9 - БӨЛҮМ
Унаасына отура калган Тинатин ачуусун кайдан чыгарууну билбей, эми кандай айла табаарын билбей отурду.
— Шайтан алгырдыкы десе! Эмне деди тиги, каза болду деп айттыбы? Демек көзүн тазалашты! Бул чындыкты кантип ачыкка чыгарам эми? Кантип табам? Кимдердин колу экенин кантип билем? Демек, Амантурдун көзүн тазалашканга караганда, бул'жерде чооң эле чырмалышкан иш жаткандай... Өзүм барып көрүүм керек!
Ушуларды ойлоп алып, унаасын жүргүзө, каргашалуу окуя болгон жерге көздөй жөнөдү.
Бир канча убакыт жүргөн соң, окуя болгон жерге жакындай берди. Эл топтолуп милиция кызматкерлери, ыкчам жардам көрсөтүү кызматкерлери баары жүрүшкөн экен. Унаасынан түшө акырын элди аралай басты. Үч төрт адам мерт кетип, ары жакта жүздөрү жабылып жатат
— Демек атышуу болгон экен. Ушунун баарын Амантур өзү жасаганына Тинатин ишене койоор эмес.
Тиги күйүп кеткен бирөөсүнүн жүзү башы билинбейт.
— Экспертизага алып барып, ким экенин тактообуз керек! Бул чынында Жолжошевби же такыр башкабы.
Кызматкерлердин бирөө ушундай сүйлөп алды.
Тинатин кууш жолдун туш тарабын карап алды.
— Эгер кууп келе жаткан болсо, артка карай качуусу мүмкүн эмес! Бир гана жол алдыны көздөй!
Эгер ошондой болсо анда....
Тинатин алды көздөй басып бара, бийик,бирок адамды өлтүрө койчуудай деле эмес, топурактан жарды көрүп,бир нерсе оюна кылт эте түштү да, өз ою менен эч ким менен бөлүшүүнү каалабай, жөн гана унаасына отура артты көздөй кетип баратты.
— Мен бул жигиттин өлгөнүнө ишенбейм!
*************
Күн кечтеп, түн акырын өз кулачын кенен жайып келүүдө.
Ушул сырдуу түн, көп нерсени, көп сырды, көз жашты, өзүнө камтып бекем катат.
Бир жандар кенен жатып уйкуга кетишсе, экинчи жандардын азабы дал ушул түнү башталат. Жан сыздатып жумуш жасайт. Кээ бир жандар болсо өз тагдыры үчүн, өз жанын аман-соо калышына жан соогалап, болгон аракетин жушайт. А кээ бирөө болсо бүгүн түнү каза болду. Ушул түнү Белес адатынча дагы бир кыздын жанын кыйып, так күрөгүн көтөрүп бара жаткан учуру. Дал ушул түндө болсо Алина өз тагдыры үчүн күрөшүп, өз абийирине каршы чыгып, же качып кете албай, тиги сасыган кытайдын сөзүн эки кылбай, анын ичимдигин куйуп ьерип, тамекисин түтөтүп, анын ар бир мактоо сөзүнөн жийиркенип, качандыр бир кезде алардан түбөлүк кутууларын эңсей баарына чыдап адатынча буту -бутуна тийбей чуркап жүрөт.
Дал, азыр түндө болсо Сезим каза болгон кыздын колунан бекем кармай, көзүн жаштап, кызды өздөрүндө өлүктөр сакталуучу жайга кийирип, башын жерге салып, үйүнө да барбай ыйлап отурат. Дал азыркы түнү Динара өз кызматына жоопкерчилик сактап, эч нерсени билбей азап тартып, кыйналып араң жаткан кызды кайтарууда. Тинатин болсо көңүлүнө эч нерсе жакпай, чарчоосун басуу үчүн кичинекей эс алуучу жайга кирип көңүлсүз отурса, өз тагдырына нааразы боло, жанында эч кимиси жок, жалгыз тамекисин түтөтө, башынан өткан күндөрүн эстей, таштап кеткен сүйгөнүн эстеп көэүнө жаш алып, дубалга башын жөлөй, Лунара бир бурчта.
Мына бул түн баарынын тагдырын көрүп,баарынын кайгысына, кээ бирөөсүнүн сырларына,күнөөлөрүнө шериктеш.
Жаңы эле жерди казып бүтүп, жаш чырпыктай өмүрдү алып, өз ишинин баарын аягына чыгара, көрүстөндөгү кыздар менен кеп -кеңеш салып, бирде ыйлап, өткөн күндөгү оор, кыйыш күндөрүн эсине түшүрсө, бүтүн аалам баарына күнөөлүүдөй ачуулуу Белести да көрүп, билип, бүткүл түйшүктү ичине сактап отурган ушул түн эмеспи...
**********
Түн бир оокумдан өтүп калган. Элдин баары тынч уйкуда. Балким бүгүнкү болуп өткөн окуялар, угулган жаңылыктар, элди бир аз тынчтандырып, кантсе да зөөкүрдөн кутулдук деп ойлошсо керек. Зөөкүр тирүү кезинде дагы кайдан, кандай кабар уга калабыз деп үрпөйө түшүп коркуп турчуулар эми көңүлдөрү жай ала, уйкуга кетишкен. Бир гана сезим уктабай оорукананын ээн бөлмөсүндө өзүнүн тиргиликтерин жасай жүргөн.
Шырп эткен үндөн улам, чоочуй сырт тарапты жалт карады. Эч ким көрүнбөйт.
Балким жөн гана... Деген ойго жеткирген жок. Эми артын карай бергенде карылуу колдор Сезимди бакырууга үлгүртпөй оозун баса калды. Колунда карманган куралы, кыздын белине кадалды.
— Чүшш.. Унчукпа! Үн чыгарсаң өлөсүн!
Бул сөздөр ары, токтоо, ары коркунучтуу угулду. Көздөрү алайып, эмне дээрин билбеген Сезим макул дегендей башын ийкей, үн чыгарбай дым токтоду.
— Эшикти жап!
Сезим акырын барып бөлмөнүн каалгасын жаба салды.
— Мага жараатыма дары сүртүү керек! Ашыкча кыймыл жасасаң өлөсүн!
— Сезим үн каткан жок! Алдыда турган жигит, тамашалап жаткан жогун билип турду. Акырын дарысын алып чыгып, жигитти карай берип,коркконун жүрөгү оозуна кептеле,көздөрү алая түштү.
Бети башы боз ала топуракка чыланып, кийиминин жарымы канга чыланып, ок тийген колунан кан сызылып агып турган.
Бети- башынын баара кан менен топурак аралашып, кудум эле азыр көрдөн чыгып келгендей эле.
— Бул ошол!
Сезим каза болду деп уккан жана эле каюардаг көрсөтүп жаткан ошол зөөкүр. Андан бетер алдында титирей түштү.
— Бул ошол! Ошол! Кантем эми?... Ошончо жигитти өлтүргөн мен эмне болуп калыпмын буга.
Ичинен дал ушуларды ойлой кетти кыз.
Жигиттин жарадар жерин тазалап таңып баштады. Улам -улам калтырай эмне болуп кетеер экен деп карап алат. Бирок тиги анчалык деле жаман эместей эле. Колундагы куралын да акырын кармай,жанына койуп койду.
— Кызым кай жерде? Мага кызымдын денеси керек!
— Кызыңыз... Тиги...
Эмне дешин билбей, оозунан сөэү түшүп, кошуна турган бөлмө тарапты көздөй көрсөттү.
— Мени алып барасын кызыма! Айтканымды кылсаң, сага жамандык жасабайм.
Сезимди алдына бастырып,акырын өзү ээрчий басты. Жакын турган өлүккана кирише, кызынын ары жакта, муздек темир үстүндө жаткан денесин алып чыкты Сезим.
Эч нерсени сезбей, куп - куу болуп, жүзүндө бир тамчы каны жок уктап жаткан кызын көргөн Амантур айласыздан шалпыйа жерге бүк түшүп отура кетти.
Муун -жүүнү бошой, жараатынын ооруганы да көзүнө көрүнбөй, ички дүйнөсү алай -дүлөй түшүп, жанын сыздатып жеп жатты.
—Кызым кечир мени...
Кызынын купкуу жүзүнөн сылап алды.
— Атакеңди кечир! Сени куткара албай калган.
Ордунан шап тура Сезимге карады.
— Мен кызымды алып кетем! Сен болсо, мага жардам бересин!
Алып чыгып кеткени жардам бересин!
Кызга өктөм сүйлөп алып, куралын адатынча кезей калды. Аттиң кана ушул кезде баары уйкуда калганы. Эшикти кайтарган эки күзөтчү кызматкерди болсо эбак'эле эсин оодара уктатып койгон.
—Сеэим кыздын үстүнө ак кепинди жаба салды.
— Алдыга түш!
Сезимди адатынча алдыга бастыра, кызын колуна көтөрүп жөнөп баратты.
Узун залдан чыга, сыртка карай жөнөдү.
— Унааңды ач! Мага жардамың керек!
Сезим, башка эч нерсе кыла албайт эле! Айласыздан унаасын ачып, өзү рульга отура жигит айткан тарапты көздөй жылып баратты.
— Эмнеге мындай кылып жатасыз? Алар баары бир сизди байкап калышты. Көзөмөл камералары бар!
— Оо мен алардын баарын алдын алганмын.
Сезимдин жообуна кызынын жансыз денесин кучактап, чачын сылай отурган тейде борк этип алды.
— Мен кызымды кордогонум жок! Бул кыпкызыл жалаа, жалган маалымат. Кечир кызым! Атаңды кечир!
Кызынын ак кепинде жаткан жансыз денесин кучактай, буркурап ыйлап да, сүйлөп да баратты.
— Куткара албай калдым! Куткара алганым жок!
Жигиттин муңдуу күйүтүн сезип бараткан Сезим ичинен бир чети аяп кетип жатты.
— Кайда барабыз?.... Бурулуш?..
Кыз акырын суроо берип алды.
— Түз айда!
Амантур кайда бара жатканын Сезим боолгоп билип тургансыды. Бул дал ошол өзүнүн үйүнө келе жаткан эле. Кызы экөө турган жерге. Үйүнө жете бергенде узагыраак жерден, Сезимге унааны жашыьуун токтоттурду да, Сезимди алып, кызын көтөрө акырын үй тарабы көздөй жашынып кирип барды.
Кыздын оозун байлап, колун артына байлап, өэү болсо адам баспаган гүл бакчанын арасын күрөгү менен казып жатты. Качан гана кыэын топурак астына көмгөндөн кийин чөгөлөй отуруп куран окуп, бир саамга үнсүз ыйлап отура кетти.
Үйүнүн ичине кирип көз чаптырып алды.
Будуң чаң, чачылып, милициялар келип изилдеп чыккан боюнча экен.
Андан соң кызды алып келе отургуза койду.
— Менин сага жамандыгым жок! Эгер оозуңдан сөэ чыкпаса.
Мен кызымды кордогондор ким экенин билемин. Алар кызымдын өмүрүнө коркунуч жараткандары үчүн, мен үн ката албадым. Менин кыйкырыгым тиешелүү жерлерге жеткен да жок. Бир акыйкатчы келип койоору менен кызымдан ажыратышты. Мени өлсө керек деп ойлошту. Бирок унаада мен эмес башка жигит жарылды.
Алар өздөрүн өздөрү өлтүрдү. Менин кызыма деп койгон, күзөтчү жигит, дарыны өзү куйганын, менин мойнума канжарын кадап турганда айтып берди. Айтор жакында жаш кыздарды чет өлкөгө өткөрүү боюнча сөз беришти. Жок дегенде аларды куткарып калуу керекпиз. Мен ишеншен илинген адам прокурор, сот, баары алардын карамагына өтүп кетишкен. Мен өлөөр алдында ушуларды билдим.
Сени кызымдын дарыгери экениңди уктум. Мага жолума жолтоо болбо! Айтканымдын баарын ушул жерде калтыр. Мен эми тирүү өлүкмүн. Силерге кызымдын денесин кескилешиңерге жол койбоймун. Андан көрө ушул жерде болгону жакшы. Менин кызымдан, кызымдын менден башка эч кими жок эле! Мына ушундай! Эгер мен тууралуу бир каюар угулса сенин да өмүрүң коркунучта калат! Эсиңде болсун! Мен эч кимди карап отурбайм эми.
Амантур акырын барып, Сезимдин колдорун бошотуп, андан! Соң оозундагы жармашкан кагазды сыйрып алды.
— Каттуураак мамиле кылып койгон болсом кечирим сурайм! Аял кишиге кол көтөрүүнү жек көрөм негизи.
Сезим аң -таң боло түштү. Байланган жиптен улам, кыйылып из түшүп кеткен колдорун кармап алып, жигитке бир карап алды да, сыртты көздөй чыгып баратты.
Жанатан коркуу болсо, бирок аэыр жигитте андай деле жаман оюу жок экенине ишеним артып, унаасына отура айдап жөнөдү.
Саат төрттөр чамасында, келип бөлмөсүнө карай жата кетти.
**************
Тинатин ойлуу отурду. Башындагы чубалган ойлорго, суроолорго жооп таба алчуудай эмес. Бир аз өзүн алаксытып алууну көздөдү алдында жанатан адамдарга кызмат көрсөтүп жаткан , жаш жигитке карай кайрылды.
— Мага бир стакан тэж тиги суусуңдан куйа салчы.
Жигит дароо башын ийкей, кыз айткан суусундукту идишине толтура куйа салды.
— Мага да, дайымкыдай...
Жанынан чыккан Расимтин үнү Тинатинди ойлордон алыстатты.
— Салам сулуу бийкеч!
Жигит кызды карай, жылмайып күлүп, учурашап жиберди.
— Салам!
— Жанатан карасам аябай кайгылуу, көңүлсүз отурасыз, же ар дайым ушундай жүрөсүзбү?
Рамис тамашалай адатынча жылмайып сүйлөп алды.
— Сиз экөөбүз көрүшпөдүк беле мурундары?
Мага жүзүңүз тааныштай учурап жатат...
Тинатин жигиттин суроосуна жооп берүүнүн ордуна кайра суроо узатты.
— Ооба бир жолу сизди чайканадан көргөнмүн, анда дагы ушундай көңүлсүз элеңиз... Баары жайындабы?
Тинатин телмире тиктеген жигиттен көзүн ала качып, үнсүз колундагы турган суусундугун жутуп алды.
— Керемет жан экенсиз! Таанышканча отуралы?... Балким жакшы тааныш болуп, экөөбүздөн жакшы дос чыгаар?..
Рамис койоор эмес.
— Таанышууга кыз издесеңиз тээ тигинден табасыз. Мен жөн гана отурган адаммын жигит.
Тинатин эми жигиттин сөзүн кесе сүйлөдү. Бирок буга Рамис таарынып да койгон жок. Кайра адатынча жылмайып, жылуу мамиле менен кызга кайрылды.
— Мм -Маакул! Бирок кандай ойлойсуз? Сиз экөөбүздүн кайра-кайра жолугуубуз эмнеден болушу мүмкүн? Бул тагдырдын жазганы болуп жүрбөсүн?...
Тинатин жигитти башынан бутуна чейин сыдырып карап алды. Кооз плащын баса кийип, кыска тармал чачтары өзүнө жарашып, апакай жүзүнө кой көздөрү анда төгүлгөн кирпиктери, боюнун узундугу, арык чырай болуп, баары төп келишип турган. Шымынын кырын чыгарып кийген кийимдери, буттарынан өйдө жалтырата таза кармаганын көрө кыз баа берип койду.
— Келинчегиңиз жокпу?
Тинатиндин берген суроосуна Рамис күлүп жиберди. Ага удаа эле,өзүнүн берген суроосунан уяла түшкөн Тинатин да бырс этти.
— Адатта жигиттер мындай жүрүштө бир гана келинчеги бар жигиттер көп жүрөт.
Бутунан башына дейре дагы бир сыйра карап, көйнөгүнүн кайрылып үтүктөлгөн жакасына көэ чаптыра сүйлөп алды.
— Жоо -жоок адаштыңыз бийкеч. Мен өзүм бала кезден ушундаймын. Кийимди мынтип кийген менде бала кезимдеги адат.
Келинчекке келе турган болсок... Жок өмүрлүк турмуш шериктешимди таба электай көрүнөм...
Кызды карап бир күлүп алып, кайра колундагы ичимдигин тартып жиберди.
— Мейли көндүрдүңүз. Аьым Тинатин.
— Оо.. Эмне деген керемет ысым? Тинатин сулуу,мен Рамис... Сиздей сулуу менен таанышканыма кубанычтамын.
Экөөнүн аңгемеси жараша түштүбү айтор көпкө дейре сүйлөшүп отурушту. Бир канча саат өткөн соң, Тинатин үйгө барууну ойлоп, жолго чыкты. Рамис болсо артынан узата чыгып, экөө көпкө дейре таза абадагы көчөнү бойлой жүрүшүп, бир аздан соң, жылуу коштошуп, Тинатин өз үйүнө, Рамис болсо өзү тарапка көздөй жөнөштү.
******************
Ойлуу отурган Лунаранын эшиги катуу согулду.
Таң атпай эмне шум экенин билбей, чоочуп ордунан тура эшиги тарапка көз чаптырды.
— Ким экен?
Бир аз үнсүздүк боло, андан соң барып акырын угулган үн чыкты.
— Белесмин.
Эми коркконун баса Лунара акырын эшикти ачып жиберди.
— Белес? Таң атпай эмне кылып жүрөсүн?
Белес үн каткан жок! Тек гана бир аз сүрдөгөндөй тура берди. Лунара үстү башы кир,жааган жамгырдан улам суу болуп үшүп турган Белести карай аяп кетти.
— Жүрү үйгө кире кой. Өзүңдү кенен сез. Туура сеникиндей кооз үй эместир, бирок мен ушул жерде жашап күн көрөм.
Лунара актангансып, өзүн ыңгайсыз сезе Белеске сүйлөй, ыссык чай койуп жиберди.
Белес үн каткан жок! Тек гана эч нерсе айтып дебей отура берди.
— Кел кофе ичип алчы. Ыссыгыраак кайда жүрдүң билбейм, бирок муздап калыпсын.
Кыздын колунан ыссык кофени алып, аз -аздан жутуп отурду.
— Айтчы шаардын ичин айланган сага жактыбы?
Лунара суроо берип жиберди.
Белес үн катпай башын ийкеп, жакты деген өңдүү карай, кечееги экөөнүн шаар ичин оапар тееп, кудум эле жаш баладай айланып, ойноп келгендерин эстеп алып, жүзүнө жылмайуу тарады.
— Оогооо... Сен жылмайдың, Белес жылмайды... Азаматсын ушундай күлүп жүрсөң, супсулуу жигитсин.
Лунара ичип жаткан кофесин койо салып, Белестин эки бетин чымчып күлүп алды.
Белес да күлүп жиберди.
— Мен сага ыңгайсыздык туудурбай элеминби?
Жмгиттин оозунан күтүүсүздөн ушул сөз чыкты.
— Жоок! Неге андай дейсин? Биз экөөбүз доспуз! Доспуз ээ кел?..
Кыз жылмая чыпалагын көрсөттү.
Экөө чыпалак алыша кайра, каткырып күлүп алды.
— Сени ачык,шайыр мүнөздүү жигитке айлантам карап тургун.
Кыз кайра күлүп алды.
— Сен түнү менен уктабаган көрүнөсүн. Кел кааласаң бул жерге жатып эс алып ал. Мен болсо сенин үстү башыңдашы кийимдериңди жууп салам тиги кир жуугучка болобу?
— Жигит үн катпай башын ийкеди.
Дароо ордунан турган кыз арткы жактан жигитке ылайык көйнөктү карматып, үстү башын алмаштырууну суранды да үйүнүн бмр кычыгына жай салып берди.
— Эмне үчүн сен дайыма унааңда жүрөсүн? Мен көргөн убакта күнү түнү ошондо отурдуң.
Кыздын күтүүсүз суроосуна жигит бир аз ойлоно түштү. Муну сезгендей Лунара дагы кайра сөзжү башкага бура койордо жигиттен жооп боло кызды кесип өттү.
— Билбейм! Мага үй жай деле кызык эмес окшойт! Анткени эч! Кимим жок! Өзүм көчөдө эле чоңойгон бирөөмүн.
Лунара жиитти аяп кетти. Өзү дал ушундай эмеспи?...
— Бала кезден өз ата -энемдин сен жексур, сен андай тигиндей, камчы менен сабаганын мен көрбөгөн азап калбады окшойт. ата энем ичип чегип, өгөй атам андан жаман сабап, кыскасы качып кетип, күнүмдү өткөрүп жүргөн бирөөмүн. Же мага тиешелүү тастыктоочу документим жок! Ушундай Мен кимдир бирөө үчүн талпынып жашай тургандай себеп деле жок! Мээме бала кезимден эч кимге керегим жок экенин куйуп өстүрүшкөн. Эшек деп чоңойткон уулуң эшек бойдон калат дегендей эле экен. Мен жаман адаммын. Ааламдагы! Эң жаман жан мен болсом керек! Кылган күнөөлөрүмдү кантип жуушту билбейм. Өкүнөм! Бирок кайра эле...
Ары жагын айта албай токтоп калды. Ичинен кечее эле мыкаачылык менен бир өмүрдү алып тынганын эстеп, ичинен миң тилинип, өмүрү мындай болбогон жаны кыйналып жатты. Колунан келсе азыр баарын ушул, кечееги эле тааныш кызга, баарын айтууну каалап турду. Сырдашууну каалап турду. Канча жолу ушул адатын таштайын деп аракет кылды... Бирок болбоду!
— Мейли калганын айтпай койсоң деле болот! Болгону көңүлүңдү чөктүрбө. Биз адамбыз. Тагдыр башыбызга кандай күн салбасын, биз жашоого аракет кылуубуз керек! Өзүңдү жаманмын дей берсең, жаман боло бересин. Анткени пендебиз. Биздин күнөөбүздү Кудай кечирип жаткан соң адам баласы ким элек? Эң башкысы ушуну бил... Сен мен үчүн эң жакшы жигитсин. Ушуну билип жүр ээ? Кийин такыр мен жаманмын деп айтпа! Ошол терс көрүнүштү ташташ үчүн жаман адатка барбаш үчүн, өзүңдү өзүң жеңип чык! Мына мага окшоп... Сени менен таанышкан күндөн бери, ичимдик иче элек экенмин. —Ха -ха -ха.
Экөө каткырып алышты.
— Бирок чындыгы бар ооба. Ошондон бери ичимдикке бара элекмин. Буга ким себепкер???
— Белес себепкер! Мына көрдүңбү адам баласы ушундай. Кудай бири-бирине жол көрсөтсүн деп жолуктуруп койгондой.
Кыз жигитти сырдуу тиктеп алды да, күлүп жиберди.
— Кааласаң сага да жумуш карайбыз, табабыз. Эгер үйүң жок болсо мени менен тура берүүңө толук мүмкүн.
Бирок жигит буга каршы эле. Анткени экөө бирге жашаса өзүн кармай алуусу мүмкүн эмес, бир күнү жанагы адаты кармаса ачуусу менен кол салып, же өлтүрүп алуудан коркот. Андыктан унаасында эле жашаганды туура көрдү.
Экөө бир кыйла сүйлөшкөнчө тиги кир дагы жуулуп бүттү. Кечээтен бери уйку көрбөгөн Белес эмнегедир тынч алгандай, көшүлүп уйкуга кетти.
Лунара болсо жаман адаттарын таштоого аракет кыла, үйүнүн баарын жыйып тазалап, эски жаман буюмдарын таштоону туура көрдү. Биринчи жолу ушундай жашаган жашоодон, өзүнөн өзү, анан Белестен уялган эле.
Уландысы бар...
Айзирек Бектенова
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев