Сезим Рапияны өмүрүндө көргөн эмес, анын кайда, кимдин колунда чоңойгонунан да кабардар эмес эле, бирок ал өзүнүн кудай берген ишараты менен гана бул үйдү таап алып келип калды. Анткени, мындай болду. Ал уктап жаткан, бир кезде түш көрдү. Ал турсун анын көзүнө түшкөн таксинин, тайкеси Камчынын жашаган үйү баары көзүнө көрүндү да ушул үйдө керебетте жаткан Рапия даана көрүнүп: "ушул аялды сен гана айыктырасың, болбосо ал өлүп калат, сен аны сөзсүз айыктырышың керек!" деген үн угулду кулагына. Сезим эртең менен туруп алып эч кимге айтпай үйүнөн чыгып турган таксинин жанына келди да түшүндө көргөн адрести айта салды эле, таксист:- Билем, жол акысын ойдогудай төлөсөң тез эле жеткирем, - деп жылмая күлдү.- Төлөйм, кеттик! - деген Сезим көп күтпөй эле так#### отуруп жөнөгөн эле. Бул учурда Ишенбек менен Кымбат Сезимди жаткан бөлмөсүнөн таппай өздөрүнчө будуң-чаң болуп жаткан.Ошентип Сезим Рапияны массаж жасап өзү ала келген дарылардан берип май сыйпай баштаганда Шайгүл ордунан турду.- Рапия кызым, мен кетейин, эмки жума келем-деп Рапиянын чекесинен өптү-өзүңдү сакта, көп эле кейип ыйлай бербе! - деди да сыртты көздөй жөнөдү. Рапия башын ийкеп койду. Сезим болсо өзүнүн дарылоосун улантып жатканда Камчы келди жумушунан. Таалайкүл ага эртеден бери болгон жаңылыктарды айтып саймедиреп жатты.- Эми дагы бирөөсү келип алып тимеле тирилтип ийе тургансып буту-колун ушалап жатат, эми кайдан жакшы боло коймок эле, куру убара тарткан эмелер да, буттары кадимкидей куурап баратпайбы. - Койсоңчу, жакшы болсо болуп кетсин, арыктаганга эле куурагандай көрүнүп атса керек, көп сүйлөбөчү, андан көрө жуунтуп койдуң беле?- Ооба, жуунтуп таза көйнөк кийгизип койгондон кийин биринин артынан бири келип жатпайбы, кудайга тоб-боо, сен периште болдуң ай, болбосо баягы бойдон сарайда болгондо уятымдан өлмөк экем.- Эркектин айтканын угуп жүрсөң ажылдайбай, мен сени жаман болсун демек белем, кана тамак ашың даярбы, тиги кызды чай ич деп койбойлубу? - Үйгө кирсең, врачмын деген эмеге нан да ооз тийгизген жокмун, өзүм карбаластап жүрүп кеткенин көрбөй калдым.- Врач келсе даам ооз тийгизбегениң уят го? - Камчы аялына кабак бүркөй үйгө кирди. Алар эрчишип Рапиянын үстүнө киргенде Сезим анын буттарына чылпылдатып май сүйкөп алып ушалап жаткан эле. Колдору тынымсыз иштеп жаткан кызды көрүшүп экөө тең бир топко карап туруп анан Камчы Сезимге карап унчукту:- Кызым, чай ичип алчы, күн кечкирди.- Жүрө гой кызым чай ич, - Таалайкүл да шыпшына аны карап чын ниетинен аны жакшы көрүп сүйлөдү. Сезим үн каткан жок, үнсүз гана Рапиянын буттарын сылап өйдө ылдый колдорун иштетип отура берди. Камчы: "кудай уруп кулагы укпаган немеби, өзү татынакай кыз экен" деп ойлоп алды. Таалайкүл да ошол ойду ойлоп аткан эле. Экөө кайрадан чыгып кетти да бир аздан кийин Таалайкүл кайра кирип чакан дасторкон салып тамак ашын алып келди да Сезимге карай "тамак ич" дегендей белги берип чыгып кетти. Сезим болсо эч нерсе сезбегендей бир калыбынан жазбай отура берди. Рапия анын кыймыл аракетин карап жатып: "Кагылайын каралдым ай, силерге түйшүк салдым го, экөөнү эки жакка бөлсө керек, мени угуп анан келген го, Ишенбек муну окутуп койгон экен, врач го?" деп ойлоп жатып жаны жыргап уйкуга кеткенин сезбей калды. Сезим негедир ошол ооруп сакайгандан бери киши менен сүйлөшпөйт оорулу менен гана сүйлөшпөсө үйүндөгүлөргө ооз ачып сүйлөп же тамак ичпейт. Карандай гана кайнак суу ичип жүрө берет. Ооруну касиети го деп Ишенбек менен Кымбат да таң калышчу. Таалайкүл алып келген тамакты Сезим Рапиянын башын өйдөлөтүп туруп колуна карматты:- Ичиңизче ичиңиз, сиз айыгасыз, мен сизди сакайтып анан кетем, мен ошондой тапшырма менен келгем.- Ким тапшырма берди эле? - Рапия таңдана сурады.- Анын сизге тиешеси жок. - Сезим сөз бүттү дегендей кайрадан өз ишин улантып үнсүз отуруп калды. Рапия чыныны кармаган колу талып бир аз ичти да Сезимге сунду, ал чыныны кайра ордуна коюп өзү дасторкон четине отура калып оозун кыбырата куран окуп анан бата кылып дасторкондогу даамдан ооз тийип туруп жыйнап койду. Таалайкүл кирип чыныдагы тамакты көрүп Сезимдин жанына келип колун жаңсап тамакты эмне ичпедиң деп белги бергенде ал:- Мага кайнак суу эле керек, башка тамакка убара болбоңуз! - деди эле ал чоочуп кетти:- Кокуй катыгүн, сүйлөйт эле турбайсыңбы, кечирип кой айланайын, азыр кайнак суу апкелем, - деп эшикке чыга жөндү.Убакыт аккан суудай эмеспи, көз ачып жумганча он беш күн өттү. Сезим болсо Рапиянын жанынан карыш жылбай күнү-түнү массаж жасап, майлап, чөптөн жасалган дарылардын үч түрүн ичирип жатты. Негедир Рапия бутун өйдө төмөн жылдырганга жарап калды. Мурункуга караганда жылыш болуп өзүнө да жашоонун үмүтү жанып, "өлөм" деген ойдон алыстап акырындан жакшы болуп келатты.Ишенбек Сезимди издебеген жери калбады. Айылга барып ата-энесине айтып андан Калмураттарга кайрылды эле алар да чочулап калышты. Шаарга келгенден кийин Русланга да айтты, ал милицияга берели деген сунушун айтты. Ошентип анын сүрөтүн алып алышып Свердловский райондук РОВДга барышты. Руслан ошол тушта өз энеси Рапия жөнүндө катуу ойлонуп жүргөн эле. "эмне кылсам, шаардагы майыптарды баккан үйгө алып келип тапшырсамбы, Зуураш бага албайт. Жок дегенде тазараак болот эле, тиги жеңеси аны кордоп күн көргөзбөөчүдөй түрү бар экен, эмнеси болсо да бир айласын табыш керек" депсар санаада жүргөндө Сезимдин кайрадан жоголуп кетиши аны ого бетер ойго салды. Ал айылга барып ата-энесине жолугуп өз оюн бөлүшкүсү келди. Айылга жөнөмөкчү болуп турганда Ишенбек келди да:- Руслан, Сезимди апасынын үйүнөн бир карап көрөлү, болсо ошол жерде болот болбосо кайдан издээримди билбей башым катып бүттү, агын сууларды, моргдорду издей берип тажадым-деди эле, Руслан таң калып:- Аякка кайдан бармак эле, анын үстүнө аны ал билбейт эмеспи-деди. - Жо-ок Руслан ал өткөндө Кымбатка айыптыр, сен өз энеңди айыктырышың керек деп жатат кишилерим деп, ошону эстеп сага келдим, сен билесиңби анын дарегин?- Билем, барса баралы, атамдарга кайрылып аларды ээрчитип алсак кантет?- Макул, жүрү кеттик. Экөө "Кара-Балта" -"Бишкек" маршруткасына түш ченде отуруп жөнөп кетишти. Алар келгенде Калмурат үйдө жок болчу. Айсалкын аларды чочулай тозуп алды.- Эмне болду, Сезимден кабар барбы?- Жок, эми акыркы үмүт аны Рапиянын жашаган жеринен издеп көрөлү, болбосо арга канча, - Ишенбек үшкүрүнүп отуруп калды. Ишенбек чындыгында эки оттун ортосунда калган. Ал жан алы калбай Сезимдин тагдырына күйүп бышкан сайын Кымбат: "шаарда жүрүп сен Сезимдин апасы менен жашагансың да, болбосо эмнеге эле жандаластап ага жүгүрүп атасың, мен издебейм, этпейм, сенин өз кызың экен издей бер, ушундай машакаттуу кыздан тажап кеттим!" деп кийинки күндөрү таптакыр Сезим жөнүндө сөз кылбай калган. Ишенбек жумушун таштап аны издеп чарчап келсе да эч нерсе сурабайт, тултуюп унчукпайт. Ишенбек ага эрегишип өзү да айтпай Руслан менен Кара-Балтага жөнөп кеткен. Айсалкын, Руслан Ишенбек болуп үчөө Кайыңды айылына барып Таалайкүлгө сырттан жолугалы дешсе үйдөн эч ким чыкпады. Ошондо ал базарга кеткен эле. Алар түз эле Рапия жаткан бөлмөгө баш бакканда Сезим чоочугандай артына кылчайып бир карап алды да кандай тез бурулса дал ушундай кайра артына бурулду да бир аз туруп калчылдак басып жыгылып түштү. Тигилер топурап эле Сезимди тегеректеп калышты. Ишенбек Русланды карады.- Уулум, сен сыртка чыгып турбасаң болбойт, баарын кайрадан эстеп алып, балээ болбосун, Айсалкын экөөң унчукпай эле койгула дагы ооруп калып жүрбөсүн.- Макул, - Руслан эшикке чыгып кетти. Рапия болсо тилден калгандай мелтиреп ордунан козголууга дарманы келбей жатып көздөрүнүн кычыгынан мөлтүлдөп жаш куюлуп Сезимди карап жаткан жеринде катты.Бир топтон кийин Сезим көздөрүн ачып:- Силер мени жайыма койгулачы, мен оорулуу адамды дарылап жатам, оорулуу айыкмайын мен артка кайтпайм! - деди.- Макул кызым, өзүңө да кара, биз кетели! - Ишенбек аргасыз Сезимди бетинен өөп, чачынан сылап койду да Айсалкын экөө ээрчише эшикке чыгышты. Рапия дале үнсүз: "Кудая тоб-бо, ушундай да айкөл аял болот экен ээ, бирөөнүн төрөгөн баласына өз баласындай жаны ачып жүгүрүп жүргөнүн кара!" деп Айсалкынга ыраазы болуп атты.Сезим Рапияны жанынан карыш чыкпай карап жатты. Рапия болсо күндөн күнгө көңүлү сергек болуп айыгып келатты. Ал бутун өзү көтөрүп, ары бери жылдырганга жарап өңүнө да чыгып калды. Бирок Сезим баягы калыбынан жазбады, сүйлөбөдү. Рапия ага бир деме дегенден тартынат. Шайгүл Бокойова болсо тынбай келип турду. Кийим кеченин жаңысын алып келип кийгизип, тамак ашты толтуруп, керектүү дары дармекти да даярдап, күчтүүлөп тамак берип карап жатышты. Арадан эки жарым ай өткөндө Рапия такандап басып калды. Шайгүлдүн кубанганына чек жок, өзү врач болуп туруп кенедей кыздын билгенин биле албаганына, ошол кыздын күчтүү кудуретине тан берип ыраазы болуп турду. Бир күнү Сезим сыртка чыгып бир эки сат жоголуп кеткенде тынчсыздаган Рапия жанында отурган Шайгүлгө эшикти бир карап алып мындай деди:- Мына бул Сезим менин кызым, эмнегедир сүйлөшпөйт же сырын айтпайт, кудайдын кудуретиби мени ушул дарылабаганда эмдигиче өлмөк белем…-деди. - Ошондой, өзүңө окшошунан ойлодум эле, мейли аман эле болсун, ар нерсени айтпай эле койо тур. -Шайгүл ага өз акылын айтты.- Ооба, эч нерсе айтпайм дечи, бирок жүрөгүм бир жамандыкты туйгансып атат, бул соо эмес, эмне балакет болгонун билбейм, баягы Ишенбектер келгенде "кайрадан эстеп алып ооруп калбасын" дегени эсимден кетпей койду, сиз барып андан көрө билип көрүңүз..- Жаман ойлой бербе кызым, барса барып сүйлөшүп келейин.- Ошентиңизчи, жаным жай алып калсын, алардын кабарын угуп, жакшылык эле болсо экен.- Эч кам санаба, сөзсүз мен барып келем. -Шайгүл оозун жыйгыча Сезим кирип келди да:- Сиз эми жакшы болуп калдыңыз, мен кетишим керек, - Шайгүлдү карап, - Сиз болсо эми мен көрсөткөндөй кылып дагы бир ай карайысыз, анан кадимкидей болуп кетет, бирок дагы бир коркунуч бар…-Сезим бир азга үнсүз туруп Рапияны карап, - Эми көзүңүз көрбөй калуу коркунучу турат, - деди да алар менен шаша кошотошуп чыгып кетти. Шайгүл да Рапия да эч нерсе дегенге даабай кала беришти. Канчалык убараланып карап, дарылаган менен Рапия өзү басып кадимкидей болуп калган кезде жакшынакай туруп эле заматта көзү бозоруп, башы айанып барып көзү көрбөй калды. Бул кезде Шайгүл үйүнө кеткен эле. Ал ортодо Шайгүл Калмураттардын үйүндө болду. Аны көргөн Айсалкын жадырап жайнап тозуп алып дасторкон жайып чай койду. Канчалык улуу адам болсо да акыл болбосо анын алдында адамгерчилик, адамдык сапат жогору болсо баарын жеңет эмеспи. Айсалкын Шайгүлдү сыйлап аны врач катары кабыл алды.- Кызым, - деди Шайгүл, - Бу Рапиянын эки уулу бар тура, жүрөгүңдү оорутуп берген суроом үчүн кечирим сйрайм, ал мага ошол уулунун улуусу кызы менен баш кошуп алганда өлөйүн деп кулап ушул абалга келгенин айтты эле, мүмкүн болсо алар эмне болду, айтып бере аласыңбы?- Эже… эже ал уулубуз аны билип калып өзүн өзү асып алган, мына жыл айланайын деп калды, - Айсалкын ыйлап жиберди, - ошондой, эже.. Айсалкын болгонун болгондой кылып баарын төкпөй чачпай айтып бергенде Шайгүл да токтоно албай ыйлап отурду: "Байкушум ай, эми эмне болоор экен, куурагыр ай, куурайсың го, жок, жок эч нерсе айтпашым керек" деген чечимге келип, Айсалкын менен жылуу коштошту да жөнөп кетти, Шайгүл келгенде Рапия солуп жаткан болчу. Шайгүлдүн үнүн уга калып ордунан козголуп:- Келдиңизби, кандай жаңылык бар, Рустамым аман бекен, ал эмне келбей атыптыр? - деп шашкалактап сурап ийди.- Эч кабатыр болбо, аман-эсен эле экен, болгону ал сага таарынып келбейм деп коюптур, алыскы Якутияга иштеп кеткен тура, ал эми Сезимге эч нерсе айтпай коюшуптур, ал Рустамдын айтпай кетип калганына капа болуп ооруп айыгыптыр.- Олда кудай ай!!! - деп эчкирип жиберди Рапия, - менин жаным таттуу болду го, өмүрүм узун болуп жаралганымды кара, ушундан көрө өлгөнүм жакшы эле го?!- Койчу кызым, кыйынчылыктын баары артта калды, минтип бутуң басып кадимкидей болуп баратасың, көп кейий бербе, кайгырган менен ордуна келбейт.- Менин шорум көп экен го?! - Рапия көзүнүн көрбөй калганын Шайгүлгө айтпады.- Антпе кызым, денсоолугуңду тиле, - Шайгүл менен Рапия сүйлөшүп жатканда Таалайкүл келди да:- Тамактанып алгыла, - деди экөөнү карай. Шайгүл алдыга чыга берди, Рапия бозомуктап көргөн көзү менен эптеп ордунан туруп аста басып болжолдоп чыгып ички үйгө кирип отурду. Ал азыр караңгы түн баскан өмүрүн тобокелге салып эч кимге билгизбөөгө аракеттенип жатты. Бирок ал бозоруп бүдөмүк көргөндүктөн алдындагы чыныны көрбөй сыйпалап алып нанга колун узатып таппай отурганда Шайгүл чоочуп:- Сага эмне болду, кызым? - деп сурап ийди.- Эч нерсе, бир азаптан кутулсам экинчиси тооруп туруп алды, көзүм бүдөмүктөп атат.- Койчу, чын элеби? - Шайгүл бая күнү Сезимдин айтканын укканы менен көңүлүнө алган эмес, ушул азыр кенедей кыздын айтканын эстеп: "чунак кыз десе, алдын ала билгенин кара, эми эмне болот кокуйгүн?" деп ичинен зыркырап үнсүз отуруп калды. Таалайкүл сөзгө аралашкан жок. Анткени ал азыр баягыдай ажылдабай калган. Тамак ашынын баарын белендеп алып келип атканга кымылдап колунан келгенин жасап жатканы ошондон. Камчы болсо Сезим келип Рапияны өзү карай баштаганда бир койду союп этин илип койгон эле. "Ал Рапиянын басып калганына кубанып жүрдү. Эми минтип көзү карайлап калганын укса ал дагы кейип ага боору ооруйт го?" деп Таалайкүл ичинен күйөөсүн аяп койду.Ошентип күндөр аккан суудай ала салып өтө берди. Рапия эми буту баскан менен көзү бозоруп анча көрбөй отуруп калды.***Руслан уулдуу болуп Калмурат менен Айсалкын шаарга Изатты ээрчитип алып барып калышты. Чоң-ата, чоң-эне небересинин атын ырыстуу бала болсун дешип Ырсбек коюшту. Коңшуларын чакырып жээнтек беришти. Зууракандын колун сууга салдырбай Изат же Айсалкын экөө кезектешип жалаяктарын жууп турушат. Изат болсо кичинекей наристеге ыктап аны колунан түшүрбөй алып көтөрүп кечке эрмеги ошол. Руслан жумуштан келип ата-энеси менен чай ичип отуруп бактылуу үйбүлөө өздөрүнчө бакылдап отурушуп бир кезде сөз Рапия жөнүндө уланды.- Руслан, апаң басып калыптыр, аны Сезим өзү дарылап бастырган тура, мага врач аял келип айтып кетти.- Баскан дурус, дечи, Сезим аны билет бекен же?- Анысын билбейм, врач менден Рустам жөнүндө сураганынан баарын ачык айтып бердим, - Айсалкын Русланды карап: "Эмне дээр экен" дегендей сөзүн улады, - дагы бир барып акыбалын көрүп же бир аз күн үйүңө алып келип коноктоп койсоң жакшы болот беле, уулум.- Азыр колум бошобойт, силер кетсеңер Зууракан да жалгыз калат анан кантип барам, басып калса болуптур, бир күнү барабыз да.- Жок, балам, сөзсүз барып турушуң керек, сен деген анын таянар тоосусуң билсең, силер каттап турсаңар ага ошончолук дем болот.- Ошону убагында сезсе болмок, дагы сиз экенсиз, башка бирөө болсо сизчилеп бар, бар демек турсун табаламак, сизге абдан ыраазымын, апаке! - Руслан Айсалкынды эркелей кучактап өөп койду.- Кыйын учурда табалаган адамгерчилик эмес да уулум, анын ошол абалын көргөн кандай гана адам болбосун ушундай кылмак деп ойлойм.- Эч кандай антмек эмес, ал сиздин чексиз мээримиңиз. - Ким билет уулум, эне баланы бир бирине жоолаштырып, бир биринен алыстатып коюга мен чыдай албайм.- Алтыным апам, сиз болбосоңуз мен ага окшогон энеден алда качан кечип койгон элем, бирок сиздин сөзүңүздү укпай коюга акым жок!- Ыраазымын садага. - Эне бала андан кийин да көпкө чейин кобурашып кичинекей наристени эркелетип алмак, салмак алып отурушуп анан жатууга кам урушту.- Биз эртең жолго чыгалы, барбасак болбойт. -Айсалкын ушуну менен сөз бүттү дегендей ордунан туруп сыртка жөндү.Негедир Изат улам чоңойгон сайын кыял жоругу, баскан турганы Калыбектин өзү болуп баратты, муну сезген Айсалкын ичинен: "кудая тоб-оо, ушунча да окшош болот экен, Калмураттын бир жерине да окшобойт" деп ойлонуп "Калмурат ушуну сезип койбосо экен, эгер билсе урушуп дагы бир балээни баштайт" деп сар санаага батып коркуп да кетчү болду. Бирок Калмурат байкайбы, байкабайбы белгисиз. Изатты өз кызы катары эле жакшы көрүп эрке кылып өзү каалагандай өстүрүүдө.***Адам баласы жамандыкты да жүрөгү менен сезип, үмүт менен жашап улам алдынан жакшылыктын шооласы көрүнүп кыялданып үмүткө жетеленип жашайт эмеспи. Анын сыңаары Рапия да көзү мунарыктап, күүгүмдөнүп баратканына карабай үмүткө жетеленип баратты. Шайгүл аны кийинки келгенинде шаарга алып кетти. Үйүнө алып келип душка түшүрүп анан көз доктуруна көрсөтүүнү чечти. Эртеси өзү ээрчип врачка алып барганда ага врач буларды айтты:- Шайгүл Бокойова, тезинен операция жасоо керек.- Болуптур, бүгүн эле киришсек кантет?- Үч күндөн кийин жасайбыз, ага чейин операцияга даярдаш керек, азыр үчүнчү палатага жаткызып коюңуз.- Жакшы болот, Сонун Дегенбаевна. - Даярдана бериңиз.- Жакшы калыңыз Сонун Дегенбаевна. - Жакшы барыңыз, Шайгүл Бокойова.Шайгүл Рапияны ооруканага жаткызып коюп үйүнө кетти. Анын негедир көңүлү жайлана түштү: "баары жакшы болуп калса анын өзүмдүн кызым экенин сөзсүз айтып балдарыма тааныштырам, эмне десе ошол десин, Султанга да түшүндүрөм" деп үйүн көздөй кетип баратты. Үйүнө келсе конок келип калган экен, эң кичүү уулу Болоттун туулган күнү эле, карбаластап Рапия менен жүрүп аны да эсинен чыгарып коюптур.Бул учурда Рапия палатада бир аз жатты да жанындагы кыздын жардамы менен сыртка чыкты да "чоң жолго барчу жакка алып барып таштап кой" деп суранды. Бирок ал болгон жок. Кайра ээрчишип киришти да кечки тамакты ичип жатып калышты. Үч күнгө чейин Шайгүл келе албады, конокторун жөнөтүп Султан менен сүйлөшүү үчүн убакыт таппай кыйнала берди. Бирок тагдырдын буйругу кыйын эмеспи, алдын ала эмне болоорун адам баласы кайдан билмек. Конокторун узатып коюп бир аз кызымтал болуп калган Султан заматта кан басымы жогорулап "тез жардам" менен ооруканага жеткирилди. Бирок канчалык карап укол куйганга карабай түн ичинде көз жумуп кете берди. Бир үйбүлөө кайгынын кара түнүн жамынып кала беришти. Мээге кан куюлуп кеткен дешти врачтар. Ошентип Шайгүл ооруканага бара албай калды. Рапиянын көзүн операцияга эч ким даярдаган жок: "ал жок, бул жок, операцияга төлөш керек" деген шылтоолор менен кечигип жатты. Ооруканага келгенден бери сыртка чыгып кирип акырындап көнүп калган Рапия бир күнү чыгып алып баш оогон жакка кете берди, бүдөмүктөп көргөн көзү менен эптеп жолду таап караандарды ээрчий кетип жатып карайган чоң түп даракты сүзүп алып чалкасынан түштү эле аны көргөндөр: "мас тура, жолдо жүргөн селсаяктардын биридир" деп карап коюп өтүп жатты. Эсине келген Рапия: "деги кудай мени албады, машинага урунуп өлөйүн десем чоң жолго жетпейм, бул бактын ичи окшойт, эптеп бирөөнү чоң жолго жеткирип кой дейин" деп ордунан туруп эки жакты абайлап караса түн кирип эч нерсе көрүнбөдү. Ал ошол бойдон эч жакка жыла албай жатып калды. Эртеси эртең менне ордунан теңселе туруп өтүп бараткандарды карай:- Айланайындар, машина өтчү жолго жеткирип койгулачы, көзүм көрбөйт, кечээтен бери ушул жерде отурам-деди ыйламсырай. Өтүп бараткан эки жаш жигит ага жакын келди да абайлап карап көрүп:- Кайда барат элеңиз?-деп сурады бири.- Жолго жетсем эптеп бирдеме жалмалап кардымды тойгузат элем, - Рапия калп айтты. Ал өлүмгө шашып жатканын аларга кайдан айтмак, анын үстүнө айткан менен алар болмокпу.- Эч кимиңиз жокбу? - бириси боору ооруй сурап калды. Анткени: "бул татынакай аялдын көзү көрбөсө да жакындары бар чыгаар?" деген ойдо сураган эле.- Жок айланайын, караарым жок, эптеп күн көрүп жүрөм, - Ал чын дилинен айтты, аңгыча зуулдап аркы, терки өткөн машиналардын үнү угулуп чоң жолго да келип калышты. Балдар абайлап Рапияны жолдон өткөрүп коюп жолго түштү. Рапия алардын кеткен караанын карап туруп анан кайра артка басып баратты… Бир, ки, үч, төрт жан таттуулугун кара, негедир Рапия көзүн жумуп жиберди, эми бир аттаса тигил жулунуп келаткан машина заматта устукандап койот, беш… Кы-ыйч эткен машинанын үнү угулуп: "Энөнеңди алкаш, жаныңдан кечсең тиякка барып өл, сенин азабыңды тартаар абалым жок!" деп күрсүйгөн эме ачуулуу машинасын токтотуп түшүп келди да Рапияны түртүп жиберди, жок ал анча түртпөдү, оорудан жаңы айыккан, дарманы жок Рапия ошого туруштук бере албай көмөрөсүнөн жыгылып кетти эле жол жээгиндеги цементке башы тийип заматта кан жайылып кетти. Аны көргөн шоопур кайра чоочуп кетти, ары бери өткөн эл үймөлөктөп калды эле бирөө:- Капырай, өлүп калып жүрбөсүн, өйдө кылып койбойсуңарбы! - деди эле эки үч аял аны кийиминен тартып өйдө кылганда чекеси катуу жарылып кан токтобой турду. Аны көрүп шоопур дароо машинасын айдап качып кетти. Бир кезде тургандардын бири:- Жанагы түртүп ийген шоопур кана, өзү жеткирсин, - деп эки жагын, жолдун боюн караса машина да шоопур да жок болуп чыкты. Өзүнүн сырткы күрмөсүн чечип айрып чекесин таңып коюшту да эсине келген Рапиядан сурай башташты.- Ичкен түрүң көрүнбөйт, эмне болуп тигил киши сөгүп түртүп жүрөт?- Көзүм көрбөйт, жолго чыгып алганмын го, ошон үчүн…- Алдаа кокуй күн ай-йя, ошондой дейм да - деп бир аял тамшанып алды, -ичкен болсо билинет эле го, бечара ая!- Кай жакка барат элеңиз? - бирөөсү сурап калды.- Баррар жерим жок, эптеп күн көрүп жүрөм.- Катыгүн ай, жамана болгон тура, жанагы карылар үйү бар го ботом, бирөө жарымыңар билсеңер соопчулукка жеткирип койсоңор боло.- Билбейбиз, - дешип эки, үчөө басып кетти. Рапия үндөгөн жок. Ал дагы таң калып жатты; "ушунчалык жаным бекемби, эмнеге мен өлбөйм, же тигил дүйнөгө дагы менин керегим жокпу?" деп ойлонуп отуруп калды. Маңдайы какшатып ооруп жатты, канаганы токтогон менен сызылып суу чыгып жан кейите ооруганда чыдабай кетти. Анын үстүнө кечээ ушул учурда ичкен бойдон карды ачып ичи эңшерилип турган.Ооба, ал эми өлүмдү биротоло эстегиси келбей калды, азыр ал эптеп бирдеме жалмалагысы келип турду: "Ой тоб-боо, мен чындап эле тирүүнүн тозогуна кабылдым, өлгөндөн кийин ким билет, мен өз жазамды өтөп жатам, бул менин тагдырым, мен эми өлбөйм, жашоого умтулушум керек!" деп алды ал кайраттана. Ал жолдун боюнда отуруп калганда үймөлөктөшкөн элдин баары тарап жалгыз калды. Ары өткөн, бери өткөндөрдүн кээ бирөөлөрү анын колуна бир сомдон карматып кетип жатышты. Ошентип ал күнү Ош базарынын бир четиндеги жол боюнда өскөн дарактын түбүндө калды эле түн бир оокумда эки үч мас келип анын чыркырап жардам сураганына карабай жулмалап моокумдары канган соң эсин оодарып коюп басып кетишти. Рапия эртеси түшкө чейин ордунан козголо алган жок. Аттиң дүйнө, адам деген эмине болуп баратат? Көчөбү, талаабы бир бирине аша берген макулук болсо бир жөн, адамдык касиетин жоготуп бир мүнөттүк кумар үчүн бечара байкушту жулмалаган эркек сөрөйлөрдү кантип адам деп айтабыз катыгүн? Анын түшкө чейин козголбой жатканын көргөн милиция кызматкерлери жанына барып таяктын учу менен түртүп көрдү эле көзү жылтырап ачыла түштү. Маңдайы шишип көзү көрүнбөй калган, ал турсун таңган чүпүрөктөн сарыккан кан жаагына, агып катып калыптыр. "Тирүү тура" деген кызыл шапке жигит ары басып кетти. Эгер өлгөн болсо бир чара көрүп "тез жардам" менен өлүкканага жеткирип таштамак. Тирүү, айбан эмес адам жапайыдан жабыркап алсыз жаткан бечарага жардам берүү анын оюна да келбеди. Рапия козголбоду, өзү күткөн өлүмдүн жакындап келатканына абдан сүйүндү, дилинде күлкүсү келди, өлгүм келгенде өлбөдүм эле, эми, өлгүм келбей калганда… деп каткырып жиберди ал, бирок анын үнү чыккан жок… Чындап эле өлүп баратты…Шайгүлгө Сонун Дегенбаева келип болгонун болгондой айтты.- Өзү кантип калганын билбейм, чыгып кетиптир, эки жакты издеп таппадык.- Кайда кетти экен, кантип издейм эми, күйөөм өлүп отурса көчөдө жүрсөм эл эмне дейт, көзү көрбөгөн неме бирдемеге урунуп алса…- Эмнеге кетип калганына түшүнбөйм, бир аз күндөн кийин сиздин катышууңуз менен операция жасасак көзү көрүп калат эле.- Издешим керек!-Шайгүл өзүнчө сүйлөнүп алды да ордунан турду, -Кай жактан издешим керек? - деп ойлонуп Сонун Дегенбаеваны узатып кайра үйгө кирди эле улуу баласы келип калды. Бир аз отургандан кийин:- Сиздин баягы чолок оорулууңузду бүгүн бирөө түртүп жиберген экен, башы жарылып канжалаган бойдон калды, мен аны таанып калып баса бердим, - деп калбаспы.- Кайдан, кайсы жерден көрдүң? - Шайгүл шашкалактап сурап ийди.- Ой мама, аны эмне кыласыз, ал эмгиче өлгөн болуш керек, чекеси жарылып кеткен.- Өлбөйт, ал-сенин эжең! - Шайгүл өзүнүн оозунан чыккан сөздү байкабай да калды.- Эмне дейсиз? - баласы көздөрүн чоң ача апасын таңыркай карап калды. Шайгүл: "эми баары" бүттү дегендей:- Ооба, ошол дегеним, ал менин мурунку күйөөмөн төрөлгөн кыз болчу!- Ушунча жыл айтпай эмнеге жашырып жүрдүңүз эле, калп айтпаңызчы, атам да билчү беле?- Атаң билсе баягыда эле айтпайт белем, билчү эмес, олдо кудай аа-ай, ал ошентип өлүп калабы, жок, жок, издейм, аны таап келем! - Шайгүл кечке маал үстүнө халатын жамынып сыртка чыкты. Бул учур кызыл шапке карап кеткен убак болчу. Шайгүлдү баласы үн дебей ээрчип жөнөдү. Экөө маршрутка менен кечээги Рапия жыгылган жерге келишти. Жерде уюган кан карайып калыптыр. Бир топ эле аккандай түрү бар. Аны көргөн Шайгүлдүн жүрөгү шуу этти: "моргдордон караш керек!" деп ары көздөй бурула бергенде он, он беш кадам арыраактан бирөөнүн жатканын көрүп жүгүрүп жетти. Рапия ачкалыктан, жараттын оордугунан эти ысып эч нерсе сезбей жаткан эле. Заматта такси кармап келген баласы аны кармашкандан жийркенип турду: "Ушуну кызым деп апам алжып калган го, кантип эле ушул биздин эжебиз болсун". Канткен менен көтөрүп так#### салды. Таксист:- Бул эмне бир демеңер болобу? - дегенде Шайгүлдөн мурун баласы:- Эч кандай эч кимибиз эмес, апам врач, боору ооруп ооруканага жеткирип койолу деп эле…- Оо, эжем сооп издеп жүргөн тура, туура кыласыз, бул заманда бирин бири өлтүрүп жатса да карабай өз адамдар өз парзын билбей өтө берет тура.
#КукукЭнеЖеСойкунунТаг
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13