Эртең менен жумушка шашып баратып, эмне болгонун өзүм да боолгой албай калдым. Же, жер сыйгалакпы, айтор тизем менен сүрүлүп түшүп, "көзүмөн от жанды". Тиземди сыйпалай, кичинемден көндүм болгон адат боюнча "тфу, тфу, тфу" деп үч түкүрүп🤦♀️ ордумдан турдум. Басайын десем ооруксунат. Аңгыча телефонума чакыруу келди, карасам апам, видео звонок менен чалып жаткан экен. Боюмду түздөй зымпыя түштүм.
--Оов апа.
Апалардын көздөрү өзгөчө жаралганбы, бир нерсени сезгендей..
-- Балам эмне болду, кебетең башкача.
Мен сыр бербей
-- Бары жакшы, шашып бараткам.
--Өңүң башкача, тамак ичип чык деп канча айтам сага, кебетеңди карачы купкуу болуп.
-- Апа, сизге ошондой көрүнүп атат окшойт.
-- Көрүнбөй нетпей эле, бирдеке болгонго??
Болду жашыра албайсың, үшүп да кеттим бир орунда тура берип. Бассам аксалаңдаганымды көрөт, демек айтуу керек🙆♀️
--Шашып баратып, жыгылып кеттим..
---Анан...катуу тийдиңби?? Кайсы жериң?? Эмне болду??
---Тизем менен сүрүлө түштүм, бир аз ооруксуп атат дедим, көздөрүмө толо түшкөн жашты жашырганга аракет кылып.
--Балам ай, тизеңен айланам, кана басчы десе..
Араң турган жаным, "бырылдап" ыйлап жөнөдүм. Бир басыла алсамчы, өзүм төрт балага эне болсом да, азыр апамдын алдында "кичинекей бала" болуп турдум.
--Караныңан айланам, алтын кызым менин, балым, таттум, ыйлаба азыр басылып калат.
Кичинекейим "май, май" кызымдын буту айыгып калсын деп карбаластайт берекем апам оов.
Көз жашымды тыя албай, бошоп кеттимби ого бетер шолоктодум🤦♀️
--Бас эми бутуңан секет кетем.
"Май, май, май" кызымдын буту оорубасын, аман болсун деп, алаканын жая бата кылган апам.
Байкасам чын эле, оруганы басаңдап калгандай, акырындан басып жумушка жете келдим.
Ары бери басып, алаксып жүрүп, бутумдун ооруганын да унутуп калдым.
Апакемдин "май, май" даарысы алыстан эле айыктырып койгондой.
Мына ошентип, атакемдин тура кой, "үч түкүр", апакемдин азыр басылат "май, майы" алыстан өз кучактарына кысып, бир күн кайрадан "кичинекей, ыйлаак кыз" болдум.
Кичине кезибизде бардыгыбыз эле "май, май" дары менен айыксак керек ээ??
Сиздерде да ушундай "май, май" "үч түкүр" деген даары бар беле?? Менде азыркыга чейин дагы эле бар экен😊
А. Ж.
25.01.2024.✍️
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5