Мээркан айтты:
- Карымшак, Үсөн аке, анан өзүң баратпайсыңбы?
- Үсөн аке барбайт, башын кессе да барбайт, - деди Тотош.
- Агалыгы кайсы анда? - Карымшак кабак чытыды.
- Агалыгы кайсы деп коесуз, анын барбасынын себеби дал сизде!
- Мен эмне кылыпмын?
- Сиз эмес, самогонуңуз кылат да.
Баары тең саамга үн катпай калышты эле, Мээркан айтты:
- Акеме өзүм барып бир ирет кадырымды салып келейин, кыйбас...
Кадырын салганы кеткен Мээркандын кеткенинен келгени бат болду. Кыпкызыл болуп чыңалып алган. Үйгө кирип эле айтты:
- Өлүгүн көрөйүн, ошондой акенин! Барам деп абийиримди кетире албайм дейт. Катыны кошо чыгыбатпайбы "барам" деген оозуңан айлансын" деп абышкасын түртмөлөп. Талаада калган өлүгүңдү көрөйүндөр! Аларсыз баралбай калса да эмне болуптур ботом, эй, куйчу, алдагыңдан! - Мээркан чай куйган жаш келинден бир стаканды куйдуруп, дем албай тартты да, оозун гана аарчып койду. Закуске дегенди билбейт экен көбүнесе.
Далай талаш-тартыштан кийин "ачуубасарга" Карымшак, Тотош, анан Карымшактын Табылды деген мындайраак агалары бармай болду. Бу Табылдынын табылганы эле болбосо, кеп-сөздөн куру жаралган, эч кимге зыяны жок киши, жашы жетимиштен өткөн. Анткен менен арагын арактай, самогонун самогондой сого берет, мас болуп оозунан жаман сөз чыкпайт эзели.
saltanat.
07 Декабрь 2014 - 18:51
***
Карымшак Кочкорго жеткенче эле баштады:
- Ай, Тотош, берекем, бу акем экөөбүздү кууратып өлтүрөйүн дейсиңби?
Сөз эмне жөнүндө экенин дароо түшүнгөн Тотош билмексен:
- Э кокуй, курсагыңар ток, отурганыңар зыпылдаган "Жигули" , коңурук тартып уктап кете бербейсиңерби. ..
- Шылдың кылбай, болсоңчу, Такеме деле убал эмеспи!
Табылды аксакалдын деле эки көзү төрт, бир жутумга. Тотоштун ак көңүлү кармап, жайнаган комоктун бирине токтотту да, экөөнө кырдуу стакан менен таза арактан бирден бастырып, закускесине курут сордурду. "Кана, кеттик" дегенде кыйыла түшкөн экөөнүн түрүн көрүп, жана бирден бастырды.
Ошондон соң "Жигулинин" ичи Карымшактын сөзү менен толуп турду бир чайкайнам, анан арткы орундуктан эки бирдей коңурук угулду...
***
Кечээ кечинде Калыйпага телефон чалышкан, кызы Кочкордун бир айылына күйөөгө келгенин, эми куда болуп калышканын айтып. Ичи туз куйгандай ачышты. Колундагы берекесин бирөөлөр жулуп кеткендей, эми экинчи таптакыр көрбөстөй, түбөлүк айрылгандай сезди. Боздоп алды, ага аралаш эки жыл мурун кеткен күйөөсүн эстеди. Эки кайгы бир келди, бир жерден тогошуп акжүрөк, акдил неменин айласын кетирди. Далайга ыйлап жаткандан кийин өзүн-өзү токтотту. Жакшылык качыра ойлонду. Кызынын барган жеринен бак айтсын. Бүгүн болбосо эртең баары бир кыздын барар жери күйөө экен, эмне кылалмаксың! Кызынын күйөөсү, кайнене-кайнаталары дурус адамдардан болсо болду. Катышып алышса анан ай жаңыртпай Бишкегине барып турбайбы окуусун бүткөнчө. А балким Чолпонатадагы үйүнө келип жашап, ушул жактан иштээр, күйөөсү экөө эпке келишсе... Ыраматылык күйөөсүнүн эки эркек иниси бар, катарлаш эле жашашат. Экөө тең адамдыгы аз жаралган немелер. Бөтөнчө кичүү иниси өтө куу, ичи ушунчалык тар неме. Далай жерде: "Агам өлдү, бүт дүнүйөсү жанагы көпкөн жеңем менен эркеталтаң кызында калды. Агамдын өлгөнү алар үчүн сонун эле болду..." деген сыяктуу уулуу сөздөрдү айтат экен. Бир ирет Калыйпа урушса, "эмне, калппы?" деп кекээрлеп кайра жеңесин ыйлаткан. Ошол Сапардан улуусу Жаанбай антип ачык айтпаганы менен ою Сапардыкындай. ..
Жакшы кайындарды кайдан табат, булардын болгону да тобо. Калыйпа ыйлап-сыктап бүтүп, ошо түн кирип калганда Жаанбай менен Сапарды аялдары менен чакырып келди. Аз мурун эт салып койгон. Жеңесинин шишиген көзүн бул жерге келгенде көрүштү. Анан эмнеге ыйлаганын угушуп, "ошого да ыйлачу беле, сүйүнбөйсүзбү, күйөөгө кеталбай эмне деген кыздар самсаалап сайда саны жок жүрөт..." дешип жеңесин сооротушту эле, ал дале болбой бир сыйра ыйлап берди.
Эт бышып, туурап жакшы жешти. Кандай болгон күндө да айына бир ирет бул үйдөн тамак ичип турушпаса, бир нерсе жетпегендей жаман болушат. Жыпар тирүү кезинде эки инисиз эт жебей көндүрүп койгон эмеспи. Эртеңки келчү "ачуубасарды" сүйлөшүштү. Ошону менен Гүлмайрамга бакты-таалай тилеп, тарап кетишти...
Бу чөлкөмдө азыр "ачуубасарга" бир семиз кой, бир жашик арак, бир жашик таттуу, анан орточо беш миң сом апкелет. Анан келгендер бир сыйрадан кийинип кетишет, кимисине пальто, кимисине костюм дегендей...
Калыйпанын короосунда байланган эки кара кой бар. Экөө тең куйруктарын көтөралбай турушат. Вареньенин түрү, бал деген кеңири, алманын да не бир түрү бар. Эмнеси болсо да "ачуубасарларды" эми келсе эми, анан келсе анан тосуп алууга кудурети жетет... Ырыскы куюлган үй.
Эртеси саат алтыларда ыраматылык Жыпардын туугандары топтолуп күтүп турган кезде чымкый кызыл "Жигули" келип токтоп, ичинен үч киши түшүп, рулдагысы - Тотош, экинчиси - ушул айылдын ортозаар алкаштарына окшогон кытай кара костюмчан башкуда Карымшак, үчүнчүсү - боз костюмчан суйда сакалы бар Табылды карыя. Июлдун куйкалаган күнүндө бул экөөнөн башкасы көйнөкчөн, тоскондорду кошкондо. Илгертен келаткан шартты жасап, далайга киргизбей койбой, саламдан соң эле, коркутуп-үркүтпөй эле төргө өткүлө болуп калды, - бул Калыйпанын өтүнүчү менен болду.
Ичи оокатка толгон кенен бөлмөгө кенен дасторкон салынган. Үстүндө нелер гана жок, баары бар: коон, дарбыз, куйрук-боор, чучук-карта, куйкаланган тоок, индюк тоңкойот, таттуунун ондогон түрү, вареньелер, бал, табы менен бышырылган боорсок, тандыр нан, дагынкысын дагы санап бүткүс.
Меймандар чай ууртап, жутунбайлы дегенди эстеп, чычая боорсоктон эптеп алган болуп, эки чыны чай ууртагандан кийин "болду, ырахматка" өтүшүп, өтө эле сыпаа отурушат. Аздан соң Тотош чоң кудагыйы Калыйпаны сыртка чакырып, машинедегилерди түшүрүп берейин деди эле, Калыйпа бир келини менен чыгып арак, конфетти ашканага киргизишти. Арагы да, конфети да өтө арзан экен. Калыйпа дароо баш чайкады. Койду сарайга байлап берди Тотош өзү. Орто эттүү ак кой. Анан Тотош шарты кандай экенин териштирбей эле, шымынын чөнтөгүнөн акча алып сунду:
- Эки миң сом, кудагый, таарынбай алып койгула.
- Ырахмат, таарынып... кантип эле... Акчаны үйдөн берчү эле, баарынын көзүнчө, мейли эми. Берди дейин, беш миң сом берди дейин, а сен иним, бирөө сурап калса беш миң сом деп кой, - деди Калыйпа суранып, - биз жакта ошентип келишет...
- Макул, - деди Тотош. Анын эмнеси кетип атты эле, кайра жакшы эмеспи.
Эми үйдөгүлөр кайра чогулуп, чай сунулду, арак куюлду. Табылды аксакал менен жездеси Карымшактын кулагына куюп келген Тотош: "Ченеп иче көргүлө, арак табылат кокуй, абийир кетсе жаман. Арак эле десеңер кайра келгенде ар бириңе бирден жашик алперейин, ченеп ичкиле. Такыр эле ичпегиле десем, колума өлүп бересиңер го..." деп жолдоката ушу сөзүнөн жазбады.
Арак куюлуп, сунулду. Эки куда биртопко кыйнатып, чакан стаканды ортолоп барып коюп коюшту. Экинчиси куюлду, бу жолу кыйнатуу аз убакытты алып, стакан түбүнө түшүрүлдү. Ана эмесе, Карымшактыкы кетти, эми эр болсо токтотуп көрүшсүн. Эч кимге сөз бермей жок. Анткен менен бирөөнө бөөдө жерден тийишпейт. Ичкенден кийин тамак ичмей да жок. Табылды болсо калтырбай ичип, калтырбай жеп созолонот. Эми эмне болор экенсиң деп Тотошто жан жок, жездесин улам карап. Белги берип аздап ич деп айтайын десе, кайниси жакты бир карап койсочу. Барган сайын күүсүнө келип баратат. Онунчуну жалаң төрт-беш менен бүткөнүн, мектепте атаман экенин жаңы эле айтып бүтүп, жана бирди тартты. Эми дүнүйө деген жерге кирсин, денсоолук болсо баары табыларын, кудая тобо, өзүндө кой-эчки, уй-суй биртоп эле бар экенин, буюрса эмдиги жылы Алтынбек уулу менен келинине бир иномарка алып берип коюшу бар экенин, анан да келин-уулуна Бишкектин дал ортосунан эки-үч бөлмө там сатып бербесе болбой турганын, райондун акими, прокурору, соту, милийсасынын начальниги менен табакташ экенин, өзүнүн аптаритети бир районго жетерлик бар экенин айтып келип, кезектеги тостту алды да, эми аялы Мээрканды мактап өттү. Эпадам андан башка аял болсо небак кетирип жиберип, башка аял алмактыгын дагы айтты. Андан соң уулу Алтынбекти мактап, окуусун бүтсө Акүйгө орноштура турганын баса белгиледи... Ал убакта улам бир ысык тамак келет, Карымшак биринен ооз тийбеди. Арак менен ашыра айтылган кептен оозу кайдан бошоду.
Сыртка эс алууга чыгышты. Куданын сөзүнө канып, баштерисин байкаган Сапар "ушундай кудалуу болгонуңа сооп болду" деп Калыйпа жеңесин ичинен табалап жатат. Эми тантыганга өткөн Карымшакка суроо беримиш болуп, огобетер тантытып жатат...
Калыйпа кудасынын кейпин көрүп, уят болуп отурат. Кайра өзүн-өзү алаксытат, "эмне, элдин баары эле ичип жатпайбы, бираз ашыра ичип койбодубу, болбосо дурус эле адам экен...". Чын эле көп сүйлөп, ичкенде таптакыр окшошпогондой мактанганы менен Карымшак дурус адам болчу тээ түпкүрүндө. ..
Карымшак Сапарга айтып коюп атпайбы: "Эки эле миң сом менен келип калбадыкпы" деп. "Жеңем беш миң сом дебеди беле, көрчү бизди да алдайт, душман көрөт тимеле" деп жеңесине аябай карарып калды.
Бардыгы үйгө кирип дасторкон жыйналып, эт жээрдин алды болуп, колго суу куюлуп жатты эле, Карымшак колун жуумакчы болуп эңкейе берип бети менен чылапчынга жыгылды. "Кокуй" дешип тургузушту. Отура алчу түрү жок. Тотош карылуу эмеспи, жездесин жулкуй көтөрүп сыртка алып чыкты да, огороддогу бир алманын түбүнө "күп" таштады, мүшөк таштагандай. Кудалардан бир-экөө кошо чыгып астына төшөк салалы, үстүнө жабалы десе, Тотош көнбөй койду: "Ушундай жатса тез эс алат". Эт чоң кудасыз желди. Сүйлөнгөн сөз болбоду. Келгендер уялып, тозгондор шылдыңдап турушту Калыйпадан башкасы.
Жат-жат убактысы келип, меймандар орун алышты. Тотош Карымшакты көтөрүп келип татына салынган төшөктүн үстүнө таштады...
Алгачкы короз кыйкырып, таң чала сүрүп калган кезде Карымшак көзүн ачты. Кай жерде жатканынын эсеби жок. Биртопко эстеди да, билди - кудада эмеспи. Башы баш эмес эле кара таш, тимеле иштен чыгып калыптыр. Акырын туруп сырткы үйгө чыкты, ортодо эшик ачык экен оңдой берди болуп, болбосо "кыйч" этип тигилерди ойготуп албайбы. Сырткы үй ашкана экен, бүткүл тамак-аш шкафта, столдо, терезеде, муздаткычтын үстүндө. Карымшак издегенин дароо көрдү, үстөлдүн үстүндө жарым бөтөлкөдөн көбүрөөк арак турат, дароо басты, басканда да стакан издеп отурбай, оозунан кулгутту. Ана эмесе, тарай элек түндөкүсүнө мунусу кошулуп, көзирмемде чылгый маска айланды. Ошол үстөлдүн жанында эмне кыларын билбей саамга туруп, анан үстөлдүн наркы четиндеги дагы бир оозу ачык бөтөлкөнү алам деп эңкейе берип жыгылды, жыгылып баратып жанталашып үстөлгө жабылган жабууну мыкчый кармаган экен, анысы шыпырылып, үстүндөгү чыны-чайнек, кашык-вилка, бөтөлкөлөр жерге жайнап эле жатып калды. Теребелдеги мемиреген тынчтыкта шарак-шурак үн эки эсе катуу чыгып, элдин баарын ойготту, ойготкондо да жер титирегендей же согуш чыгып кеткендей ойготту. Эки-үч бөлмөдөн сырткы бөлмөгө атып чыгып, идиш-аякка аралашып жаткан чоңкуданы көрүштү... Ошол жерден экөө - Калыйпа менен Тотош жерге кирип кете ташташты...
***
Карымшакты үйүнө накта өлүктөй кылып түшүрүштү. Тууган-туушкандар тегиз чогулуп тойдон апкелген тамак-ашты качырышты. Калыйпа пейили кенен жан да, төгүлтө толтура салып берген эмеспи, атүгүл бир козуну сойдуруп бышыртып салган...
"Кандай барып келдиңер?" "Кандай немелер экен?" деген суроого Тотош жооп берип жатат. Карымшак өлүк болсо, Табылды дудук, анда эмненин күнөөсү, ичкендин кулу, эчкимге зыяны жок.
- Кочкорлуктар ит экен дешти го, - деди бир аял сулк жаткан Карымшакты көрсөтүп.
- Эмнеге ит демек эле, эмне, өздөрү ичпейт бекен?! Керек болсо ичкен ошол Көлдөн чыккан, азыр деле кызылдай мас жүрүшөт экен жаш-карысы дебей, - деди Мээркан жулуна. - Ит экен дешсе ит болуп калышсын! Тигине, керек болсо маадемектен кызын алып кетсин, кыз деген саман, делекой ай, буларды, - деп дагы уланта турган болгон эжесин Тотош токтотту:
- Ай эже, эмне эле былжырап жатасың, ыя? Кудалар мыкты адамдар экен. Кантип эле тиги экөөндөй болуп калышсын, - деп жездесин көрсөттү, - көчүгүңөрдү кыссаңарчы! .. Деле ар дегенден эчтеке жок экен да!
Кандай ажаан болсо да, Мээркан Тотош инисинен азга ийменип турду. Түз жүрсө, оокаттуу болсо, анан да эзилбей накта эркектик касиеттери көп болсо, ийменбей көрсүн. Элдин көзүнчө инисинен катуу кагуу жеген Мээркан күчүн арактан чыгармак болуп, кудадан келген чоң сомкедеги арактан бирди сууруп баарын жалдыратып каратып туруп, кудай анын бетин нары кылсын, капкагын тиштеп ыргытып, оозунан эле жарымына чейин жутубийип атпайбы, накта балээ тура. Мындай өлөрман катынды ким көрүптүр, тукумуң соолгур!
- Аялдан чыккан алкаш айбан! - деп Тотош ордунан шарт туруп кетти. - Кудадан айлангырлар десе!
Мээрканга мындай сөздөр эч зыян кылалбайт, таасири нөлгө тең. Тотош чыгып кетери менен айтты:
- Кана, жайнаткыла жайнатчуңарды!
Шыпылдаган эки-үч келин килейген сомкелерди тимеле тытып жиберишти. Дасторкон толо эт, боорсок, таттуу, алма, өрүк, анан беш-алты бөтөлкө арак. Ошол жерде олтурган эркеги да, арты жыйырмага эми толгон келиндер да бири калбай ичет эле, кудадан келген арак үч айланып куюлуп тамам болду. Андан соң каралакаптын түбүн кагынчык кылышып, чөнтөктөр тешилгенче аңтарылып, дагы он бөтөлкө самогон келди. Ал келгенде Карымшак баш көтөрдү эле, бирди жуткуруп кайра түртүп коюшту, эми эртеси таңдан турмай...
Ырга өтүштү, акелер келиндерге, келиндер акелерге тийише ыркесе сунуп, жеңелердин кызганычы алоолонуп кайра бастап, ыр уланды. Аздан соң "өгүнү элдин көзүнчө уят кылып койдуң", "ай, баса, баягы жылы мени эмне деп шыпырылтканыңды кечээ укпадымбы" сыяктуу сөздөр адегенде акырын айтылып, анан "өлүгүңдү көрөйүн!" , "сенин өлүгүңдү мен көрөйүн, жок, өлүгүңө сийейин!" дешип, эми катуу кетишти. Бир келиндин колу экинчи келиндин кечээ эле кытай бойогуна бойоткон чачына чап жабышты эле, тиги бир чаңырып алып, беркинин килейген эмчегинен аткый тартты, ал чаңырды. Экөө тура калышты, баары турушту, туралбай кулаганы жарымы болду. Жанагы эки келиндин бири экинчисин түртүп жиберди эле, ал сүрдүгүп-сүрдүгүп барып жаңы эле ордунан туруп таңгала карап жаткан бир акесинин табарсыгын башы менен оңдурбай сүзүп, анысы табарсыгын эки колу менен мыкчый кармап, жерге бүк түштү.
- Оңдурбай салдың, оңдурбай! Эми эмне күндү көрөм, кокуй! Өлдүм, өлдүм, энеңди...
Ага теңтуш бир эркек боор тартып жүрөт:
- Туй, энеңдурайындыкы десе, ай, түз эле ошого таамай тийдиби, же сылай өттүбү, ыя?! Айтсаң?!
- Түз тийбесе экиленип атат дейсиңби, мээлегендей тийгизбедиби тимеле, ох-х, жаным көзүмө көрүнүп кетти, энеңди!..
Эми эки эркек кармаша кетти, жанагы келиндердин күйөөлөрү экен. Эки келин менен эки эркекти арачалаганга табарсыгы болбой калгандан башкасынын баары келишти. Төрдө жаткан Карымшак менен кудадан дудук болуп бутуна араң туруп келген Табылды карыяны тимеле тебелеп-тепсеп жүрүшөт. Мындайда Мээркандан өтөрү жок, жүз кил ашык бойлуу неме эркегин эркектей, аялын аялдай кежиге менен көчүктөн алып ыргытат. Дал ошентип бир эркекти ыргытты эле, ал эшиги жок наркы бөлмөдөгү жаңы келген келинди баса жыгылды. Чочуган келин кыйкырып жиберди. Көшөгө үзүлүп кетти. Көшөгөдө "жеңелеп" отурган үч-төрт секелек кыз ыргып келген эркекти колдон, буттан алып сырткы казат болуп аткан бөлмөгө сүйрөп коюшту. Ошол учурда бирөө:
- Эй, энеңди, бөтөлкөнү сындырдың! - деп катуу айкырды эле, тополоң болуп жаткандар тып токтоп, үн чыккан жакты карашты. Бир эркек бир бөтөлкө самогонду кучактай кармап туруптур, бирөөнүн бутунан куласа керек.
- Кана, ыстаканыңарды тосо калгыла, ушул акыркысы окшойт, - деди тиги.
- Оозуңа таш! Акыркысы дегенин...
- Куй, куйчуңдан!
Кармаш тып басылып, баары кайра отурушту. Үн-сөз жок.
- Оңбой калдым окшойт, - деген гана үн чыгат бурч жактан.
- Аке, сизге эмне болду? - дейт бир келин.
- Сага кантип айтам... - дейт акеси.
- Байболгур, сен сурачы, - дейт келин күйөөсүнө.
#ЧандагыГул
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10