Урматтуу мекендештер!
Акыркы кундору Москва шаарындагы курулуш материал саткан базарларга, кыргыз улутундагы 4-5 бала соода сатык менен алектенген оз мекендештерибизге, криминалдык авторитеттерденбиз деп келип , айына бизге акча чогултуп бересинер биз силерди крышовать этебиз деп келип жатат деген маалыматтар тушуп жатат. Ушул толук тактала элек маалымат боюнча сиздерге кайрылабыз! Эгерде кимге жогоруда корсотулгондор келсе бизге эч коркпостон, ойлонбостон арыз менен кайрылыныздар!
Ал заман откон заман. Булардын кылган иши акылга сыйбаган, бир дагы тушунуко туура келбеген иш, анткени сиздер кундун ысык суугуна , жайга-кышка карабай ботон эл, ботон жерде эн башкысы ак эмгек, адал акча таап мекениниздерге акча жонотуп , ата эне , бир туугандарынарды багып эч кимге зыянынарды тийгизбей ак иштеп журосуздор.
Сиздерди ар кандай жолдор менен коркутуп , уркутуп , алдашы мумкун. Бирок дагы бир жолу жоопкерчилик менен айта кетейин , эч ойлонбостон , коркбостон бизге арыз менен кайрылыныздар. Убагында мыйзам чегинде чара коруп жоопко тартабыз! Буга чейин ар кайсы карышкыр, сакал, чач муруттардын атынан келип оз мекендештерин опузалап, коркутуп уркуткон ондогон кылмышкерлерди жоопко тартып темир тордун ар жагына киргиздик. Эгерде жогорудагы айтылган , оз элин коркутуп уркутуп тынчтык бербей жургон жердештер окуп жатсаныздар, эсинерге салалы " Лолудон баатыр чыкса - оз элин чабат" деген элибизде жакшы макал бар. " Эсин барда -этегинди жый " - ойлонуп кеч болуп кала электе туз жолго тушуп, ак эмгек менен нан таап жегиле. Темир тордун ар жагында жыргаган киши жок, баары кун санап, кайсы куну боштондука чыгып мекениме барам деп кыялданып олтургандар. Кылмыш кылып колго тушсонор ага- ини, тууган-туушканынар жардам бере албайт. Кеч боло электе тизгининерди тарткыла...
КР ИИМ нин РФдагы окулчулугу Москвадагы соода кылган мекендештер менен жоолугушуп, тушундуруу иштерин жургузууну дагы улантабыз...
Полковник Аскат Алиев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 81