Баш сөз ордуна
Урматтуу окурмандар ,сиздерге дагы бир чыгармамды тарттуулоодон алдын,баарыңыздардын үй бүлөөңүздөргө Бакыт,өчпөс сүйүү каалайм!Менин чыгармаларым ар бир муундун жүрөгүнөн жай таап,көңүлүн жайгарганына кубанычтамын. Жашоодо ар кыл нерсе болот.Мүдүрүлсөңүздөр да жыгылбашка аракет кылып жашашыңыздарды каалайм!
Менин жазган чыгармаларым жашоодон алынган,ошондой эле жеке жашоомо эч кандай тиешеси жок.Үй бүлөлүү,эки баланын энесимин.
1-бөлүмү
-А сен ошол баланын багып кетишине көзүң жетеби?Мен сага түшүнбөй турам кызым,кантип эки балаңды таштап бөтөн элге ,анча тааныбаган адамга баратасың ?-мен сумкамды салыштырып жатып ,көп ыйлап көздөрү кызарган апакемдин жүзүнө тигиле карадым.
-Эмне кыл дейсиз?Качанга чейин ушул балдарыңызга, келиндериңизге көр болуп олтурам?Сиздин барыңызда мен да үй жай кылып бутка турушум керек го акыры?
-Элдин кыздары өздөрү эле барып иштеп бутка турат экен.Сен деле ошолор катары иштесең болбойбу?Турмушка чыкпа кызым,ал сенин балдарыңа эч качан ата болуп бербейт!
-Апа,ал өзү жетим өскөн бала,менин балдарымды сөзсүз жакшы көрүп кетет.Көрөсүз го,биз сөзсүз бактылуу болобуз!-Мен энекемдин жолугунан бирин серин чыгып калган аппак саамайынан сыладым.Колдорунан өөп көкүрөгүнө башымды жөлөдүм
-Билбейм кызым,жүрөгүм тынч эмес...Ушул жерде эле эптеп турсаң агаларың менен кеңешип кичине болсо да көзүмдүн тирүүсүндө там салдырып берет элем...--апам көзүнөн аккан мөлтүр жашты жоолугунун чети менен аарчыды
-Атамдын көзү тирүү болгондо да анын сөзүн угушат эле,азыр алар сиздин эмес,аялдарынын сөзүнө киришет-мен аялдарынын тилине кирип канча жолу көңүлүмдү ооруткан эки агамды эстеп кейидим.
--Үчөөңөрдү эч нерседен кем кылбай багып өстүрдүм.Эрезеге жеткенде жат болгонуңар көңүлүмдү оорутту.Менин көзүмдүн тирүүсүндө сенин бактыңды көргөндү Насип этсин жаратканым. Балким ал бала чын эле сен айткандай жакшыдыр.Балким мен жөн эле кабатыр алып жаткандырмын. Эмнеси болсо да бактылуу болсоң болду.Балдарыңды ойлонбо.Эптеп карап турабыз.-аңгыча сырттан колуна чака көтөрүп Гүкү жеңем кирип келди
--Кызке, Москвага барып бизди унутуп калбаң!Бизди эстебесеңиз да балдарыңызды эстеп тыйын тыпыр салып туруң.Кызыңызга тынбай сүт алып берип туруш керек.Өзүңүз билесиз агаңыз да кыйратып иштебейт-силкине сүйлөгөн жеңемди карап апам байкуш башын чайкап алды.Мен да ага теңелгим келбегендиктен унчукпадым. Бешикте ширин уйкуда уктап жаткан кызымдын ууз жытынан шур эте жыттап жыттап алдым.Көзүмө келген мөлтүр жашты жутуп сыртка чыктым.Эшиктин астында кум ойноп отурган уулум мени көрө калып чуркап келди.Тизелей отура калып анын быйтыйган кичинекей колдорунан өөп жаттым.
--Кечир мени уулум,мен силерди ойлоп ушул жолго барып жатпаймынбы? Айбек силерге жакшы ата болот.-уулумду боорума кыса кучактадым. Эки эмчегим зырылдап,ыссык сүттүн тамчылары ичтен ылдый куюлуп кетти.Бешикте жаткан кызыма чуркап кирип эмизип алгым келди,бирок сыртта күтүп турган таксини ойлоп,үйгө кирбедим.
--Апа ,шен кайда-эми гана чулдурап сүйлөй баштаган уулум быйтыйган колдору менен көзүмдөгү жашты аарчыды
--Апа,шен ыйлабачы.
-........
Мен анын баёо көздөрүнө тигилдим.Күчүмдүн барынча боорума кысып шолоктоп ыйлап жаттым
--Мен дагы ыйлайм шен ыйласаң-чачтарымдан сылаган балам да көзүнө жаш алды
-Сен ыйлаба уулум,мен ыйласам да,кыйналсам да силердин жакшы жашашыңарды каалайм!Силер үчүн баарын жасайм түшүндүңбү? --уулум мындай сөздөрдү түшүнүүгө али жаш болсо да мени карап баш ийкеди
-Мен сага чоң машина алып келем макулбу?Сен карындашыңды каралашып,таенең менен жеңеге жардам бергин,эси көп бала болгун макулбу?--баланын жүрөгү да бир нерсени сездиби мойнуман бекем кучактады.Кичине болсо да күрсүлдөп согуп турган жүрөгүнүн дабышын тыңшадым.Жүрөгүм канга толуп,жан дүйнөм арманга толуп,көздөрүм жашка толуп турду ошол тапта.Оор денемди араң көтөрүп оордумдан турдум.Сумкамды көтөрүп машина тарапка кеткен таксист тез коштошуп чык кечигебиз деди.Энекемдин көздөрүнө тигилбестен кучактадым. Чачтарымдан сылап,ʺөзүңдү абайла ʺдеп бетимден өптү.Жеңем менен коштошуп,кайра уулумду так көтөрдүм.Ошол тапта ичкериде бешикте жаткан кызымдын үнү угулду.Эки эмчегим катуу ооруп кетти.Үй тарапты көздөй бурулган мени апам билектен кармады
--Мен өзүм,...сен кет эми....--үнү мукактанып сүйлөгөн апам үйдү көздөй бурулду.
Сырттан чыккан машинанын сигналын угуп көчөгө карай аттандым.Колумдагы уулумдун мойнунан дагы бир ирет жыттам жерге коюп машинага отурдум.Уулум ээрчибеди.Тек гана өңү кубарып,муңдуу көздөрү менен мага тигилди.
Машина оордунан козголуп аста секин жылып баратты.Бир тизеси жыртык шым кийген балам анча чуркай албаса да машинанын артынан беш алты үй бери ээрчип келди.Машина чоң жолго чыга бериште артыма карадым.Менин уулум,менин боорум ,менин жалгызым жолдун ортосуна чалышып жыгылган экен.Артынан келип көтөргөн жеңемди көрдүм.
Уулумдун көздөрүнөн мөлтүр жаштар тынбай агып жатты.Мен бир жагынан жүрөгүмдүн бир жагынан көкүрөгүдүн оорусуна чыдабай оор үшкүрүнүп алдым...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 22