8 БОЛУМ
#АбаккаТуртконСуйуу
Маматты Эсен үйүнө алып келип эс алсын деп жаткырып койду.Өзү дары алып келгени дары кана га барып келди да уктап жаткан Маматты тигилип карап турду да жанындагы Шакенге ооруканага жаткырыш керек,деди.
--Акыл эсин жайындабы ,эмне деп жаткырабыз?-деп чочуп кетти Шакен.
---Андай кылбасак биз күнөөлүү болуп калабыз.
--Эмнеге күнөөлүү болобуз,биз токмоктогон жокпуз го.
---Ооба,биз урбадык,бирок тигилер кетип жатканда сооп соо болчу.Алар айтат да жакшынакай эле калган,бир аз мамилелерин такташып алышкан,биз күбөбүз деп.Ушул экөө калган бир нерсе кылышкан болсо керек деп күнөөнү бизге оодарышат.Себеби,алар көпчүлүк .Баары бир ооздон айтышса,ошолордуку туура болот.
Эсендин айтканына Шакен ойлонуп туура айтып жатат деп жыйынтык чыгарды.
Экөө Маматты ойгонуп кетпесин дегендей шыбыраша сүйлөшүштү да эшикке чыгып кетишти.
Мамат ойгонуп ачылбай калган көзүн кыбыратып соо көзү менен жанында эч ким жок экенин көрүп,Эсен деп чакырды.Маматтын үнүн уга калган Эсен менен Шакен жарыша кирип келди,,Кандайсын,түзүксүнбү ,"деп сурашты
Жооп бербей эле суу бергилечи деди.Суу алып келген Эсен дагы эмне деер экен деп күтүп калды.Алып келген бир чөмүч сууну суу көрбөгөндөй акырына чейин калтырбай ичти да,оозун арчып алып тиги экөөнү карап туруп ,,арак барбы,денелерим жанчылып ооруп жатат,ооруганын сезбей калайын анын күчү менен, деди.
--Сен коё тур арагыңды,сени ооруканага жаткырыш керек,деди,Эсен.
---Оорукананага?Эмнеге,ал жакта эмне болду деп сурайт да.
---Сурайт деп бекинип жата берсең ,майып болуп калсаң эмне болот,алдагы көзүн жабылып калыптыр.
Жабылган көзүн кармалап коюп сөгүнүп кирди,,Шашпаа,бары бир өчүмдү алам.Менин ким экендигимди билбейт экенсиң.Туулганыңа өкунөөрсүң",деп,Мырзабектин дарегине сөгүнүп кекенип атты.
Сүйлөшүп отуруп бир чечимге келишти.Мас болуп калган экенмин ,артымдан келип бирөөлөр келип жыгытып,анан тепкилеп кетишиптир дейбиз деп үчөө макулдашып алышты.Сыр ачылбай жабылуу бойдон калсын ,болбосо Алымбек аганын эскертүүсүнөн кийин билинип калса,өздөрүнө эле жаман болорун сезиши да башка жан адам билбесин деп сүйлөшүштү.Маматтын ата энесине да ошентип айтабыз ,антпесе айылды түп көтөрө чуу салып жашыруун сыр ачылып шерменде болобуз дешти.
Мамат ушунча токмок жейм деп ойлободу эле.Өжөрлөнүп кайра кайра барып урам го деп жулуна берип, бетине тийген мушту да сезбеген экен,эми шишип көөп чыкты.Алымбек ага ,,болду,токтотосунбу дегенде эле,токтотсом болмок экен",деп, ушундай болуп кеткенине өкүнүп жатты.Мырзабектин ушундай мушташ ыкмасын өздөштүрүп алганын билбей теңиме албаганыман ушу болду.Бир эки чаап коркутуп койгон мезгилим өтүп кетиптир,деп,ой жүгүрткөн Мамат,бир туруп таяк жегенине өкүнөсө,бир туруп Мырзабектин кол көтөрүп сабап салганына ызырынып кекенет.
Тез жардамды чакырышты.,Жетип келген врач Маматты көрүп чочуп кетти да ким сабады деди.Сүйлөшүп алгандай билбейбиз,түндө сабап кетиптир деп айтышты эле,дароо машинага салгыла ,деп врач алдыга түшүп жөнөдү.Маматты колтуктап Эсен тез жардам машинасына чыгарды да оозунан чыкпасын дегендей сөөмөйүн оозуна такап койду.
Ооруканага барган Мамат палатага жаткырылып,мед айым ачылбай калган көзүн даарылап ,мазь шыбап туруп танып койду.Врач эмне болду ,ким сабады, деген суроосуна билбейм деген эле жооп алып палатадан чыгып кетти.Бул иш милицияларга кабарланып дароо эле эки милиция жетип келишти да Маматты тескеп сурай башташты.
Ким урду, эмне себептен ушундай акыбалга түшүп калдың.Айтпа дедиби?-дешип ,бир саатча Маматтын башын башын оорутуп анан чыгып кетишти.Андан соң бул кабарды уккан Маматтын апасы жетип келди.Каридордо эле кыйкырган үнү чыгып ,апасын келе жатканын билди.Халат кийип алыңыз деп артынан халат кийген мед айым экөө ээрчишип кирип келди.Эшиктен кирип эле :
---Ай иий ,балам ,сени ким бул акыбалга салды ,жашабагыр,ким болсо да түбүнө жетем.Түрмөдө чиритем деп ,оозунан шилекейин чачыратып Буркан шаркан болуп сүйлөп жатты.Ма аттын танылган көзүн сылап бир туруп ыйласа,бир туруп ачууланып жатты.
---Ким урду,айт балам,коркпо,мен аны таап башына адам көрбөгөн азапты салам.Эмнеге урду,тааныйсыңбы аны,Жердин астына кирип кетсе да чукуп таап чыгам,деп,өзүнө өзү ээ боло албай ачууланып жатты.Билбейм апа деген Маматка ишенбей кайта кайта сурай берип тажатты.
---Сенин тиги эки шүмшүк досторуң урбадыбы деп ,шак аларды эстегенге сүйүнүп кетти.Ошолор кылды ээ,айт чыныңды,жашырба.Эгер ошолор болсо урган колдорун,тепкен буттарын сындыртам ,деп,чындап эле ошолор болсо азыр эле барып сындырып салчуудай ызырынып жатты.
---Жок ,апа, уксаңыз.Алар эмес,алар мени таап үйүнө алар барышыптыр,мен мас элем,деп чындыкты айтпай жашырып жатты.
---Оо, кудайым ай,бул эмне деген шумдук,менин баламдан өчүн бар беле,деп ,ыйлап палатаны чууга салдып үч көтөрдү.Апасынын токтобой жатканын көргөн Мамат болду кылынызчы апа деп кагып койду.Кошо жаткан оруулуулар Маматтын апасынын түрүн көрүп эле чыга качышты.Акыры тынчыган апасы коштошуп чыгып кетти да жөн кетпей врачты жакшы карагыла,бир нерсе болсо ишиңен айдатырып жиберем деп кыйкырып анан жонундагы халатын алып туруп мед айымдын бетине каратып ме деп ыргытып жиберип кетип калды.
Ал жерден чыккан апасы туура эле милиция бөлүмүнө барып ,, жанында эки шериги дайым кошо жүрчү,бир болсо ошолор билет,же ошолор урган ",деп маалымат берип текшергиле деп ,аларды да карабасаңар жогорку жакка арызданам деп чыгып кетти.Аялдын сүрүнөн чочулаган милициялар дароо эле Эсен менен Шакенди таап келишти.Бир бирден суракка алды эле экөөнүн тең сөздөрү бирдей чыкты .Коркутуп да алдап да сурашты.Такыр оң жооп алышпай акыры койо бергенге мажбур болушту.Чындыкты айтса өздөрүнө да иш козголоорун айткан Алымбектин сөзү буларды кыйла жипсиз байлап турган эле.
Мырзабек дагы эки үч күн сабакка барбады.Бул күндөрү Анараны көргүсү келип сагына тушту.Кундузу көрүшөйүн десе бетиндеги көк башкаларга байкалып ушул уруп жүргөн болбосун деп , шек жаратпайын деп чыкпады.Түндө болсо рейд жүрүп атыптыр деген имиш угуп ошого чыкпады.Ансыз деле кабырга тушу ооруп,басканда кармап алып басып жаткан.Эки үч күн эч жака чыкпай жатканынан оруган жерлери басылып, көгү да кеткендей болуп калды .
Эртеменен кийинип чыгып Анараны күтүп калды.Алыстан Анара көрүнүп сабакка шашып келатканы байкалды.Анараны көргөндө эле жүрөгүндөгү көрүнбөгөн жалыны дурр этип кеткендей болуп,сагынып калганын сезди.Анара келип кол сунуп,, салам",деп жылмайганда,Мырзабек назик колун кармап ,, саламатсыңбы "деп, учурашты.Анаранын балапан жыттанган жыты менен куюнган жыпар жыттуу духисинин жыты Мырзабектин мурдуна жыттанып бир секундка гүлдүү шалбаада чалкалап асман карап жатып алып гүлдүн жытына мас болуп жаткандай болуп кетти.Кеттикпи деген Анаранын үнү Мырзабектин чабыттаган оюн бузуп кетти.Оюн билип калгандай чочуп ооба ,ооба ,деп шаша жооп берип чогу басып мектепке карай басышты.
---Мырзабек,бир нерсе сурайын ,жашыруун болбосо айтып берчи,деп,Анара биринчи сөз баштады.Макул деген Мырзабектин жообун уккандан кийин мындай деп сурады:
---Мырзабек,мен сени тиги Мамат менен урушканынды билем,ошону баары мен үчүн болдубу,деп Мырзабекти тиктеди эле,Мырзабек көз карашына туруштук бере албай көзүн ала качты.
---Мага ишене бер оозумдан чыкпайт,ургандарды издеп жатканын да билем,Мырзабек.Эгер мен үчүн урушкан болсоң мени кечирип кой,сени түйшүккө салып койдум окшойт.Бетиндин көгүнөн эле билгем урушканынды.
--Жоок,эч кандай түйшүк болгон жок,мен сен үчүн баарына даярмын.Сага асылып тийишкенин укканда чыдай албадым.Ансыз да аны менен эсептешүү керек болчу,чектен чыгып тажаткан эле.
--Рахмат,Мырзабек,мен үчүн өмүрүңдү тобокелге салдың.
---Анара,сен үчүн жаным курман.,деди да--чындап айтсам ,мага жагасын Анара.
Мырзабектин мындай сөз айтаарын билип жүргөн Анара ,жагасын деген сөздү угуп алдастап түштү.Бир аз ойлоно басып келди да сөздү башка жака буруп ,,тигил,ооруканага түшүп калыптыр",деди.Мырзабекке жооп бербей эле башка нерсени сүйлөгөну уялып ,тартынганы эле.
---Ооба ,ошондой болуптур,деди Мырзабек.Бирок эчким билбесин деп Анарага да эскертип койду
Билем,деп Анара мектепке келген башка окуучу кыздарга кошулуп ичкери кирип кетти.
Анаранын жооп бербегенин Мырзабек эки түрдүү түшүндү.Биринчиси,сен да жагасың деп айтуудан уялды экинчиси ,мага азыр сүйүшкөнгө эрте ,деп.Макул кайсысы болсо да ыңгайы келгенде айтаар өзү ,деп ,ойлонуп жатканда эжей кирип келип баары туруп саламдашып баштады.
Мырзабектин келип калганын көргөн эжей
--- Капаров,эмне сабакка келбей жүрөсүң,деп сурады.
---Ооруп калдым эжей ,деп ордунан туруп жооп берди.
---Быйыл бутуруучу классыңар,экзамен болот унутпагыла.Сабактан калсаңар экзаменди кантип тапшырасынар?-деп,эжей бир аз сүйлөнүп ,анан отур деп сабакты улантты.Сабакка көңүлү деле болбой тыңшап отурганы менен Мырзабектин ою бир туруп Маматта болсо ,бир туруп Анарада эле.Мамат сөзүнө турбай айткан болсо анда милицияга барып жооп берип жатканын элестетет.Бирок ишенгени Алымбек ага.Себеби,баарына ошол ага күбө.Маматтын өз макулдугу менен ошол тирешүү болгон.Эми ошол таяктады десе,анда акмакчылыгы,сөзүнө турбай айтып салса өзү да башка кылмыштары ачылып жооп берет.Бирок,ооруканадан чыккан соң тынч жүрөт деп эч ким кепил боло албайт.Ал ушундай жашоого көнүп калган,абайлаш керек деп ойлонуп жатты.Эмнеси болсо да Алымбек агага барып Мамат жөнүндө сурагысы келди.Анаранын жооп бербегенин ойлонуп анан жооп берер деп ишенип турган.
Сабак бүтүп тапшырмаларын алган соң классташтар үйгө баратышты.Бири бирине тамашалашып тийишип келатышып классташтар бир бирден калып отуруп Анара менен эле Мырзабек калышты.Жай басып сүйлөшүп келатып Мырзабек үйүнө жакындаганда Анара мени узатпай эле кой, эми коркпойм деди.
---Рахмат,жолдогу тоскоолдуктарды тосуп жаныңды тобокелге салып мен үчүн урушканына .Жооп бербеди деп капа болуп жаткан жоксуңбу?Мен ойлонуп жаттым .Сен дагы жагасын Мырзабек.Мен сени сүйөм деди да Мырзабектин бетинен чоп этип өөп туруп ,уялгандай чуркап үйү тарапка жөнөдү.Артынан бетин кармаган боюнча тилин жутуп алгандай Анаранын артынан карап тура берди.
УЛАНДЫСЫ БАР....
КАНЫБЕК КЫРГЫЗБАЕВ.
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3