Он жашка чыккан Эмилбек апасынын жалгызы. Үйдүн эркеси. Энеси анын көзүнүн агы менен тең айланат. Дайыма эркелетип, айтканын эки кылбайт. Жегени астында, жебегени артында. Талтаӊдап керели кечке шоктук кылып жүргөнү жүргөн. Көчөдөгү өзү курду балдарга эзели тынчтык бербейт. Бирөөсүнүн оюнчугун алып качса, экинчисине үстөмдүк кылуу үчүн таш менен урат. Иши кылса, Эмилбек эрезеге жетпей жатып чырдуу бала атка конгон. Кокус,бирөө жарым андан өйдөрөөк келип, мойнун толгоп койгон болсо болду, кудай берип, өңгүрөп ыйлап,көчөнү башына кийип алат. Жалгызынын көз жашын көлдөткөнүнө апасы карап турабы. Баягы адатынча бабалактап, урушкан баланы да, аныната-энесин да жерден алып, көргө чейин каргап-шилейт. Көпчүлүк жесир аялга теӊелбейли дешип жым болушат. Андайда ал тим эле жеӊилгис жоону жеӊгендей, анданбетер, алынып, жулунуп, кыйкырып, чуу салып, бакырып жатып калат.
“Келип-келип ушул бир жетимге алыӊар жетет да! Жалгыз да! Жетим да, ошого оолугасыӊар кол көтөрүп. Силер муну ыйлатсаңар, Кудай силерди ыйлатсын! Балаӊардын башынан балээ кетпесин! !!” Анын ушундай сөздөрүн каалабаган көпчүлүк,көбүн эсе Эмил айыптуу болсо да, өз баласын күнөөлөп, жесир аялдын жемелерин угуудан качышат. Мына ошол Эмилбек он үчкө кирген күндөрдүн биринде, кеч кирери менен чыгып кеткен бойдон эл жатаарда тоок көтөрүп келди.
Баласынын мындай кылыгына кубанган апасы “Азаматым десе. Чоңоюп калган турбайбы, апасын минтип тоок эти менен багып” –деп мактап койду. Мактаганды жакшы көргөн Эмил кыйратып койгонсуп, ансайын мардайып калды. Ошентип, күндөр өтө берди. Он алтыга кадам таштаганда үч күн жок болгон Эмилбек төртүнчү күнү бир капта килейген кочкордун этин алып келди. Балам ишке жарап калыптыр деген ой энесин ан сайын кубанычка бөлөдү. Анан адатынча: “Жигит деген ушундай болот.Эгер мындай тапкан болсоң, эртең үй-бүлөңдү бакканда да кыйналбайсың”, -деп далыдан таптап койду.Энесинин бул сөзү баласын дагы да мыкты иштөөгө ан сайын шыктандырып салды.
Арадан эки жыл өтүп-өтпөй Эмилбек бир күнү балдар менен иштеп келем деп кетип, төрт күндөн соӊ түн жамына үйүнө адатынча торпок жетелеп келди. Уулунун иштен куру кол келбегенине кубанган апасы, тамактанып жатып, баласына үйлөнүү туурасында кеп козгоду.Эне- бала бир кыйлага чейин баарлашып, түн бир оокумда гана уйкуга кетишти.
Алардын таттуу уйкусун таңга маал тапыр-тупур үйгө бастырып келген кызыл шапкечендердин: «Кыймылдаба, жөн жат. Турсаӊ курал колдоном» -деген үндөрү бузду. Көз ачып жумганча эки килейген бала Эмилди ордунан тургузбай басып калды. Бирөөсү Эмилди уурулукта айыпталып жаткандыгын түшүндүрүп , атканадагы торпок кошуна айылдагы Анарбай акениники экенин айтты. Колу кайрылып, артына байланган Эмил алардын коштоосу менен энесинин жалынып-жалбарганына, көз жаш төккөнүнө карабай тор машинага салынып, райборборго жөнөдү. Жаш болгонуна карабай уурулукка жетишкен бул жигит, ошентип, он алты жылга кесилип кетти. Жалгызынын жазмышна кейиген эне күндөп-түндөп ыйлап жүрүп, беттерин бырыш каптады. Колдору калтырап таяк сүйөнүп калды.
Чачын ак басты. Бир күн миң күнгө арзып, арадан он алты жыл араӊ өттү. Баласынын абактан чыгар күнүн алдынан эсептен жүргөн эне ошол күнү таӊ эрте бийик дубалдуу, дубалдын башы тикен зым менен оролгон, сүрдүү имараттын дарбазасынын алдына барды. Жалгазын көрүүгө ушунчалык ашыкканы менен түшкө жакын гана имараттын дарбазасы шарактап ачылып, андан өӊү дубалдай бопбоз, бутун араӊ сүйрөгөн Эмил чыкты. Өӊүндө кубануу да, кайгыруу да жок. Мисирейген абалда акырын келди. Энеси болсо “Эмилим эле Эмилим, чырагым, жалгызым” деп кучагына кысып, көз жаш төгүп беттерин өпкүлөп, жаратканга шүгүрчүлүк айтып ыйлап жатты. Оо бир канча убакыт өткөн соӊ гана Эмил акырын:
– Апа тилиӊди чыгарчы-деди. <br style="box-sizing: border-box;"> – Эмне?- апасы суроолуу тиктеди<br style="box-sizing: border-box;"> – Тилиӊди чыгарчы. Тилиӊди.
Баласынын кыргылданган үнүн уккан апасы, эч нерсеге түшүнбөгөн абалда тилин чыгарды. Эмил оң колунун бармактары менен энесинин тилин мыжыгып: “Кечир эне, кечир, сенде айып жок. Күнөөнүн бары мына бул тилиӊде. Эгерде ошондо биринчи жолу кошунанын тоогун уурдап келгенимде ушул тилиӊ мени мактап, жактабай, ушул тилиӊ уурулуктун аягы кууш болорун, арты өкүнүч, арман, кайгы менен аяктаарын айтканда, бүгүн экөөбүз бул жерде минтип турбайт элек. Кечирапа. Кечир. Сенде айып жок. Күнөөнүн баары ушул тилде” -деди да колун тилден тартып алып, артын карабай нары басты. Он алты жыл күндү-күн, түндү-түн дебей жараткандан жалгызынын эсен-аман келишин,жалынып- жалбарып тилеген энеси уулунун эмне үчүн тилин мынчалык мыжыканын түшүнүп-түшүнбөй эсин жоготуп, жерге жатып калды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3