- Экинчи ичпейм жаным, мага капа
болбочу? - деп аялын имере кучактап өөп,
- башым ооруп турат, жүз грамм ичип баш
жазып албасам болбойт, - деп суранды
эле, Арууке үйдөгү эле коноктордон
калган бөтөлкөнүн түбүндөгү аракты куйуп
келип берди.
- Үйдө бар беле? - Төлөгөн аялына таң
кала карады.
- Баягыда коноктордон калган, мен деле
билбей калыптырмын, кечээ көрүп калдым
эле.
- Ийи, - деген Төлөгөн чыныга куйуп жутуп
ийип ачууркана отуруп калды.
- Сенин ичкиликти ичкениң жаман, бара-
бара көнүп кетсең эмне болот, балам
экөөбүздү аясаң боло? - Арууке жумшак
түшүндүрүүгө аракеттенди.
- Ичпейм, экинчи ичпейм, эми кичине эс
алып жумушка барайын, бүгүн үчүнчү
саатта кирем.
- Кичине жуунуп алчы, мен суу ысытайын,
алдагы кебетең менен барсаң уят.
- Мен окшогон ичип баргандар толуп
атпайбы, мен сабакка мас болуп кирбесем
болду да? - Төлөгөн кичине шердене
сүйлөп калды кайра, - Кел жуунса жуунуп
алып барайын арак жыттанбай.
Арууке суу ысытып арыдан-бери башын
жуудуруп таза кийимдерин кийгизип анан
галстук тагып жөнөттү.
- Ичпе, ичпей келип бир балаңдын күлүп
калганын көрүп бир жакшы жашайлычы
Төлөгөн, ичпей кел ээ?
- Ий энең, мени жөн эле алкаштай көрүп
аласың да? - Төлөгөн сөгүнө чыгып кетти.
Анын артынан уулун көтөрүп ойлуу узата
карап турду: "кудай аа-ай, эми ичип кетсе
эмне күндү көрөм, уулумду көтөрүп алып
ата-энеме барсам алар капа болушат го,
кана менин сүйүүм, сүйүп сүйдүрүп
жашайм деген ойумдун таш-талканын
чыгабы?"
Төлөгөн ичкени азаймак турсун көбөйдү.
Ичип келген сайын аялын уруп, жөндөн жөн
эле кызганып ызылдатат да турат. Акыры
тажап, көзүнүн жашы көл болгон Арууке
үйдөн кетип калды. Тажикан эне эмеспи,
ары айтып, бери айтып тилдеп дагы,
урушуп дагы көрдү, акыры кызына боору
ооруп сарсанаага батып кейип-кепчип
отурду. Сайдимурат үндөбөдү, тек гана
небересин бу-булаганына кубанып
эркелетип отура берди. Көпкө чейин көз
жашын көлдөтүп ыйлап атып бугу чыгып эс
ала түштү белем, Арууке жашы кургап
калгандай мостойуп калды. Көпкө чейин
ата-энесиникинде жүрүп калды. Жарым ай
дегенде Төлөгөн өзү келди, кайната-
кайненесинен кечирим сурап: "ит болдум,
куш болдум" деп сабылып отурду. Арууке да
көктүгүнө салып чыгып жолукпай койду
эле, аргасыз кетти. Бул алардын акыркы
таарынышуусу эмес, мындан кийин далай
жолу ушул көйгөйдү тартаарын Арууке
сезип эле турду. Кумарбекти эстегенде
дале аны күнөөлөп: "Акмак, менин өңү-
түсүмө көңүл бурбаганынан ушуга бардым,
болбосо балдарымдын жанында кайгысыз
жашай бермекмин" деп улутунуп алды. Ар
кайсыны ойлонуп отуруп баягыда
кайнатасынын айтып жаткан алтынын
эстеди: "сени шашпа, алтынды өзүң алып
келип бере турган кылам" деп ойлонуп
алды. Ошентип ал Кумарбектен өч алгысы
келди. Эртеси эле бир курбусунун үйүнө
барып анын түрмөдөн жаңы чыккан
күйөөсүн жалдамак болду. Алардын үйү
шаардын ичинде, бир бөлмөлүү этаж
үйдөн. Адегенде курбусу менен сүйлөштү.
Экөө кеңешип алып анан Тургунбайга
айтты эле, ал:
- Эгер алтындын бар экени чын болсо аны
таптырабыз, - деди. Үчөө өздөрүнчө отуруп
кеңешип бүтүп, бул сөздү сыртка
чыгарбоого макулдашышты. Ошондон көп
өтпөй эле Кумарбек дайыны жок жоголуп
кетти. Аны Тобокелдин издебеген жери
калбады. Айласы кетип орган
кызматкерлерине сүрөтүн берип издөө
салышты. Тургунбай Кумарбекти кармап
келип өзүн тааныбагандай кылып караңгы
жерден гана сүйлөшөт, сабайт, бирок ал эч
нерсе айта албады. Чынында ал эч нерсе
билчү эмес. Дүнүйө-мүлк, кош-кош
салынган үйлөр кайдан келип атканына
кызыгып да койчу эмес. Жаны кейип ур-
токмоктон кыйналганда алсыз гана:
- Менин жанымды алсаңар да эчтеке
чыкпайт, эчтеме билбейм, мага ал жөнүндө
эч ким айткан эмес, - деди үнүн пас
чыгарып.
- Анда ким билет, силерде алтын бар
экенин эл айтып жатат, жаш жаныңды
кыйнап өлгүң келбесе чыныңды айтып кат
жаз, үйүңө жөнөтөбүз, - деди.
- Кат жазып берейин, бирок алар жок
нерсени кайдан табышат?
- Табат, аларга алтын керек!
- Болуптур, - оозундагы канды түкүрө
башын көтөрдү, - Кана, алып келбейсиңби
кагазыңды?
- Мына дапдаяр! - Турганбай анын колун
бошотуп ручка-кагаз берди да белинен
чымырата муздак түркүккө таңып салды.
Колдору калчылдап баракка мындай деп
жазды: "Ата, апа, менден кам санабагыла,
мага баягы алтындан таятам койулган
мүрзөгө алып барып бергиле, бирок
милицияга билдирсеңер менден түңүлүп
эле койсоңор болот, Кумарбек" деп колун
койду да кармата салды. Тургунбай анын
колдорун кайра таңды да чыгып кетти. Бир
жумадан бери таңылып турганга колу-буту
чымырап уйуй баштаган. Карды ач, муздак
чай менен бөлкө нан берип койот. Ачкадан,
сабаган жерлери ооруткандан улам тырп
этерге алы жок шалак жыгылды.
Түн бир оокумда Турганбай катты
Тобокелдин почта ящигине салып койуп
кетип калды. Катты алган Тобокел эч
кимге барбады: "Деги ушундан биротоло
кутулайынчы, тукум курут кылып баратат,
Кумарбекти аман бошотсо болду" деп ойлоп
баягы куржундун көзүнөн алынган алтынды
үйдөгүлөрү уктагандан кийин алып чыкты,
аны көтөрүп зорго машинага салды. Кайра
азгырыла ачып үстүндө турган кумура
сымал уйутулган алтынды акырын алып
үйгө шашып кирип өзүнүн бөлмөсүнө катып
кайра чыкты: "Асел турмушка чыга турган
болуп калды, ага сөзсүз комсомолдук той
бергенде үй алып берип койом, себине,
баарына жетет" деп ойлоду да барак алып
кыскача кат жазды: "Уулумду аман-эсен
кайтарып бергиле, бул баш жегич
алтындан кутулганыма кубанам, ушул көр
дүйнө үчүн дагы канчаңар набыт болоор
экенсиңер, алтынга азгырылгандын арты
жаман болчу эле?" деп жазып салып койду
да мүрзөгө жеткенден кийин четке чөгө
түшүп куран окуп анан өйдө болуп эки
жагын караса эч ким көрүнбөдү: "Кумашты
койо берсе болду, ушул кандуу байлыкка
тойдум" деп ойлоп машинага отурду да
жөнөп кетти. Анын баарын карап көрүп
турган Тургунбай акырын жыла куржунду
көрүп шашып-бушуп ачып жиберди да, эси
оогондой туруп калды: "алтын жөнүндө
укканым бар эле, бирок көрбөгөм" деп
колун салып ар түрдүү уйутулган алтынды
алып көрүп таңданып тура берди. Көптөн
кийин гана эсине келе куржунду жонуна
ыргытып көтөрмөк болуп күү менен
булкканда козголбоду. Айласы кетип тээ
алыста көрүнбөгөн жерге койуп койгон
машинасын айдап келгени барайын дейт
эмеле бирөө таап алып койо тургансып
жерге жарык кирип баратканда куржундун
үстүнө чөп таштап койуп машинасын айдап
келмек болду.
Ойлогондой алтын колуна тийген күнү
Арууке келип калган эле, оозу бекитилип,
көзү таңылып, бут-колу таңылган
Кумарбек: "Эми мени соо койо берсе болду,
колдоруна тийгенден кийин койо бербесе
ушул жерде чирип өлөмбү" деп ойлонуп
жаткан. Бир кезде караңгы подвалга үчөө-
төртөө кирип келгендей болду.
Дабыштарына караганда "тык-тык" эткен
туфлинин үнүнөн аялдар да бар окшойт
деп ойлоду. Алар шыбырашып жатты.
- Мен муну тээ алыс жакка алып барып
таштап үйүнө телефон чалып койом,
өздөрү алып кетет, - деди Тургунбай.
Беркилердин үнү шыбырап сүйлөгөндүктөн
угулбады. Кумарбек эркектин үнүн өмүрү
унутмак эмес, кулагына сиңип калгандай
болду. Бирок өңүн көрө албады: "Эптеп
аман кутулсам таап алам" деп ойлоду ал.
Бирок ойлогондой болбоду. Арууке
алтынды көрүп ичинен аябай ойлонду:
"Эми булар мунун баарын алып, мага аз эле
берип койушу мүмкүн" деген ойдо:
- Муну дароо үчкө бөлөлү, андан кийин
мен силерди билбейм, силер мени
билбейсиңер! - деп жиберди үнүн чыгара.
- Азыр койо тур, тигини жеткирип келейин,
- деп бери басып келаткан дабыштан улам
башын көтөрө калды Кумарбек: "жанагы
аялдын үнү тааныш, кайдан уктум эле?"
деп сезимдери уйгу-туйгу боло жүрөгү
лакылдай кызыктай болуп, тигинин тез эле
бошотушун самап атты. Тургунбай аны
жеткирмек болуп аны тургузуп бутун чечип
жетелей басканда, Арууке бир нерсеге
чалынып жыгылып баратып "Аа-ай" деп
кыйкырганда Кумарбек:
- Энеңди урайын, бул Аруукенин үнү го,
баарын ушул кылган экен да?! - деп чыдай
албай сөгүнүп жиберди эле, Тургунбай тык
токтоду: "Бул аны таанып калды, ал
аркылуу баары бир табат, же экөөнү тең
жайлаш керек, же муну эле жайлап
салсамбы?" деген ойдо кайра ордуна алып
келип бутун таңып койуп тигилердин
жанына барып шыбыраша кетти. Кылт
эткенди тыңшап турган Кумарбек эми бул
жерден тирүү чыкпасын сезди: "Каап,
тигини тааныганымды билгизбей койсом
эмине, бекер кылган экенмин, баары кеч
болуп калды" деп заманасы куурулуп отура
берди. Анда кыймылдоого мүмкүнчүлүк
жок эле, чымырата таңылган колдорун
чечүүгө аракет жасаган менен пайда
чыкпады: "Ушинтип ажалым жеткен экен
да, кайран өмүр, таятабыздын бул аманат
казынасы бизге өлүмдү гана алып келгени
жаман болду, казына… - оор улутунуп
алды, үйүндөгү жаш алган аялын эстеди, -
ага да кыйын… - деп ички сезими менен
кеңешип алды, - байкушум десе, мага
кыйын, жаштайымда өлүмгө баш ийип
берген, айла канча, беш жыл койнумда
жатып уул-кыз көргөн аял ушуну кылып
жатса" деп ойлонуп, жадагалса оозунан
өкүнүчтүн жалынын шуу дедирип чыгарууга
жарабай башына тийген оор соккудан шылк
эте көздөрүнөн жылт-жулт эткен учкун
учуп барып караңгы дүйнөнү көздөй сапар
тартты..
Тургунбай ойунда үчкө бөлгүсү келбей
Аруукени да дал ушул подвалга жайлап
койгусу келди, бирок жанында кошо жүргөн
аялынан тартынды. Анткени аялы экөө
сүйлөшүп жүрүп баш кошуп үч балалуу
болгондо болоор болбостон камалып беш
жылга отуруп келген. Үч баласы чоңойуп
калды. Ошентип үчөө түн жамынып үч
башка баштыкка оор нерсени салып
алышты да, машина менен Аруукени үйүнө
жеткирип койуп өздөрү кетишти.
Кумарбектин башынан жайылып аккан
кандын жытына подвалдын ар кайсы
бурчунан "чыйп-чыйп" эткен келемиштер
чыгып тегеректей үйүлө баштады…
Түнү бойу кирпик какпай Кумарбектин
кирип келээрин күтүп жаткан Тобокел
таңга маал көзү илинип кеткенин
байкабады. Ал түш көрдү, түшүндө Атабек
менен Кумарбек экөө шашып ээрчишип кетип
атыптыр. Тобокел: "Кумаш, сен кайда
барасың, бери кел!" десе, "Ата, аябай
чарчадым, таятам мага жаш кезимдегидей
жомок айтып берем дейт", деп жылмая
басып кетти. Чоочуп ойгонгон Тобокел
ордунан атып турду. Таң куланөөк болуп
калган экен. Сыртка чыгып эки жакты
карды: "Алтын керек болсо алсын, балам
тирүү калса болду дебедим беле, оо
жараткан, бул эмне деген тамашаң,
мындай болоорун билгенде милицияга
билдирбейт белем" деп үн чыгарбай өксүп
ийди: "Соо эмес, аны таятасы эрчитип
кетти, демек аны өлтүрүшкөн экен".
Кайдан издеп, кимден сураарын билбей
башы катып, эшигинин алдында ары-бери
басып жүрө берди. Барчынай күйөөсүнүн
тынчсызданганын сезип өзү да уктабай
чыккан.
- Эмне болду ыя, Кумаштан дайын барбы? -
деди.
- Кайдан, дайын жок!
- Олдо кудай ай, деги аман эле болсо
болду эле. Эми кантебиз, милицияга
берсең боло? - деди күйөөсүн үмүттөнө
карап, - ошолор жардам берет эле…
- Кайдан, алар деле табышы кыйын го? -
деген Тобокел, түндө көргөн түшүн айта
албай турду. Кумарбектин денеси эч ким билбеген
подвалда кызыл жаян болуп
келемиштердин жемине айланып жатты.
Ал подвалга ошол сойуздун учурунда эле
эч ким кирчү эмес, кээ бир үнсүз, арак ичип
алып үй жайынан безгендер гана ооз
жагында жатып калбаса, төрүнө эч ким
барчу деле эмес. Ошентип ал дайынсыз
бойдон калды.
Арууке бөлүп алган алтынды эртең менен
эрте үйүнө алып келип алаңдай ата-энеси
тура электе сарайга киргизип жыйылган
майда-чүйдө жыгачтардын ары жагына
койуп үстүн жаап салды. Жүрөгү бир
башкача лакылдаган Арууке өзүн токтото
муздак суудан ичип алып анан үйгө кирди.
Сайдимурат эрте туруп кызынын түндөп
үйүнө келбегенине ачуусу келе бир акырая
карап алды да, сыртка чыгып кетти.
Баласы ыйлап түнү бойу аларды кыйнап
чыккан. Тажикан Аруукени көрүп:
- Ыя ботом, сени кудай уруп бузулган
окшойсуң, күйөөсү бар аял, баласы бар эне
кантип талаалап жүрсүн? Сени Төлөгөн
дагы өлтүрүп койбогонуна шүгүр, күнөөнүн
баары өзүңдө тура! - деди ачуулана.
- Апа… апа, мен…
- Болду, дагы акмактанганы жатасыңбы? -
аны сүйлөтпөй сыртка чыгып ажаткананы
көздөй басты.
Бул алтындын көйгөйү дагы уланаары
шексиз, анткени аны Арууке катып жүрө
алмак эмес, аны пайдалана билбесе
башына балээ экенин түшүнбөгөн келин
ата-энесинин урушканына кайыл болуп:
"Менин кандай байлык таап келгенимди
көрсөңөр мени урушпайт элеңер, эртең эле
алмаштырып туруп өзүмчө үй алып, балам
экөөбүз бөлүнүп кетебиз" деген ойдо түнү
бойу эмчек эмбей, жаңы гана сүт ичип
уктап жаткан уулуна эмчегин сала жанына
кыңкая кетти.
Кумарбектин дайынсыз жоголгонун уккан
Айымгүл Тобокел менен Барчынай барганда
угуп эмшиңдеп ыйлап атты. Ал азыр сөз
айтууга дарманы жетпеди. Эмне демек,
күлгүндөй курагында атасынын тилин
албай, анын кулунун баласы менен качып
кетип, акыры ал кызын кечирип, жалгыз
уулу менен кызына болгон казынасын
таштап кеткенде ага өмүр бойу азап менен
тозокту бергендей гана болду. Ошол
телмирип ойлуу отурган бойдон Айымгүл
эне көз жумуп кете берди. Ооба, тагдырдын
буйругун аткарбаска, көрбөскө аргасы жок
бечара пендебиз да. Эмки чыгарма
Аруукенин тагдыры жөнүндө болмокчу…
- Ошентип, бул чуулгандуу алтындын
айынан Айымгүл кароосуз калган.
Неберелери да калган жок. Кийинкилерин
жакшы билбейм кызым, бул жыйырма жыл
мурун болуп өткөн окуя, - деп таенем кеп
салып берген эле. Андан бери жыйырма
жылдан ашты. Аруукенин көргөн азап
тозогун кийинки китептен кеп кылалы.
Аягы !Айгул Шаршен .
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 25
са кее кее бироосу башкага