30 - БӨЛҮМ
Эшикти ача сала, көз алдында жылмайып өзүн карап турган Сезимди көрө койгон Тинатин 'колунан кантип кармаган буюмун таштап жибергенин да билбей калды. Тек гана курбусуна айта турган ушунча сөздөрү, сагынганы, көргүсү келгенин эми гана эсине түшүргөндөй, бекем кучактап өксүп -өксүп ыйлап жиберди. Сезим да Тинатинди бекем кучактай, экөө бир кыйла турган соң, үйгө кирип, Сезим сөз баштай салды.
— Эмнеге айтпадың? Эмнеге кетпедиң? Телеберүүдөн кабар чыкпаса билбей жүрө бермек экенмин да ээ? Акмак кыз десе, өзүңдү неге ойлобойсун?
Сезим урушуп да, аяп да сүйлөп да жатты.
— Эч жериме залал келген жок! Баары жакшы менде, өзүңчү кантин келдиң жарым түндө?
Тинатин ордунан туруп, акырын чайнегин даярдап, чай койуп жатып сүйлөп алды.
— Мен Амантурга айтканым жок! Сен тууралуу кабар чыккан соң, дароо эле такси кармап келе бердим. Чыдап ал жакта отура албадым. Алар кимдер экени чындан да билине элекпи? Байкушум ай, сенин чымындай жаныңа ким кызыктар экен? Жөн жүрбөйсүн, ошол жумушуңду да койгонуң жок. Ошол ишиңди да иштебей эле койчу баш тарт. Башка жумуштар да толтура чыгат го сага. Андай адамдар артыңдан калышпайт. Залака жеткиргендери жеткирген.
Сезим күйүп бышып, бирде Тинатинге, бирде өз-өзүнчө кайгырып сүйлөнө берди.
— Бул менин кесибим жан курбум. Кесибим. Мага өзүмө да жагат. Мен аларга жолтоо болуп жатканымды жакшы билип турам. Бирок мен артка кайтпайм. Кайтпайм эч качан. Мени билесин курбум, өзү бүгүн жолго чыгуум керек эле, Борборго учуп кетүүмө. Кимдир мага катуу тоскоолдук жаратып жаткандай, кимдир менин ишиме, кайтпоомо аракет кылып жаткандай.
— Бирок ким Тинаш?
Сезим Тинатин даярдап келген чайды колуна алып акырын ууртай койо, суроо үстүнө суроо берип жиберди.
— Мен дагы билбейм бирок аныктайм!
Сезим Тинатинге канча айтса да болбосун, курбусун көндүрө албасын билип турду. Айтканынан кайтпаган өжөр экенин жакшы билет эмеспи...
— Эң башкысы өзүңдү абайласаң болду. Алардын колуна түшсөң тирүү чыкпайсын билесин. Менин коркконум ушул.
Сезим чыйпыйы чыгып, Тинатинди дагы бир жолу көндүрүүгө урунуп көрдү. Бирок майнап жок!
— Өзүңдө кандай? Динара айым кантти? Мээрим кызчы?
Тинатин Сезимдин жашоосун да кызыгуу менен сурап алды.
— Бизде азырча тынчтык курбум. Эмнесин айтасын. Азыр бир аз убакыт өтүп, ызы -чуу жок тынчып баратат. Адамдар Мээрим тууралуу да, Динара тууралуу да унутуп эстебей калышты окшойт. Ушунусу да жакшы. Бирок Амантур дале издөөдө. Аны көрбөйбүз деле. Коопсуздугубуз үчүн ушул жол жакшы деген.
Кеп Амантурга келгенде Сезимдин көздөрү жайнай түштү. Негедир сөздөрүнөн жылуулук сезилип тургандай, Амантурду башкача мээрим менен, башкача туйгу, сезим менен караарын кыраакы курбусу Тинатин байкап койо, акырын жылмайып алды. Курбусу да келип, келип ушул качкын жигитти сү йгөнүнө тагдырга тан берип алды. Бир нерсени эстегендей оозун камдап сүйлөөгө аракет кылды.
— Мени кечээ тиги баш кесерден Амантур куткарып калды.
Сезим курбусунун сөзүнө аң -таң боло түшө, кайра түшүнбөгөндөй сурап жиберди
— Эмне дейсин? Ал кайдан билет экен аны?
— Өзүм да билбейм курбужан баары көз алдымда бир эле секундда болуп кетти бир эсимдегиси Амантурдун мени кайдан-жайдан жетип келип унаамдан алыстата басып кулаганы болду, ага удаа эле унаамдын тарс эте жарылып, көккө бир көтөрүлө, кайра жерге күйүп түшкөнүн байкадым. Эч нерсени түшүнө алганым жок. Тек гана кулагым чуулдап тунуп, эч нерсени сезе албай калганым болду. Амантурдун жүзүмө ургулап, мени эсиме келиүүмө аракет кылып жаткандай көрдүм.Бирок угулган жок. Кара коюу түтүн асманга көтөрүлүп күйүп жатты. Андан соң заматта Рамис жетип келди, андан соң Амантур кайдадыр чуркап жөнөдү. Артынан Рамистин жигити кетти. Балким баш кесерди көрүшкөн чыгаар?...
Тинатин эмне көрүп,эмне билгенин баарын Сезимге төкпөй чачпай айтып берип жатты.
— Жаным курбум десе. Аман калганыңа шүгүр баарынан да. Балким Амантур бир нерсени билген чыгаар? Балким Амантурга каршы тиш кайрап жүргөн жандар эмес бекен?
Сезим көздөрү алайа өзү берген суроосунан өзү корко түштү.
— Ким билсин Сезим?...
— Аа тиги Рамис деген ким?
Сезим көп нерседен кабары жок экени эми эсине түшүп,кызыга сурап алды.
— Экөөбүз сырдаша албай,сөз,жаңылыктар көп болуп кеткен окшойт ээ курбужан? Кана айтчы ал кандай инсан экен сенин жүрөгүңжү жаралаган?
Сезим адатынча жылмайып алды. Эмнеси болсо да кыздын көңүлүн башка жакка буруу үчүн сөзүн бургандагысы эле.
— Ал.... билбейм курбужан. Билбейм кандай жан. Болгону менин жүрөгүмдү акырындык менен багынтып жаткан окшобойбу... Же мен жөн гана алдамчы сезимдерге жетеленип жатканымбы түшүнбөйм. Ал тууралуу бир гана жакшы маалыматтарды ала алганмын. Тээ башында жаңы таанышкан учурда. Бирок азыр менин оюмча андай эмес. Жеке ишкер, өз ишин мыкты билген инсан катары тааныганмын. Бирок кечээги баш кесердин тилинен да Рамистин аты чыкты. Менимче чуулгандуу дүйнөдө аты аралашкан адам окшойт деп ойлоп койдум.
Тинатин акырын колундагы чай куюлган идишин көтөрө ордунан туруп, терезе жакка карай басты. Оюнда келип карап отурган сыяктуу сезилди, бирок көздөрү менен алаңдап туш -тарапты издесе да, жанагы күлүп турган Рамиси жок экенине ындыны сууй түштү.
— Мен аны капа кылып алдым окшойт курбум.
Ал мага колунан келген жардамын көрсөттү. Бирок мен кабыл албай, четке кактым. Көңүлүн ооруттум.
Негедир үнү каргылдана түшүп, чын эле келбей койдубу дегендей, каректери менен терезе сыртын үмүттүү тиктей берди. Ушунчалык жүрөгү тызылдай түштү. Ичинен кимгедир капа болгондой таарынгандай сезилди. Ыйлагысы келди, сыртка чыгып издегиси келди, бирок көөдөндөгү кандайдыр бир эрк кармап турган сыяктуу кадамдары шилтенбейт.
— Кел бул жерге отура кой.
Сезим Тинатиндин жанына басып келе, кайра орундукка отургуза койду. Курбусунун ички дүйнөсүн баарын эмне болуп жатканын сезип турду.
— Жан курбум, сен ал жигитти сү йүп калгансын го сыягы... Бирок кыжалат болбо. Ал келет. Эгер сени сүйсө, жактырса албетте кайтат. Балким сенин кечээ ачуу үстүндө айтылган сөздөрүң ачуусуна тийгендир, бирок көрдүм го ал сени өз кызматчыларына корготуп койуптур. Эшиктин алдынын баары жигиттер.
Сезим Тинатиндин колунан бекем кыса кармап алды.
— Баары жакшы болот.
Тинатиндин көзүнөн сызылып аккан жашты акырын алаканы менен сүртө койгон курбусу экөө таң атканча сырдашып отурушту.
***********
— Кожоюн эми эмне болот? Менимче Тинатин бийкеч деле сизди жактырат өңдөбөйбү? Кайра -кайра карады терезени. Эмнеге көрүнбөйсүз?
Жанатан жашыруун карап, ойлуу отурган Рамиске,Кубат күңк эте сүйлөнүп алды. Бирок кыздын айнегинен көзүн албай тигиле кадаган кожоюну бул турушта Кубатка жооп беришти каалап турбаган сыяктуу...
— Билбейм Кубат. Мен чын эле -чын эле Тинатинге азап берет өңдүүмүн. Мен мындайды каалабайм. Атамды көрдүң,атам да кайтуучудай эмес. Мен Тинатинди тынч койсом,атам да тынч койо турган сыяктуу. Мен чечтим. Тинаштан алыс болууну чечтим.менсиз бактылуу эле.
Оюнда эмнелер бар экенин бир Рамистин өзүнөн башка эч ким билбейт. Эмнелерди ойлоп мындай жолго барып жатканын башкасы мындай турсун,эң жакын дегени Кубат да билбейт.
Кубат аң -таң боло түштү. Кайра ойлоно күңк этти.
— Мейли кожоюн. Сиз кайда болсоңуз мен ошол жайдамын. Ар -бир чечимди туура чыгарууңузду билемин . Бирок сиз атаңыздан кеткен соң, кайра кол салуу болбойт бекен бийкечке? Мени кечириңиз, бирок атаңызга ишенүү өтө кыйын.
Кубаттын сөзүндө да жан бар эле. Бирок Рамис эгерде Тинатин бул жайдан кетпесе, анда буттары жол баштап келе берүүнө ишеними чоң болсо да өзүн -өзү алыстатып көрүүнү чечти. Бирок атасынын ар- бир кыймылы көз алдында болоорун да Кубатка айта салды.
Экөө түнү менен чырм албай Тинатиндин терезесин карап отурушту. Өткөн кеткен күндөрүн кызды сүйөөрүн азыр ушунчалык сезип жатты. Бирок айла барбы. Тек гана үйүн карап отуруудан башка арга калбагандай.Тинатиндин да терезеден улам -улам карап,өзүн издегени андан бетер жигиттин жүрөгүн эзип жатты.
*****************
— Баары жайындабы?
Унаасынан түшкөн Аскат Лунаранын эски,жаман үйүнө көздөй кадам таштай,кайра буттары тушалган сыяктуу туруп калды.
— Кантип барам?эмне деп айтам? Мен сенин ошондо таштап кеткен атаң боломун дейминби?
Ушул ойлор мээсин жеп жаткан. Кызынын жүзүнө караштан уялып,эмне деп актанаарын билбей турду. Ушунча өмүрүм атам тирүү туруп азапта өттү беле деп айтаар суроосунан,өзүн атасы катары кабыл албай койуусунан корко түштү. Денеси титирей, чөнтөгүнөн тамекисин алып чыгып,күйгүзө буркуратып чегип -чегип!алды.
Бир эки тартып алган соң,кызынын үйүн узакка тигиле карады.
— Ушул үйдө жашайт! Атасы мен боло туруп,ушул үйдө жашайт.
Өзүнөн-өзү уяла түштү. Эмне деген абройлуу адам. Эмне деген байлар,менмин деген өлкө ичиндеги мыкты инсандар Аскат -Аскат деп турушат да,бирок өз канынан жаралган кызы,ушундай жерде жашаганы өзүн азыр уятынан жерге кирип кетүүсүнө да каршы эместей эле.
— Мени кечир.... Мен сага берген убадамды аткара албаганым үчүн. Мен сени сүйүп,барктай албаганым аздай,кызыбызды да ушундай абалга салганыма кечир!
Өзү менен өзү сүйлөнүп алды.көзүнөн аккан тамчы жаштар жүзү ылдый сызылып түшө берди. Ич этин жеп,сүйүктүүсү өзүнө таарынып,ачууланып жаткан өңдүү сезилип турду.
— Эртең! Эртең сөзсүз мен айтам,мен баарын өз мойнума алам.
Азыр ушул убакытта кыздын мазасын алгысы келбей турду. Өз -өзүнө сөз берип алып,кайра жигиттерге карай буйруду.
— Эртең кызга ушул нерсени жеткизесиңер. Ал жерде үйүнүн дареги,анан да менин катым.
Жигиттерге кармата койуп өзү жолго түштү. Аны жанатан аңдып отурган аялынын жан сакчысы баарын көрүп турган.
**************
Таң ата кооз көйнөгүн кийип, жасанып алып үйдөн чыгып бараткан Емилини апасынын сөзү токтотту.
— Кайда жөнөдүңүз мынча сулууланып?
Емили токтой кала,апасынын маанайсыз жүзүн көрө апасы тарапты көздөй басты.
— Сиз эмне уктаган жоксузбу апаке? Мен тазв абага чыгып сейилдеп келейин дегенмин.
— Уктаган жокмун. Түнү менен ушул жерде отурдум.
Апасынын сөзү эми кызды чоочутуп жиберди.
— Эмнеге апа? Эмне болду? Же дагы атам менен жаңжалдашып калдыңыздарбы?
Апасы бир азга үн каткан жок!
— Атаң бизге чооң белек даярдап жаткан сыяктуу? Көрөбүз го аягы эмне менен бүтөөр экен.
Апасынын сөзүнө түшүнө алган жок. Бир аздан соң кайра апасы сүйлөдү.
— Барып келе бер, кайда бармакчы элең? Болгону жолдон абайла!
Емили кубана түштү. Апасынын жүзүнө чоп эттире сүйүп алды.
— Маанайыңызды түшүрбөңүз. Билесиз го сиз эң сүйүктүү апасыз. Атама маани бербей эле койо бериңиз. Эгер мен керек болсом байланышыңыз ээ ошол замат мен учуп келем алдыңызга.
Мойнунан кучактай, апасын кайра дагы бир ирет өөп алды да, сыртка чыгып кетти. Унаага түшөөрү замат, кечееги Амир таштап кеткен дареги боюнча жөнөп кетип баратты. Ич -ичинде жигитти көрүүнү эңсеп күткөндөй, сагынганын жашыр албай, жүрөгү элеп -желеп боло түштү.
Уландысы бар...
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев