Кайра артка кайтып баратышканда Абдурахман чөнтөгүнө колун салып ичинен ойлоно кетти. "Эгер кенч жок болсо бул эмне болгон жалтырак, таштагы эмне болгон арабча жазуу?бул жерде бир сыр жатат".Ал таап алган алиги жалтырак заты жөнүндө эч кимге ооз ачкан жок.
Алар мурунку эски орундарына эки айрылыш жолго бат эле кайтып келишти.Бир аз турушуп картаны алып чыгышты да,аны көпкө кунт коюп карап турушту.
-Өзгөчө белгилери бар бекен,балким табышмактуу кылып тартып койгондур.Мүмкүн биз анын жандырмагын чече албай жаткандырбыз?
-Чын эле.
-Бул жерде эч кандай табышмак,жандырмак, сыр жок.Азыр бул коктуга түшөбүз да,аягына чейин барып жакшылап ар бир үңкүрдү кылдат текшерип көрөбүз.Көрдүңөрбү мобул чийме үңкүр,бул үңкүрдүн чиймеси. Менимче жоголгон казына ушул үңкүргө катылган.Адегенде ушул чиймедеги үңкүрдүн өзүн табышыбыз керек.Эгерде анын ичинде жок болсо анда иш башка,анда бул картада кандайдыр табышмак бар.Эң башкысы духуңарды түшүрбөгүлө. Кана кеттик жигиттер.
Бардыгы орундарынан туруша Абдурахмандын артынан ээрчип жөнөштү.Өзүнчө бир нерсеге нараазы болгондой сүйлөнө Махмуд да алардын артынан илкий басып жүрүп олтурду.Күн акырындап уясына батып баратты.Алар өйдө карай көпкө жүрүштү.Бийик жарчанын түбүнө жетишкенде айланага күүгүм кирип кеткен эле.
-Мындан ары барганга болбойт,палатка тиккиле.Ушул жерге түнөйбүз да эртең менен таң азандан кыймылдайбыз.
Баары жабылыша ары-бери чоң палатканы жазып,төрт жагына казык уруп,жип байлап заматта тигип жиберишти.Бирөөсү керогазды күйгүзүп кечки тамактын камын көрө баштады.Тээ төмөн жактагы шаркыратманын гүүлдөгөн үнү эле угулбаса айлана жымжырт болучу.Кез-кез кандайдыр бир куштун тээ жардын башынан кукулуктаган добушу угулуп жатты.Тилекке жараша асман да чайыттай ачык,айдын нуру тийип айлана жапжарык болуп турду.Бирөөсүн сыртка кароолчулукка коюшту да,калгандары чарчаган эмелер дароо уйкуга кетишти. Сак кулак Абдурахман кез-кез шырп эткен добушка башын көтөрө кулагын төшөй калып,бир аз турган соң кайра акырын уйкуга көшүлүүдө.Өзүнчө ойлоно Абдурасул гана уктабай,асманды карап жатты.Бул криминалдар чөйрөсүнө жоголгон кенчти издөөгө кандайча кошулуп кеткенине тээ башынан бери эстеп өзү да таң калып жатты.
#КараПояс
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1