ЖАРАЛУУ ЖҮРӨК
Автору: Алтындай
1 - БӨЛҮМ
Айлананын баары көк жашыл, түскө, сары өңгө бөлөнүп турса дагы мага кызыл ала кан көрүнө берет. Ден соолугумду жабырткаткан адамды эч эле кечире албайм. Менин инвалид гана кылбастан, психология жактан дагы жабыркатты. Анда эмесе сөз башынан болсун.
Кичинекей кезимде, абдан эрке кыз болуп чоңойдум. Ата энем эч нерседен кем кылган жок. Үйүбүздө күндө той, күндө майрам эле. Ата энем, Дордой базарында жаш кезинен бери эле талыкпай иштеп, өз күчтөрү менен байыган адамдар. Колунда бар кишилердин үйүнөн коноктор да үзүлбөйт. Мурда ошол сөзгө ишенчү эмесмин. Эми минтип жалгыз калганда ишенмек түгүл, өзүм басып өтүп жатам. Эмичи…
ЖАЛГЫЗДЫК, БИР БУРУЧТА ЗААРА УШАТКАН ЧЕЛЕК, Жанымда тыйтайган коляскам. Ата энемдин сүрөтүн чоң кылып жазатып илип койгом. Түн киргенде, сүйлөшүп бугумду чыгарып алам.
Атам күндөгүдөй эле келди жумуштан. Колунда 4-5 пакет. Ичи толгон тамак аш. Өзүбүз үч эле киши болсок дагы, эмнегедир 10 киши жашагандай болчу үйүбүз. Жумуштан келишет, казан казан эт асылып турат. Үйдүн ичи береке жыттанып, ар бир бөлмө тамактын жытына толуп калчу. Кеч киргенде бирин серин болуп, кишилер келип кечки тамакты көп киши болуп ичет элек. Достору, туугандары, досторунун тааныштары, өкүл балдары айтор кимиси ким түшүнбөй эле жүрө берем ортодо. Ошондо 14-15 жашта болсом керек, акыркы канга бойолгон окуяда.
Ач эшикти , жардамгааа! деген ачуу кыйкырык баарыбызды чочутту. Мен өзүмдү буга чейин кичинекей кыз сезсем, эмнегедир ушул куну дароо чоңойдум десем жаңылышпайм. Коноктор жаңы кетип, апам экөөбүз жыйналып жатканбыз. Аңгыча ачуу кыйкырыктан эшике чууркап чыктык.Атам жүгүрүп эле дарбазаны ача салды. Ачканда эле кан жалаган өкүл кызы, атамды кучактап жыгылды. Жолду көрсөтүп эле, эс учун жоготту. Жолго апам экөөбүз чуркап чыктык. Көзүм жамандыкты көрбөсүн. Кутурган жаныбардай эле, бычакты малып малып жатат көкүрөгүнө. Кандын давлениесиби айтор кан фонтандай болуп эле көрүндү көзүмө. Жардам жок эч кимден. Бешөөбүз эле кыйкырып өкүрүп жатабыз, түн жарым. Жылаңайлак качып жөнөдүм апамды сүйрөп. Апааа бир эки айбан, зөөкүр жүрөт качтыыык. Атам өкүл кызына биринчи жардам көргөзө алган жок. Чуркагыча болбой, бирөө мени чачтан кармаганын сездим…
Мурда,коркунучтуу кинолорду көрсөм кино да деп койчумун. Денем баары титиреп чыкты. Болгон күчүм менен чуркап, бирөөдөн жардам сураган сыяктуумун. Бирок… Ордумдан жылбай эле чырылдап ыйлап жаттым. Үнүм чыгып эле жаткандай, бирок дабышым ичимде катылып жатыптыр.
Чачыман алып сүйрөп бара жатты. Жерге жатып алып, сүйрөлүп баратканымды сезип бакырып кудайга жалдырадым. Ата энемди унутуп да койдум, ажал менен арбаштырган зөөкүрлөр гана оюмда. Күчтүүсүн сурабагыла, айбандын кейпин кийип алышканбы, мас адам дагы жасай албайт мындай зөөкүрлүктү. Башыма тизеси менен эки жолу тепкенде, эс учумду жоготтум. Бир убакта карасам гаражда экенмин. Гаражыбыз дагы чоң, анан дагы жарык. Эмне үчүн бизди эч ким уккан жокпу?! Ар кандай ой мээмди жеди. Жанымда апам жатат, бут кийими канга чыланган. Көзү мен жакты карап, үзүлсө керек. Атам кайсыл жакта белгисиз. Аз убакыттын ичи, мен үчүн бир жашоо бүткөндөй сезилди.
Апакелеп сыздап жаттым, алымды жоготтум. Көз алдыма үйдөгү коноктор келип, кимисинин бизде очну бар эле деген суроолор?! Тирүү каламбы? Ажал алып келгендер кимдер?! Бул суроолорго оюм да барбады. Түшүм болуп, ойгонуп кетсем экен деп тиленем. Бирок, апамдын мени карап үзүлгөн көзү көзүмдү тешип карап жаткандай.-Кач жанынды алып кач! деген көз караш эле. Анча мынча кыймыл болуп кетти эле, эки зөөкүр келип кайра кайра тепкилеп кетет. Эсимди жоготуп кайра эле ойгоном. Бир убакта сүйлөшкөндөрү даана кулагыма угулду: Арааны таптыңбы?
–Баарын араалап майдалап, мүшөккө салып , тиги суу сактагычка оор нерсе менен салып жиберелик деди.
Тигил: - Ооба беркини бүттүм майдалап, эми калганын өзүң кыл деди.
Кимиси?! Кимин майдалады? Атамдыбы же өкүл баласынбы кызынбы?
Апам мандайыман көрүнбөдү, Апамдыбы?
Башымдагы мүшөктү ала албай, чала олунк болуп жаттым. Же тан атып кетпейт, баары куш уйкуда. Ал эми биздин үйдө эки айбан, үйдөн эмне издеп жатат бир кудайга маалым. Мен эми катуу кириштим, өлүк болуп эле жатууну пландадым. Кичине кыймылдасам, мени акырына чейин майдалап салаарына көзүм жетти. Угуп жаттым. Баарын уктум. Жан дүйнөм сыздап жатты… Алсызмын, мен эмес атам апам, баарыбыз алсыз болуп баш ийип бердик кутуусуз келген ажалга.Араанын кытыр пытыр добушу, жүрөгүмө түбөлүк жазылып калды, ошол түнү эле мени кошо өлтүрүшсө минтип азап жеп жашамак эмес элем. Бирок кудайдын буйуруганынан чыга албайт экенбиз пенделер.
Таң агарып, кошуналар жумушка чыгып баштананда, бирөө жарып сүйрөлгөн кандын изин коруп ызы чуу кылышыптыр. Милиция, скорый чакыртып, биз жашаган район уу дуу боло түшүптүр. Ошол маалда тигил зөөкүрлөр, мени өлдү дешип берки өлтүргөндөрдүн( арасында ата энем бар)4 сөөктү жок кылганы кетиптир. Мен чала жан болуп жатам, тизеден ылдый кан болуп.Мед айымдын жаныма келип, биринчи жардам кылып баштаганда, озумдгу таштадым. Эч нерсе билбейм, калганы эмне болду. Больницадан ойгондум. Чын окуябы же жалганбы түшүнө албадым. Бакырайын десем, тилим буулган, өпкөм жабык сыяктуу. Ыйлайын десем көзүм муз сыяктуу тоңуп калган. Жашагым деле келбеди. Тырс деген дабыш жүрөгүмдү эмес, болгон денемди тырыштырып коркутуп жатты. Адамдардын эки бутту айбандан да жамман зөөкүрлүгүн эстегенде жинди болуп баратамбы деп башым мыкчып, ичимен туталанып жаттым….
Ошентип, больницадагы тозок күндөр башталды. Шейшеп жабылып турганынан бутумдун жогун деле байкабасам керек. Бир бутумду тизеден, бир бутумду сандан кесишиптир.Ото эле шок абалда болдум. Бутумдун ооруганын сезген жокмун, бирок араалап жатканын билем.Улам эс учумду жоготуп, канга бойолуп эле жаттым. Чылпылдап кадимкидей сезилдип жатты. Ажал менен арбашуу онойго турган жок. Өлүмүш болом деп, олуп эле кайра келсем керек. Бир чети тируу калганыма кубанган жокмун. Өтө жашмын, баары ордуна келет. Менин азыркы максатым, ошол зөөкүрлөрдү таап сотко бербестен араалап, майдалайм деген гана ой менен жашап калдым. Кайдан табам бирок?! Жарым жартылай , акыл эс менен алсыз алардын алдында канжалап, атам менен апамды өлтүртүп жатсам. Оюма ар түрлүү максат, өч алуу келип жараланган жүрөгүм араң чыдап жатты. Күндө доктурлардын сүйлөшкөнүн, даарылаганын сезген дагы жокмун чынында. Өзүмдүн дүйнөмдө жашап жүрөм, канкорлорду кайдан табам деп өзүмө суроо берип.
Бир ай өткөн соң милициялар, тергөөчүлөр келе баштады. Аларга дагы жек көрүүм күчөдү. Негизги максатым мен аларга даттанбашым керек. Мен өзүм, өз колум менен төлөтөм деп жүрдүм. Бирок, доктур эженин психологдун алдоосу менен сүйлөшүүгө кириштим. Менден болгон тааныш, дос, туугандарды сурап жатты. Акыркы эсимде калганы, тамактын жыты, идиш жууйбуз деп дөөрүй бердим. Атайын дөөрүгөн жокмун. Ошол күндөгү эсимде, асылып жаткан эт, үйдөгү бака- шака, апам экөөбүз жыйналган гана элес. Башка нерсени эстегенде, тозоко күйгөндөй эле денем тырышат чиркиндики. Айта албайм, тилим булдурайт. Өзүмдү кармадым, жоготпойун өзүмдү дедим. Анткени жиндиканага түшүрөт деп ал жагын дагы ойлоп жаттым. Муз, мерез гана болуп отуруп бердим.
Атам апамдар жаш кезинен бери катуу иштерман адамдар болчу. Эч ким баштай элек бизнес тармагын, алар биринчи баштаган. Кытайга чейин өздөрү товар алып келчү башында. Бара бара кол алдында иштеген жардамчыларды алган. Атам менен апамдын тааныш, дос, туугандары үйдөн үзүлчү эмес. Башында айтып өткөндөй, биздин үй бүлөө үч эмес 10-15 киши сыяктуу жашачуубуз. Өкүл балдары өтө көп эле,менин башым айланып калчу санаганда. Баарын бир уй бүлөдөй көрүп, бир короодо азыктанып жүрчүбүз. Өкүл балдары дагы атам апам сыяктуу сода жатында иштеген кыйын балдар болчу. Бул жашоодо адамга эч нерсе жакпайт тура. Ата энем жада калса чымынды дагы себепсиз өлтүрчү эмес. Чымын дарысын себерде үйгө « өзүңөрдөн көргүлө, айлам жок» дем апамдын кобуранганын далай уккам. Атам болсо, базардын жарымына продукты менен камсыз кылчу. Аны баардык туугандар Асан Кайгы деп аташчу. Ошондой үлгүлүү ата энемдин өлүмү, тоок сойгондой болуп калганы өрттөйт тирүүлөй мени. Мен дагы жөнөкөй гана жашачумун. Жөнөкөй мектеп, жөнөкөй садик, жөнөкөй педиатрга барчуумун. Анан эле өчөшкөн айбандар кайдан чыкты? Дагы эле оюм менен алекмин. Адам баласына жакшылык кылбай, мүмкүн арам адамдар болсо кудай тигилерди себепчи кылып жибермек эместир. Арам эле адам болгон оң тура, күйгөндө ошондой ойлор келип жатты. Бул дүйнө мага караңгы. Жарык кылгым келип, жашагым келчү мурда. Азырчы, момун кишилердимди алып, жалгыз калдым. Өзүмдү сыноо деп сооротконум менен, калыстык кайда кудай деп сыздайм. Эмне үчүн мен? Мени кошо албайт белең ата-энем менен, же эмне өлүмүш болуп калсам эле аядыңбы! Ал убакта пенденин жардамы тийбесе дагы өзүң жардамга келбейт белен"ЖҮРӨГҮМДҮ ТОКТОТУП КОЮУ“ колундан келет эле го. Мен эми эч кимге ишенбейм. Өзүм менен өзүм, сүйлөшүп үнүм катуу чыгып кетти. Жанымдагы эже, сүйлөсө да укпай отура бериптирмин сүйлөнүп. Заматта доктурлар келип, эс алдыруучу дары куйуп кетти.
Бүгүн дагы ойгонгум келбеди, ойгонсом эле баары көз алдымда. Сөөктү аралаган үн, канга бойолгон жер, биринчи дабыш өкүл кызынын, канга чыланган кийимдер… Аттиң десең , мен адам болуп кеттемби же өзүм менен өзүм сүйлөшүп, болбогон планды түзүп , мээмден айныйынбы?! Кесилген бутум, ден соолугум да кызыктырбай калды. Үч ай дегенде ооруканадан , аталаш байкемдин үйүнө алып келишти. Мелтирегенден мелтиреп, бир комнатага камалдым. Эч кимди уккум келбеди. Үйүм жөнүндө дагы сурабадым. Ал жерге бармак түгүл, ойлонондон коркуп турдум. Кийин, байкем жумшак сөзгө тартып ал уйду сатууну сунуштады. Ал үйдү сатып, этаж уй алып беришти. Ата энемдин баардык бизнесин байкем бутуруп жатты. Жалгыз уй бүлөдөн калган инсан болуп, через нотариус макулдугумду байкеме тапшырып бердим. Башкаларга мээм, билимим, ден соолугум да туура эмес болгондуктан уруксаат бердим. Бир гана таянычым байкем болуп жатты. Ата энемдин баардык тууганы, достору, өкүл кыз балдары айланамда жүрүштү. Калп айтканда эмне, жалаң жылуу жакшы инсандар болду жанымда. Ошолордун эч кимисинен жардам сурай алган жокмун. Бара бара ден соолугумду ондоп өзүмө келип алсам, аягына чыгаармын дедим. Ата энемдин бүтпөс байлыгы бар, эми аны мен жалан бутуман туруп, басыш үчүн жумшайм. Канкор зөөкүрлөрдү, аябай кыйнаш үчүн бутуман турушум керек деп максат койдум. Шаардагы баардык шарттары бар ооруканаларда жүрдүм. Психолог Невролог, массажист, спорттун түрүнө жазылдым. Өзүмдү караган жаш келинди кошо, жаздырдым. Ошентип жаңы жашоого аттандым. Мени караганга жаныма,бир келинди кошуп берген агам. Ал келинге аябай жакшы төлөп бергенгеби же мээримдүүбү жанымдан чыкпайт. Бирок бара-бара менин эмес, байкемдин жанынан чыкпай калганы чочуй баштадым эмнегедир. Ал мени таштап кетсе эле, жыла албай же жашоом токтоп калгандай сезилчү болду. Мүмкүнчүлүгү чектелген спортко барам да албетте, ошол жерде аябай жардамы керек болчу. Эмнегедир бүгүн жок. Кызыктай болдум, аты Жанна, Бишкектик болот. Мурда турмушка чыгып ажырашып кетиптир. Байкеме случайно жолугуп калыптыр жумуш издеп жүрүп. Байкем анын боорукерлигин жактырып, мени менен иштесин деп сунуш киргизиптир. Ошентип биз менен жашап калган. Бүгүн Жаннанын ордуна башка кыз келди. Көңүлдөнбөсөм дагы айла жок жактырышым керек. Мен киммин , жөн эле майыпмын . Кимге көрсөтөм кыялымды, баарына макул болушум керек. Ичимден бирок сездим, Жанна байкем менен роман болуп эми мени менен калбаарын. Жанна менен кызыктуу күндөрүм, 3 ай гана болуптур. Аз убакытын ичинде байкем дагы үйлөнмөй болду. Мен болсо Алина менен биргемин. Үйлөнүү датаны койуп, ал күн дагы келди. Эл көп, Алина мени даярдап экообузн тойго келдик. Элдин арасынан мага тааныш жүз көрүндү, болгондо дагы Жаннанын туугандары экен. Ал жүздү менин көзүмдү оюп салса дагы айта алам кимдин жүзү. Заматта башым айланып, демим кысылып калтырап баштадым. Сулк болгон кыймылсыз, буттарыма жан кирип титирей баштады. Алина мен үчүн тызылдап чууркап жүрдү. Тилим булдуруктап эле калдым. Ал зөөкүрдүн үнүнөн бери жүрөгүмдө калып калыптыр. Тоюң менен куруп кал… дедим ичимен…
Уландысы бар...
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5