиктердин жыты мурун өйдө өрдөп, Алинанын көңүлүн айлантып жиберди.
Айла жок ичинен жийиркенип турса дагы, кызмат көрсөтпөсө кийин айтканын аткарбаганы үчүн таяк жеши анык. Анысы аз келгенсип бир күн ачка койушат. Ушуларды ойлой, адатынча колуна кагазын алып, жанатан ылжып мас боло, өзүнө карап чакырып жаткан кытай улутундагы кардарга карай басты.
— Кызмат? Чакырдыңызбы?
—Ооо кандай периште бул? Мейли ооба чакырдым. Бизге мынандан дагы алып кел.
Жанатан түтөтүп отурган чоң кара тамекисин , анан ичилип бүтүп, аягына чыгып калган ачуу ичимдиктин шишесин көрсөттү.
Сыягы көптөн бери булар менен чогуу болсо керек, айтор тиги кытай кыргыэча суудай сүйлөп турду.
Башын араң ийкеген кыз ары жактан барып, сураган нерсесин ала, кайра көтөрүп келип үстөл үстүнө койо берип эми кетмекчи болгондо тиги Алинанын колунан тартты.
— Кайда барасын? Мен азырча кет дегеним жок го. Мурунку жолу келгенимде мындай перини көргөнүм жок эле. Хе-хе-хе.
Жанында отурган эки сулуусун жанынан жылдырып, алардын ордуна кызды тартты.
Бүрүшүп денеси титирей түшкөн кыз жерди карай, Кудайдан ичинен миң ирет жалынып алды.
— Оо Кудай куткара көр ушулардан.
Бирок буга тиги көнөбү.... Адатына салып кыздын ичке белинен кармай өэүнө карай тартты.
— Мен -мен жөн гана тейлөөчү кызматкер кызмын. Ишиме баруум керек.
Кыз чырылдап сүйлөп алды. Тиги! Ага койоор эмес.
Бир убакта артынан чыккан үндөн улам, ага удаа эле кызды бирөө колунан тартып өйдө тургузду.
Бул Рамис эле.
— Менин коногумсун! Бирок конок деген менде бар нерсенин баарына,эгеелик кыла берүү дегени эмес! Бул пепи менин жөн гана тейлөөчү кызматкер кызым. Бул кызга кызыга көрбө! Баары бир сен ойлогондой болбойт! Жаныңда ошончо пери тейлеп отурат. Жетишет ошолор!
— Сен жумушуңа бара берсең болот!
Рамис Алинага карай буйрук бере сүйлөп алды. Алина дароо шашыла башын ийкей, ары көздөй басып кетти. Тиги нанын оозунан алдырган жаш баладан бетер сомсойо түштү да кайра Рамиске бир карап алып сүйлөп алды.
— Жашы жете элек! Эсебим боюнча кеминде он беш, же он -алты жашар кыз экен. А сенин мага сатуучу кыздарың кандай? Он сегизден ашканбы? Жоок алардын арасында да жаша жете элек кыздар бар! Сага суроо... Эмнеге бул кызга өзгөчө карадың Рамис?
Рамис бир саамга унчуккан жок. Тек алдыда турган бир бөтөлкөдөгү ичимдикти куйа, кулкулдатып көтөрүп жиберди.
— Рамис -Рамис... Мейли! Өзүң билесин эми. Бирок кийинки келген убакта албетте бул кызды алып кетем.
Тиги да жөн койоор эмес. Рамис бир саамга унчукпады да кайра ордунан туруп баратып сүйлөп алды.
— Тээ үстүдөгү бөлмөгө чыгып эс ал! Кечинде кыздарды өткөрөбүз! Кетесин!
Рамис ушуларды айтып, жолун улай басып кетти.
***************
Кечееги күн :
Тинатиндин сөзү оозунан түшө, эмне дешин билбей ордунда катты да калды. Амантурдан көзүн албай, кантип айтышын билбей турганы менен бул аянычтуу көз караш, Амантурга баарын айтып бүткөн эле. Кыздын түрүнөн Амантурдун жүрөгү опкоолжуй эмне деген кабар угуусунан өзү коркуп, денеси чыйрыга түштү.
— Эмне болду? Кызым....
Оюна келген биринчи сөз ушул болуп, эриндери титирей ооз учунан араң кыбыр этти.
— Сизге сабыр тилейм! Кызыңыздан айрылып калдык...
Тинатиндин жүзү ылдый көзүнүн жашы жерге кулай тып этип үстөл үстүнө тама түштү. Амантур азыр эле кыз эмне дегенин түшүнө албай, башы чуулдап, кызып да чыкты. Нестей отурган ордунда катып, дендароо боло бир саамга, көзүн жалдыратып отура берди.
— Эмне? Эмне?...
Эми гана Тинатиндин көздөрүндөгү мөлтүр жаштын себебин түшүнө,жүзү бозоруп,эриндери бир сөздү кайталай, үнү калтырап кетти.
— Кызым! Кызым.. Кыз-ыыы-ыыммм
Жо- оо- ок. Жо-оо-оок.
Отурган абалында бүк түшө башын мыкчый тизелеп жер сууну жаңыртып бакырып алды.
Баарына өзүн күнөөлөп,кызынын каза болгонун акылына сыйдыра албай жатты. Сырттан дароо кирип келген үчөө төртөө колунан сүдүрөй ичкери көздөй кирип баратышты.
— Баарыңды жок кылам баарыңды жок кылам! Рами - и - ис -баарыңды!!!
Буту колу кишенделген Амантурду сүйрөй кирип келген үчөө төртөө мусор ыргыткандай өз бөлмөсүнө таштай салышып, эч нерсе болбогондой чыгып кетишти. Амантурдун өкүрүп- бакырганы жер сууну бузуп, ттрмө ичиндеги кылмышкерлер баары,кайгыга шериктештей үн катпай тым тырс боло түшүштү.
Дубалга башын сүзгүлөй,кызынын жалгыз сүрөтүн алып чыгып, өпкүлөп да, өксүп да ыйлап жатты.
— Кантип? Мен акмак! Мен акмак сени коргой албаган...
Башы ооруп, мээси чыңалып кыйнала, мээсине түркүн ойлор келип, кызысыз бүтүн өмүрдүн баары караңгы боло түшкөндөй сезилди.Ананчы?... Жашоодо бир гана үмүт берчүү жарыгы өчүп калбадыбы. Бир ошол кызын куткаруу үчүн, канча убактан бери ушул абактын сыз дубалында күн көрүп, күнү -түнү кызын көрүштөн үмүттүү эле го. Эмичи? Эми гана? Кызы да жок! Эч ким жок жашоосунда! Башына түшкөн кайгыдан ушунча азап чегип жөн эле күнөөсүз бир адам сыздап жатса, кылмышкерлер жөн гана жыргап жатканы өзөгүн өрттөй, ичинде жалын болуп күйүп баратты.
**************
Шашыла сыртка чыккан Тинатиндин абалы начарлай, буттары калтырай түштү. Өмүрүндө мындай абалда болгон эмес эле. Эч качан мындай күнгө, бирөөнүн айдай кызынын өлүмүн угузган күнгө түшөм деп ойлобогон. Унаасына отуруп, шашыла орундукта турган муздак суудан кулкулдата жутуп алды. Заматта эмнелер, кандай окуялар болуп кеткенин түшүнө бербей, каза болгон алсыз кызды эстей буркурап ыйлап жиберди. Өзүн ушул убакта күнөөлүү сезип, ушуга чейин батыраак аракет кылбаганына айыптап унаасынын ичин ургулап, азыркы сыздап, өкүрүп - бакырган Амантурдун аянычту абалы эсинен кетпей, бир аз отурган соң, унаасын ордунан айдай жөнөп баратты.
Өзүн ушул тапта ушунчалык алсыз, күнөөкөр сезип турду. Кипкичинекей алсыз кыздын өлүмүнө өзүнүн да күнөөсү бар сыяктуу , өзүн кечире албастай.
Чооң шаарды аралай кетип бараткан Тинатин бир канча убактан соң, көздөгөн жерине жеткендей унаасын четкерээк жайгаштыра салып, өзү унаадан түшүп, ары жактан турган чоң, ары кооз көпүрө тарапты көздөй басты.
Астынан таза дарыя шарылдап агып турат. Суунун акканы, аны менен бирге соккон таза жел Тинатиндин узун чачтарын жүзүнө жаап, ары бери эрке жел сылап өтөт. Бир аз көңүлүн ачып, алаксууга келгени ушунда. Шаар ичи баарынан кооз көрүнүп, баарынан сулуу болуп турган.
— Эхх өмүр! Ушул кооз шаардын сыртынан тынч, сулуу көрүнгөнүң менен ичинде эмне деген өмүрлөр жатат ээ? Бир өмүр дүйнөгө келсе, бир жап-жаш өмүр дүйнөдөн өттү. Бул тагдырдын бизге жазылган мыйзамы болсо керек ээ? Кана эле колумдан келсе, баарын бактылуу кылмакмын. —Жоок кайда! Азыр гана мен да бирөөнүн өлүмүнө себепкер болдум го. Мен акыйкат үчүн күрөшсөм, мен эртереек аракет кылсам, сурасам, балким...
Ушуларды ойлоп, өзүнүн ушунчалык алсыз экенин сезип, көзүнүн жашы жүзүнөн ылдый төгүлүп, аны жең учу менен аарчып алды. Көз алдына кыйналып араң дем алып жаткан наристе кыздын элеси кайра -кайра көрүнүп жатты.
— Атаке мени кечир! Бала кезде акыйкат үчүн күрөшөм деп, чындык үчүн бар күчүмдү салам деген сөздөрүмдөн чыга албай калганым үчүн кечир! Кызың алсыз экени ушундан билинди.
Атасынын сөзү кулагына жаңырып эсине түшүп жатты.
— Эч качан, эч качан бул жөн гана бей тааныш адам экен деп кыя өткөн туура эмес! Анын чынчыл, туура адам экенин, же жардамга муктаж жан экенин билсең, анда албетте жардам колун соз. Мүмкүндүн болуп турса, бөтөн жанмын деп басып кетпе » -деген сөздөрү кулагына жаңырып жатты.
Эртең Амантурдун соту болоорун эстеп, колунан келишинче жигитке мындан ары да жардам берүүнү ойлоп, кайра унаасына отуруп, үйүн көздөй бет алды.
**************
Кечинде сыртка чыккан Лунара акырын дүкөн тарапка басымыш болуп тээ тиги көчө жакты карап алды. Бул сапар ичүү үчүн, же көңүл ачуу үчүн эмес, жөн гана өзүн куткарган жигитти кароо үчүн чыкты.
Дүкөн тарапка басымыш болуп айлана тегеректи карайт, бирок караңгыдан көрүнө койбос.
Дагы ылдыйлап жөнөп баратты. Бир аз баскан соң көргөн көзүнө ишенбей, ичинен кубанып алды. Ошол үч күндөн бери турган унаа, бүгүн дагы дал ошол ордунда турган.
Лунара жакындап барган сайын ич-ичинен коркунуч баса түшсө да, бирок билдирбөөгө аракет кылды.
— Саламатсызбы?
Лунара тиги жигитке карай акырын жылмайды.
Жигит унаасынын терезесин акырын ачып,кыздын күлгөнүнөн сүрдөй түштү.
— Мен сизге ырахмат дегим келген. Кечее мени сиз үйгө жеткирип койдуңуз да ээ?
Лунара өзүнөн алда канча сүрдөп, жер караган жигитти андан суроо астына алды.
Бирок жигиттен жооп деле болгон жок. Тек гана жаш баладай, үн сөзсүз жер карап уялып алды.
— Сиз абдан жакшы жигит экенсиз. Бул сиздики болсо керек ээ? Кечее үстүмө жаап кетипсиз. Ушуну бергени келдим сизге.
Лунара колундагы жигиттин күрмөсүн бере койду.
Жигит дагы да унчуккан жок! Бирок эмнегедир кызга ичи жылый түштү. Өмүрүндө эч ким, эч бир жан сен жакшы жигитсин деп айткан эмес экен. Уккан сөзүнүн баары, — « сен акмаксын, колуңдан эч нерсе келбейт, сени дагы адам дешеби? Эптеп бирөөнүн калган калгындысы болосун! Өз апасынын болсо, мен сени төрөгүм келген эмес, айтор жашоосунда эмне кыйындык болсо, баарын кипкичинекей наристеден көрүп, сабап жатып калчуу. Ошол себептен өзүнөн коркуп, же өзүнө түз эмес көз карашта карап, же жаман көргөн адамдарын көзүн тазалоону адатка айлантып алган.
Ушундай күндөрдө кулагына жагымдуу угулуп кеткен бул сөз жигитти андан бетер жибитип жиберди. Ошол бала кезинде көчөдөн таап алып, аэ гана күн жанында эне болгон аялды ушул кыз эстетип турду. Ошондон гана мээрим көргөн жигит андан башка эч ким ал аялга окшой албасын билет эле.
— Ушунтип тура беребизби? Менин атым Лунара сиздикичи?
— Б-ББелес..
Араңдан зорго атын айткан Белес мукактана түшүп, бетин жапкан баш кийимин андан бетер баса кийип алды. Белестин уялганы андан бетер Лунаранын көңүлүн көтөрүп жибере, ичинен жылмайып алды да кайра жигитти сөзгө тартты.
— Ты такой милый Белес! Соонун атың бар турбайбы. Таанышканыма кубанычтамын.
Отурууга мүмкүнбү?
Лунара адатына салып жылмайа Белестин жанындагы бош орундукту көрсөттү.
— Мммүмкүн.
Белес унаанын эшигин ачаар замат кыз дароо, отура койду.
— Таак Белес шаар айланып келүүгө кандай карайсын? Кооз жерлерди көрсөтүп келем сага? Боолду эми уяла бербе менден...
Лунара шыпылдай сүйлөй, Белеске күлө карады.
Белес макул деп башын ийкей берди.
— Ууррааа кеттик анда. Каалайсынбы мен сага унааны кандай айдашты үйрөтөм? Я уверенна сен мен айткан кооз жактарды билбейсин...
Белес да макул болуп, жкөө орундугун алмаштырып ала, Лунара унааны каттуу айдай, шаардын ичин кыдырып кетип баратышты.
**************
Үйүнө кеч келген Тинатин үңкүйүп караңгы бөлмөдө курбусу Сезимдин отурганын көрө койду. Дал өзүндөй эле Сезимдин да көздөрү шишип тоодой болгончо ыйлаган эле. Тинатинди көргөн Сезим адатынча дагы буркурап алды.
— Тинаш билбейм чыдай албай жатам! Кыйналып жатам! Ичимден өзүмдү күнөөлүм сезүүдөмүн. Байкушум ай! Каза болуп калды.
Сезим сөзүн аягына чыгара албай ыйлай берди. Акырын курбусун кучактаган Тинатин да муун жүүнү бошой түштү.
— Айла жок! Атасынын жанында элем коңгуроо кылганыңда ал дагы укту. Анын азабын үнүн мен өмүр бою унута албасам керек.
Эртең соту болот. Камалып кетүүсү анык!
Сезим ыйын баса, жалдырай Тинатинге карады.
— Колумдан келгенин жасадым. Эртең акыркы күн! Аракет жасайм! Балким эртең айтаар ким экенин...
Экөө үңкүйүп, үнсүз бир кыйла отурушту....
************
Бүгүнкү таң :
Чөгөлөй башын жерге салып, муштумун аргасыз түйүп отурган Амантурдун бөлмөсүнүн эшига тарс ачыла, жанагы эле жүзү тааныш аял кирип келди.
— Артыңды кара! Бүгүн сени алып кетишет сот отурумуң болот.
Акырын артын карай буту -колуна салынып жаткан темирди карап алды. Үн каткан жок. Тек гана сыртта күтүп турган эки жигитти бир карап алып, узун залды аралай кетип баратты.
Дал ошол калыбында сыртка алып чыгышты. Амантур күндүн көзүн көрбөгөнгө көп болгонуна көздөрү уяла түштү. Бирок анткен менен асман да Амантур сыяктуу бүркөө, кайгы тартып, суз турган.
— Кана отур!
Башын ылдый кылып атайын өзүн алып кетүүгө даярдалган ичинде темир тору бар унаага отургузуша шаардан алып кетүү үчүн келген, төрт эңгезердей болуп, форма кийген жигиттер баштай жолго чыгып жөнөп баратышты.
Шаар ичи уу, дуу боло түшкөн. Соттун чоң имаратын таң атпай ээлеп турган журналистт кабарчылар топтолуп, жамгырдай суроолорун жаадырууга даяр турушат.
*******
Түн менен уйку көрбөгөн Тинатин бүтүн бардык өзү тапкан далилдердин баарын топтоп, Сезимдин берген дарыгердин көрсөтмөсүн да тиркей, тактап жатты. Жок дегенде сот отуруму бир аз убакытка дагы жылып турса деп ойлоп турду. Баарын дачрдап бүткөн соң колуна попкасын көтөрө, унаасына отуруп соттук имараттын алдына келип токтой ичкери көздөй кирип кетти.
**********
Бул учурда Рамистин жигиттери да даярданып, бутунан тырмак учуна чейин куралданыша унааны жарым жолдон тосуу үчүн белгиленген жерде күтүп турушкан.
*********
Желдей сызып катуу бараткан унаа,андан аркасында дагы эки!жеңил унаа ээн жолго келгенде ала салып, эки үч аңтарыла түштү. Туш тарабынан аткылаган октун үндөрү унааны кыйма -чийме тийип учуп жатты.
— Кылмышкерди кармагыла чыгып кетпесин!
Амантур чыккан жайдан бир экөөсү башка жигиттер болгону үчүн экөөнү тең жанында отургандар мээсин чачырата атышты. Эки жеңил унааны болсо Рамистин жигиттери эбак эле тындым кылып бүтүшкөн.
Амантурдун көзү чакчайа түшүп эмне кылуусун билбей, же кайда качаарын билбей үн катпай отура берди.
— Болду - Болду! Бул биз. Токтоткула атышууну!
Тиги экөө унаадан чыгып, темир тордун артында отурган Амантурду карай түш дегендей белги берди. Беркилери да атышууну токтото Амантурду жакадан алып, бириси сүдүрөй түштү.
— Хихи-хихи... Ушул жигитпи айтылуу Амантур ээ? Жанагы кыз ушунун кызы беле, өлгөн кыз? Оо Миша дагы жөн жүрбөйт ээ... Өзүнүн напсисин тыя албай өлүп кете берди байкуш кыз зордогонду ким койду дейм да! Хы-хы-хы!
Амантурду карай бирөөсү акырын жанатан күлүп жатканын түртүп койду.
— Менин айтаар эч нерсем жок! Азыр артымдан милиция кызматкерлери жетип келет. Максатыңар эмне? Аткаргыла!
— Оо эрктүүлүгүнө эмне дейин?! Хы-хы.
Айтпасаң деле тирүү калам деп ойлойсунбу? Прокуроруңдан бери бизге сатылып бүтсө.. Сотко да ишенбе. Анан сен кантип бизге ишендиң я?
— Туура! Мына мисалы мен! Негизи айтайынбы эмне? Кызыңды зордуктаган мен элем! Кийин тиги келесоо мага ишенем деп, кызды үйүнө таштап кой десем таштайм деп барып алып, бөөдө өлүп калды. Акмактар ай ха-ха-ха.
— Ии аны койчу сени түрмөгө тыгып койуп, кызыңды карап отурган охранник мына мен болчумун. Айтайынбы тамырына кандай дары куйдум. Ал тилден калтырат, кийин шал кылат! Барып-барып, кандын баарын мээсине топтоп, андан соң көзүнөн, кулак, ооз мурдунан кан атып чыгып каза болмок! Ээх бирок тиги дарыгер сөрөйлөр байкап калганын кантейин? Жарыма жетеерде токтотуп калышты. Бирок жаш кызга ушул деле кыыйла болду окшойт.
Тигинин айткан сөздөрү жанындагы тургандарды титиретип жибергени менен Амантур баарын угуп, ичинен каны кайнап турганы менен эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп, андан бетер тигинин кыжырына тийип, бир чекитти карап сүйлөп алды.
Жаны кашайган тиги Амантурдун чачынан өйдө тарта кылаңдаган курч бычагын эми Амантурдун мойнуна такады.
— Сен эмне дүлөйсүнбү? Же тилиң жокпу? Түрмөдө дал ошондой дешкен болчу. Мындан үн чыкпайт экен. Жигиттер балким, тилин кесеербиз а?
Тигинин оюну бүтөөр эмес беркиси бир карай тигиге кайрылды.
—Бүгүн кечинде кыздарды өткөрүү керек! Жөн гана өлтүрөбүз да кетебиз. Болду азыр тигилер келип калышат.
Деген менен бирок тиги койоор эмес.
—Сага жактыбы менин жомогум кызың жөнүндө?
Өзүн жалдырай суз көздөрү менен караган Амантур акырын үн катты.
— Мени азыр мүмкүнчүлүгүң барда өлтүр! Эгер тирүү калсам, сенин көлөкөңө айланам, коркунучтуу түш сыяктуу..
Амантурду бир караган тиги ызалуу,ары ачуулуу күлүп алды.
—Ооо... Уктуңарбы... Мына-мынаа өзүнө келип жатат жигит.
Ушул тапта аркы жеңил унаанын ичиндеги жарадар болгон бирөөсү эсине келе, колундагы куралы менен так башка бирөөсүн атып алды.
Ызы чуу түшө жанындагысы мерт кеткен Рамистин балдары элеңдей түшкөн учурда Амантур бирөөсүн жыга сала, куралын алып экинчисин атып үлгүрдү да, өлгөн жигиттин денесин өзүнө тосуп, жеңил унааны көздөй жөнөдү. Туш тараптан аткылаган тигилер Амантур эчак эле жансыз денедеги жаткан өзүнүн колуна салынган кишендин ачкычын алып койгону менен иштери жок эле. Тиги сүйлөп жаткан учурда, Амантур колун аркасына алынып, чөгөлөй отурган абалда чечип да үлгүргөн. Бирок байкатпай ыңгайлуу убакты күтүп турган.
Шашыла унаага жашына айдап жөнөдү кыйма чийме узун жолдо куушкан унаалар биринен, бири өтөт.
Артынан атылган октой жебедей учуп, кайкып тийип унаанын дээрлик бүтүн жери калбай тешилип баратты.
Артынан бара жаткан унаалар бир убакта бирөөсү унаанын бензин куйуучу багына эки үч жолу тарсылдатып атып алды.
Ошону эле күтүп тургандай, Амантур бараткан унаа жарылып, андан соң жалбырттап күйүп баштады. Боз түтүн заматта ээн талааны каптай, асманга чыкты.
— Болду кетүүбүз керек!
Бир аз турган баш кесерлер ичинен эч ким чыкпаганга ишенимдүү болгон соң артын карай жол алышты.
— Эмнеге заматта эле кеттик дегенде укпайсын? Экинчи жолу ушундай жолго барсаң, мээңди чачырата атам.
Жанатан ар нерсени айтып кыйын чыгып жаткан бирөөсүн, бирөөсү жакасынан ала булкуй тартып ачуулу сүйлөп алды. Тигинин көзү жалдырай ооз учунан макул дей үн катпай кетип баратты.
*********
Убакыт өтүп элдин баары чоң залга жыйылышып күтүп отурушту. Арасында Тинатин да бар. Бирок эмнегедир Амантурдан дайын жок! Ичинен бир жамандыкты сезгендей Тинатин тынч ала албай жатты. Убакыт айтылган мөөнөттөн бир канча өтүп кеткен соң тышкарыдан келген кабар элдин баарын уу, дуу түшүрө дүрбөтүп жиберди.
— Амантур Жолдошев качуу аракетинде атышуунун негизинде жардырылып каза болду...
Уландысы бар...
Айзирек Бектенова
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2