Алгач сүрөттөгү инсандар менен тааныштырып өтөйүн:
1 - “ШЕЙХ МУХАММАД БИН АБДУЛЬВАХХАБ (1703-1792)” - дин аалымы, ханбалий мазхабынын өкүлү. Акыйда, ханбалий фикх боюнча жакшы эмгектери бар📚📖📕. Китептери бүйнө жүзү боюнча кенен таркап, көп тилдерге которулган🌍. Өзгөчө Арап Жарым Аралында (Саудия, Эмираттар, Кувейт, Катар) мектеп, университет жана мечиттерде расмий программа катары окутулат🕌🏫. Китептерин окуп эч бир зыян нерсе таппадык. Кадимкидей катардагы аалым, ашып дагы кетпейт, кем да калбайт. Алланын катардагы пендеси. Бул киши биринчи Сауд Падышачылыгынын 1744-жылы түзүлүүсүнө өз салымын кошкон. Ал кезде Осмон империясынын кулашына али 180 жыл бар🏚️. Өкүнүчтүүсү бул киши маалыматтык пиярдын курмандыгы болуп калган😢. Муну билип-билбей мокочо көрстөтүп көп жалган сөздөр таратып жүргөн адамдар бар. Көп адам буга Кыяматта сооп карыз. Эгер Кыяматка даярдаган соопторуңуз ашып-ташып жатса, анда беймарал бул кишиниби же башканыбы тилдеп сиз дагы белек кылсаңыз болот. Атыны эмнеге тырмакчага (“”) алып жазганымды кийин түшүндүрүп берем. 😊
2 - БЕНЖАМИН ФРАНКЛИН (1706-1790) - америкалык дипломат, жазуучу, илимпоз. Бул киши өз доорунун эң таасирдүү адамдардын катарына кирет. “Убакыт - акча” деген жакшы китеби бар, менин сүйүктүү китептеримдин бири. Бирок көбү бул кишини жүз долларлык купюрадан тааныса керек💵.
💡Байкасаңыздар шейх Мухаммад менен Бенжамин дегеле бир мезгилде төрөлүп, бир мезгилде өлгөн. Айырма болгону 2-3 жыл.
3 - ЖОРЖ ВАШИНГТОН (1732-1799) - Америка Кошмо Штаттарынын тунгуч президенти. АКШ 1776-жылы пайда болгон. 🇺🇸
💡Байкасаңыздар Саудия 32 жылга АКШдан эртерээк пайда болгон. Саудия пайда болгондо АКШ мамлекет катары картада жок эле. 😮
4 - НАПАЛЕОН БАНОПАРТ (1769-1821) француздардын императору. Белгилүү тарыхий инсан. Жакында эле Ридли Скот бул боюнча тасма тартты. 📽️⚔️
5 - А. С. ПУШКИН (1799-1837) - орустардын эң эле белгилүү акыны.
Мектептен калган белгилүү саптарды эстетип коёюн📚:
“У лукоморья дуб зелёный🌳;
Златая цепь на дубе том:
И днём и ночью кот учёный
Всё ходит по цепи кругом;
Идёт направо — песнь заводит,
Налево — сказку говорит”.
6 - ИБРАГИМ ПАША (1789-1848) - аскер башчы, стратег, Каирдин губернатору. Бул кишиге кененирээк токтолоюн. 🤨🤨Ибрагим Паша 1817-жылы Биринчи Сауд Мамлекетин талкалаганы менен суфий жамааттар арасында белгилүү болгон. Бирок Ибрагим паша муну менен тим болбостон 1831-жылы Осмон Империясына каршы согуш ачып, алгач Газа, андан кийин Яффа жана Дамаск шаарларын осмондор менен согушуп тартып алганын алар билишпейт. Өгөй атасы, Египеттин башчысы Мухаммед Али Паша менен Ибрагим паша 10 жыл бою Осмон империясы менен согушуп аларды далай жүдөтүшкөн⚔️🧨. Акыры айласы кеткен осмондор 1841-жылы орустардын императору Николай lден жардам сурап, ал ортого түшүп эки тарап араң келишимге келишкен. 😇🤝
🤔Эми муну менен эмнени айткың келип жатат? - десеңиздер керек. Айтаарым кээбир адамдар ар кимдин жалган сөздөрүнө ишенип туура эмес маалыматтарды топтоп алып, тарыхты ичип койгонсуп “тайыхты окугула!🫵” - дей беришет. Өздөрү болсо элементардуу нерселерди билишпейт🥲.
👉Бул тарыхий жалгандардын бирин ушул сүрөттөгү инсандарды жакшылап карасаңыздар эле табасыз. Байкасаңыз алты инсандын арасынар эң эле жашы улуусу шейх Мухаммад (сүрөттө “1?” - деп турат🤔). Кызыгы чөлдөгү молдокенин сүрөтү чекчейип фотоаппарат менен тартылып, калган дүйнөнү дүңгүрөткөн президент, император, илимпоз же акын болобу алардыкы бүт сүрөтчү боёк менен колго тарткан мультпилим сүрөттөр таң калтыра койбойт🤨. Мунун сыры оңой эле - ал кезде фотоаппарат деген нерсе адамзат тарыхында пайда боло элек болчу да😁😁.
💡📸Чырк! - деп фотоаппарат менен тартылган алгачкы сүрөт тарыхта биринчи жолу Напалеондун мекени Францияда 1826-жылы гана пайда болгон. Эгер ал кезде фотоаппарат болгондо анда чекчейип Напалеон биринчи сүрөткө түшсө керек эле, чөлдөгү молдоке эмес👳🏻♂️. Падышалар тартылган биринчи сүрөт эң алгач 1842-жылы гана сапаты эң начар тартылган. Демек #1? - деп коюлган сүрөттө шейх Мухаммад Ибн Абдульваххаб эмес, башка киши😱. Кээбирлер бул сүрөттө бахрейндик чоң соодагер дешет. Туурасын Аллах гана билет.
🫣Кудай ай! Биринчи сүрөттөгү белгисиз адамга канчалардын шилекейи атылды, тилдеди, сөктү! Кыяматта эсептешип алышат да эми.
💡Шейх 1792-жылы патапарат пайда болгонго чейин дүйнөдөн өткөн. Баса чөлдө ал кездөри патапаратты бышырып коюптурбу? Ошол себептен атыны тырмакчага алып жаздым.
📽️Дегеле шейх Мухаммад жөнүндө укмуш көп фантастика жалгандар айтылып кеткен. Бул маалыматтарды чогултуп “Марвел” студиясынын сценаристерине берсең укмуш фантастика кино тартып салса керек. Бир карасаң Ибрагим Паша кирип келгенде ага каршы согушуп жүргөн болот 1817-жылы, ал кезде шейх тирүү болгондо 114 жашта болмок. Дагы бир карасаң 1915-жылы Британия менен келишим түзүп, кофе ичиа олтурган болот (шейхтин жашы анда 212де). Андан кийин Лоуренс Аравийский менен биригип алып осмондорлун поездин талкалап жүргөн болот 1917-жылы.
🗯️ЖЫЙЫНТЫК СӨЗ
Айтаарым мындай жалган маалыматтардын курмандыгы болуп калбаш үчүн - тарыхты бейтарап, өз алдынча изилдешиңиз керек🧐. Антпесеңиз Пушкин акем айткандай “дуб зеленый”🌳 сымал болуп каласыз. Башыңызга шиялардан болгон кара өңдүү “кот ученый”🐈⬛ чыгып алып, “вахабийлер” жөнүндө ар кайсы жомокторду айтып, кулакка “алтын лапшадан”🍜 илип кете берет. Анан мусулмандарды билип-билбей жамандап күнөөгө батып жүрө бересиз. 😔
💡Мен кулагыма “алтын лапша” илинбеши үчүн, өзүмө төмөндөгүдөй алтын эреже түзүп алгам: вахабий деген сөз келсе, сөзсүз маалыматтын чын-жалганын изилдейм. Көбүнчө “вахабий” - деп башталган сүйлөмдүн артынан жалган айтылат. Ал сөздөн кийин акыйда, фикх же тарыхты камтыган жалган маалымат сөзсүз болот. Негизинде “вахабий” деген сөз дагы жалган👆, муну дескредитациялык маанайда бирөөнү жамандоо максатында колдонушат. 90чу жылдары дааватка чыкса, жижап кийсе аларды дароо вахабий дешчү. Андай жалгандарды көбүнчө каапырлар же шиялар чыгарышат мусулмандардын сабын бөлүү максатында. Андыктан башты муздак кылып, эмоцияны четке коюп, бейтарап изилдегенди үйрөнөлү. Окуйлу, илим алалы, алдыга жылалы, кругозорду кеңейтели📚. Маалыматтык согуш заманында “дуб зеленый”🌳 болбойлу. Эң негизгиси ынтымакта бололу🫶. Ассаламу алейкум!🤝 https://t.me/dinibiz_islam
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев