( автор: АЙЗИРЕК БЕКТЕНОВА)
Тагдыр баарын эле бирдей калыпка сала бербейт. Бирде өйдө, бирде төмөн бирде жакшы, бирде жаман. Байлык, бийликти да жол жобосу менен колдоно алсаң гана, анда да адамдык сапатыңды кетирбей сактап кала алсаң жакшы дейличи. А бирок ошол берилген байлыкка чиренип, арам, жаман, балекеттин баары болгон заманда ким экениңди, кечээ кандай экениңди да унутуп койосун адам баласы. Эртең эле колуңдан баары учуп кетиши мүмкүн. Балким ошол көр кылган байлык сенин өмүрүңдү кор кылышы , же биротоло артынан ээрчитип жүрүп жок кылышы да талашсыз. Кезектеги чыгарма ушул сыноолорго кабылган эрке кыздын тагдыры жөнүндө болмокчу. Автор Айзирек Бектенова .
Жашоом ушунчалык татаалдашып кетээрин, такыр ойлонбогон экенмин. Ооба мен бир чооң үй бүлөөнүн эрке кызы болуп, баары айтканымды аткарып, көзүмө карап турушса бул түбөлүккө, ушул бойдон өзгөрбөй калат деп ойлопмун. Азыркы акылым болгондо, кечээги каталарымды такыр кайталабаган болот элем.
Мен азыркым менен , кечээгимди салыштырсам ал убактагы эч нерсе менен иши жок, эрке кызды элестетисиңер. Анда кеп башынан болсун.
— Атаке кандайсыз ?
— Жакшымын кызым өзүңчү ?
— Мен дагы түзүк.
— Атакее ...
— Айта бер кызым, баары бир билип турам эмне дээриңди.
— Ашыкча эрке кылып салдың кызыңды.
Атам менин көзүмө карап турган сайын апам кыжалат болот. Кантсе да эне эмеспи байкушум. Менин тагдырымдан эртеңки күнүмө көбүрөөк кайгырса керек эле ошондо.
— Эртең турмушка чыкса кантет ай ?
Бул деген кыз бала, бойго жетсе деле эркелигин калтырбады такыр.
— Жөн антип сүйлөбө кыздын алдында.
Атам дайыма көзүмө карап, эмне десем баарын жасачуу. Апам менин эркелигимдин, чеги жок экенинен кабатыр алчуу беле, ким билет? ... Жанагындай сөздөрүн көп айтып, тынчсызданат эле.
— Эртең мунуңду мынтип эркелетпейт эч ким, кантип өзүнө тың болот ? Бул деген башка жерге бүлө курат. Башка жерге тиргилик кылат.
Апамдын айтып кабатыр болгонуна, атакем тек гана тамаша менен — " мен кызыма сатып алып берем баарын " деп күлүп кайра тыйып койчуу апамды .
Мына азыр да, ошол сөзүн кайталай, акырын чөнтөгүнөн мага деген, жашыл кагазын чыгара, колума карматып койду. Анан эмне : А ны эле күтүп турган мен колунан ала, шашылып көчөнү көздөй жөнөдүм. Апамдын " батыраак кел "дегенин да, кулагымдын сыртынан кетирем. Астымда кымбат унаам, үстүмдө үйүм, жегеним алдымда жебегеним артымда, ойнойм күлөм . Мен ушуну чыныгы бакыт деп ойлочуумун. Курбу жоро жолдошторум бар, алардын арасында " мен эң көрүнүктүүлөрүмүн " деп саначуумун өзүмдү. Бирок жаңылышкан экенмин. Мен чыныгы бакытты көзүм менен көрүп, жүрөгүм менен туя албапмын.
Окшош кундөр биринен бири сызып уча, мезгил алмаша берди. " Атасынын эрке кызы аталчуумун " . Бой жетилген сайын сулуулугум да артып, баары сырттан суктанышса да, жаныма даап келип эч ким сүйлөй албайт эле. Анткени сапатым да аябай башкача. Көп адамды теңсинбей, теңиме албаган сапатым башкаларга катуу тийерин кайдан билдим дейсиңер ?... Ар күнүм ар кандай көңүл ачуу менен өтуүчү болду.Ээрчишкен курбуларым менен ар кандай кечелерге, көңүл ачуучу жайларга жөнөйбүз. Апамдын кыжаалаттанганына да " кайгырбаң апа " деп, алаксытымыш болуп, калп эле бетинен чоп эттире өөп алам да кайра эле ,өз билгенимди кылчуу болдум. Бир күнү шашылыш баратып жолдон, алдымдан чыккан жигитти унаам менен уруп ала жаздадым.
— Ээй көзүңө эмне болгон сенин?
Карап өтпөйсүңбү? Сенин айыңдан аңтарыла жаздадым го унаам менен.
Күнөө өзүмдө экенин билсем да, ага жиндене айкырдым.
— Ээмне дейсиң? Сен го эрежени бузган билесиңби?... Мен сага айкырышым керек, а сен эмес. Акың да жок .
Жигит да уруп кете жаздаганым бир, анан да мынтип айкырганым эки болуп чыдамы кетти көрүнөт. Мага ачуусун баса токтоо сүйлөп калды.
— Ыы ошондой дечи ? Билесиңби бул канча тураарын ? А сен болсо тигилериң менен, унаамды булгап сала жаздадың. Дагы жакшы төгүлгөн жок.
Жинденип ала, өзүмдүн катамды мойнума албай сүйлөнүп, колундагы көтөрүп турган коюу суюктукту бир карап, жигитти бир карап алдым.
— Эмне ? Сен эмне деп турасын ? Мен бир нерсе болсом, сен түрмөдө чиримексин билдиңби?... Дагы жакшы аман калдым.
— Мм болду жолумдан кач ары.
Мен да өз билгенимди бербей, кайым айтышып тура бердим.
—Чириген байлыгым бар деп эле, ушулар күйгүздү эркелешип... Адамды да адам ордуна көрбөй калышкан, көздөрү байлыкка көр болуп...
Үстү башын кагына сүйлөнгөн жигит, мага сүйлөштөн пайда чыкпасын билдиби, айтор жерде чачылган буюмдарын жыйнай, ары көздөй басып кетти.
—Ээк сени дессе күйдүм сендей акылмандан...
Көңүл да бургум келбей , унаама отуруп алып, жөнөп кеттим бүгүнкү күнгө өзүмдү капа кылгым келген жок эле.
Бирок баары бир ичимде түпөйүл ой калып кетти.Жетчүү жериме жетип келип, унаамды токтото отура бердим. Эмнегедир ичимден бир түпөйүл ой мени кыжалатка салып турду.
— Ээй эмне болду сага? Дале отурасын келгениң качан ...
Аркы жактагы курбумдун сөзү менин ойлорумду бөлүп жиберди.
— Аа эч нерсе болгон жок.
Күндө баарын курбуларым менен бөлүшкөн жаным, бүгүн эч нерсе айткым келбеди аларга. Унаамдан түшүп, акырын алды көздөй жөнөдүм.
— Капа болбо дайыма шайыр жүргөн жаныңа эмне болду? Аа сага жаңылык айтайынбы?
— Эмне болгон жаңылык ?
Тык токтой туруп калдым.
— Жанагы бар эле го, сага ашык болгон жигит Мелисчи ?
Анан ошол бүгүн дагы жолугууга чакырып жатат. Балким барып келээрбиз?
Курбум мени " эмне дейсин " дегендей суроолуу тиктеп алды.
— Ыкы маанайым жок !
— Андай дебе маанайыңды ачып келебиз.
Билбейм курбум эмнеге ?... Бирок мени ал жигитке жолуктура албай шаштысы кетти. Ооба өң келбети татына эле келген жигит. Анан да ашыкча акчасына көпкөн инсан экенин да жакшы билем. — Макулбу деген курбума карап мейли деп жылмая күлүп койдум. Ичимден "- көрсө , көрүп келебиз да" деп ойлоп койдум.
Күүгүм кирип баратканда гана, биз алар белгилеген жерге, тагыраак айтканда курбум айткан жерге келип токтодук.
— Жүрү !
Курбум экөөбүз кирип бардык. Бизди көргөн жигит ары жактан колун көтөрө гана, акырын " бул жактамын " дегендей, белги берип өзү ордунан козголгон жок. Бизди жандай баскан эки жигит, анын жанында коргоочулары экен көрсө. Курбум жакшы учурашып эле, мени аларга тааныштыра баштады.
— Оо келгиле сулуулар кандайсыңар анан?
— Биз жакшыбыз го �өзүңөр?
— Курбум сүйлөп отурду. Эмнегедир жигиттин мамилеси, жүргөнү, баскан турганы мага жакпай турду. Анын үстүнө аны курбум, каалаганын кыла алат дегенчелик эле бардай эле.
— Оо сулуу анан сүйлөңүз ?
Мени кызарган, кызуу баскан, көздөрү менен карап алды.
— Бизде баары жакшы жүрөбүз!
— Аа жакшы анда?
— Эмне ичесиңер суу , же башка нерселердиби?
Бизден жооп күткөндөй, карап алышты.
— Мага жөнөкөй эле суу берсеңер болот.
Мага деле !
Курбум да артымдан кайталап, сүйлөп алды.
— Макул
Оозунан сөз чыга электе, эле аркы тейлеген кызматчы жигит бизге суу алып келгени жөнөп кетти.
Бир аз отуруп убакыт кеч болгонун да, билбей калыппыз.
— Биз кетүүбүз керек жакшы калгыла? Колумдагы саатымды карап алып, аларга кайрылдым.
— Оой ээми элеби ? Отургула аз маз.
— Жоок кеч болду.
Курбум экөөбүз отургула дегенине карабай, сыртка чыга, үйдү көздөй жөнөдүм эмнегедир жүрөгүм түпөйүл боло, ал жерден кетүүгө шаштым.
— Дагы отурсак болмок деген курбум маанайы түшө, араң кетип жатты.
Үйгө кеч келип, бөлмөмө чыгып баратып апамдын сөзүн кулагым чалып калды.
— Ээми эмне болот?... Сен өзүң да билбейсиң кимдер менен байланышып алганыңды.
Апакем эмнегедир табышмактуу сүйлөп, атамды кейигендей болуп жатты.
— Кайгырба ! Баарын өзүм кылдым, өзүм тартам .
Атамдын үнү мага аябай башкача угулуп турду.Ичимден сурагым келсе да, мен атамдын ишине аралашкан эмес экенмин. Бул нерсе атама өөн учурашы мүмкүн эле." Эрте менен өздөрү бир нерсе айтаар " деген ойдо бөлмөмө акырын чыгып кеттим.
Канчалык аракет кылбайын, кирпик кага албай койдум. Түн бир оокумда бөлмөмдө чыракты жагып ала отура бердим. — Кызык эмне болду экен аларга?
Атамдын үнү, Апамдын сүйлөгөн сөзү, кулагымды жаңыртып турду. Ичимден бир жамандык болуучуудай туюлуп, кыйнала бердим. Ошентип жатып, таң атаарга жакын уктап кетипмин. Мени бөлмөмө кирген, апамдын үнү селт ойготту.
— Апа эмне болду?
— Чууш унчукпа !
Апам колу менен оозумду баса, көзүмө карады. Апамдын көзүндө, кандайдыр бир сыр бар эле. Таң кала эмне кылуумду билбей, апам айткандай гана тынч отурдум. Сыртта күбүр, күбүр эткен жоон эркектердин үндөрү бирөө эле эмес , эки үчөөнүкү угулду. Алар атам менен, алда бир нерселерди сүйлөшө, кээ убакта тартышып да кетип жатышты. Сөздөрүн толук уга албасам да, катуу чыккан үндөрдөн, алардын кээде уруша кетип жаткандарын даана байкап турдум. Ким билет дейсиздер ? Балким апамдын кечээги сөзү, ушул инсандар тууралуудур?... Бирок эч нерсеге ишене албай да, түшүнө албай да турдум. Бир топтон кийин гана, үндөрү басыла ,сыртты көздөй бараткандары байкалды. Качан гана
Эшикти тыкылдаткан, үй кызматчы кызыбыз кирип " кетишти " дегенде, апам үстүнөн оор жүк түшкөндөй, терең дем алып алды.
— Атам да кеттиби?
— Жок үйдө.
Кызматчы кыздын берген жообун угаарым замат, атама көздөй шаштым.
Атам бир ордунда тынч ала албай, ары - бери басып жүрүптүр.
— Атакем !
Шарт караган атамдан өзүмө жооп күткөм. Бирок атам мени карап алды да, өз кызмат бөлмөсүнө карай басып баратты.
— Кызым азыр эмес ! Анан сүйлөшөбүз. Атаң бош эмес !
Сөзүмдү кесе сүйлөгөн атам бөлмөсүнө кирип кетти.
Адатта эч качан атам ал бөлмөдө экенинде, эч ким анын тынчын алган эмес элек. Мен да атам өзү оюн жыйып алып, анан айтаар баарын деп күттүм.
Апам да мага эч нерсе деген жок!
Тек гана " алар ким деген " суроомо, " атаңдын эски достору " деп кутулду.
Ээх Апакем көрсө мени дале кичинекей, ошол эч нерсе түшүнбөгөн жаш, ошол секелек кыз катары көрөт тура. Балким " бул ак - караны көрбөй эле койсун дедиби ? " Ким билет дейсиз?... Алар атамдын тааныштары эмес эле. Апамдын мага жөн гана айландырып айтканын баарын түшүнүп турганым менен, апамды да аяп турдум. Анткени көзүндө коркунуч бар эле.
Эч кайда чыккым келген жок. Адатымча күндө көңүл ачуучу жайларга баргым келбей турду.Түштөн ооп калганга чейин бөлмөмдөн чыкпадым. Болгону үйдө эмнелер болуп жатканын түшүнгүм келди. Бирок мен жооп күткөн атам, күнү бою бөлмөсүнөн чыккан жок. Качан гана, кечки тамакка чакырган кызматчыбыз киргенде баарыбыз топтолдук.
Атамда апам да бири бири менен такыр сүйлөшкөн жок. Адатта күндө шайыр шатман, үйүбүздөн конок үзүлбөгөн, жүздөрүндө күлкү ойногон атам менен апамды азыр көрбөй турдум. Эптеп алаксытыш үчүн, ортодогу тынчтыкты буздум.
— Атакем ! мен дагы жумушка кирмекчи болуп жатам.
Атам менен апам мени башкача карап алышты.
— Эмне экен? мен деле жогорку билимдүүмүн, ээми иштеп атама жардам берсем дейм .
Мен үмүт менен жылмайа апамды карап койдум.
Атам да макул болгондой, жүзүндө жылмайуу пайда болду.
— Анакей атам маакул болду ээ атаке? Мени кызматыңызга аласызбы?
Адатымча эркелебей, жөн гана, олуттуу суроо бергендей атамды карадым. Атам да жылмайып алды.
— Мен макулдугумду бербедим !
Бирок бир нерсеге ынандым. Менин эрке кызым чооң, акылдуу кызга айлана баштаптыр. Атамдын сөзү жүрөгүмдү жибитип жиберди. Апам болсо, дале бир нерсенден тынчсыздангандай болуп турду.
— Иий неге антесиз маакул болуңуз да мен да сиздин кызматыңызда ордумду тапмакчымын. Мен баарын түшүнөм гоо.Колумдан деле иш келет аракет кылсам.
— Кеп анда эмес !
— Анда эмнеде ?
Эч нерсени айтпаган атам да, апам да үн катпады.
— Макул анда кеттим ! Мен башка жакка иштейм сүйлөшүп келгем кечээ.
Ордумдан тура жөнөдүм эч кимди укканым да жок. Жөн гана башымдагы ойлордон арылгым келип, унаама отура жылып кеттим.
Башымдагы ойлорумдан кутулууну эңсеп, унаамды айдап алып кете бердим. Болгону атам менен апакемди коркутуп койууну ойлогон элем.Алардын эркеси болгонум үчүнбү, бар айтканымды жасатып көнүпмүн да. Алысыраак жерде жашаган курбума коңгуроо чалып, ага келгенимди айттым.Курбум дароо эле сыртка чыга калды.
— Кел ! эмне болду мынчалык кечте?...
— Эч нерсе, жөн гана айланып келип калдым.
Аа жакшы анда кана жүрү үйгө кир.
Ал күнү курбумдун үйүндө калып кеттим. Бирок дале жанагы ой мени жей берди.Уктай да албадым. атамды ойлой кыжаалат боло бердим. Таң ата гана уктап кетипмин курбум да чарчаганымды байкаганбы, айтор ойготпоптур. Качан гана көзүмдү ачканымда, күн түштөн ооп калыптыр.
— Ойгондуңбу? Кандай эс алдың?
— Курбум ары жакта, отургучта отурган экен.
— Ооба саат канча болуп кетти ?
— Убакыт эрте эле андан көрө бар да бир сыйра чайканып ал .
Курбум колума сүлгүнү кармата, жуунучу бөлмөнү көрсөттү.
— Макул!
( уландысы бар ).
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2