БИРИНЧИ ТОРОЛГОН БАЛДАР.
Мактоолорду, эркелетууну жактырат. Кичинесинен эле ата-энесинин мээримине, суйуусуно болонгон.
Жоопкерчиликтуу келип, эмгекчил болушат. Бул мунозу менен жашоодо коп ийгиликтерге жетишет.
Озуно коп ишенбейт. Улуулардын айтканы менен иш жасаганга конуп алган.
Оздоруно карата айтылган сын-пикирлерди которо албайт, кетирген каталарын моюнга алуу алар учун ото оор. Анткени айтылгандарды журокко жакын кабыл алат.
Озунон кийинкилерге улгу болуу учун ата-энеси дайыма козомолдоп турат. Талапчыл болууга уйронот.
Уй-булоодо кийинки балдардын торолушу алар учун кутуусуз болгондуктан башында кызганат. Бирок ата-энеден кийинки камкор адамдар болушат.
Ата-энесинин жолун жолдоочулардын бири.
Максат кылган ийгиликтерге жетууго багыт алат Жана копчулук учурда коздогонуно жетет.
ОРТОНЧУ БАЛДАР
Токтоо, сабырдуу, адилеттуу Жана озуно ишенимдуу болот.
Ачуусу чукул болгону менен , майда нерселерге конул бурбайт.
Озун корсотуу учун активдуу болууга аракет жасайт. Ошондуктан ийгиликтерге жетишет. Улуу менен кичуунун ортосунда ынтымакты жонго салуучулар катары да сыпатталат. Себеби уруш-талашты жактырышпайт.
Ата-энесин бир-туугандарынан кызганып, "силер мени жакшы корбойсунор" деген фразаны коп колдонушат.
Улуу Жана кичуу бир-туугандары эн башкы атаандаштары. Алардын ийгиликтери ортончу балдарды комускодо калтырып койот. Ошондуктан атаандаштык менен жашап калат.
Келечекке койгон пландары максаттуу. Дайыма озунун коз карашын айтат. Жетекчилик кылууга далалат жасайт.
Ар кандай адамдар мн менен суйлошуп, турдуу чойродо мамиле кура алат.
КОКУРОК КУЧУКТОР башкача айтканда УЙДУН КЕНЖЕСИ.
Мунозу жумшак Жана боорукер болушат. Бир-туугандары камкордук кылгандыктан алар менен атаандашпайт.
Жеке чечим кабыл алуусу башкаларга салыштырмалуу тез. Ыкчам иштоо алардын стили.
Ата-эне Жана бир-туугандар кокурок кучуктор учун социалдык институт. Алардын жардамы менен озун жеке инсан катары жакшы тарбиялай алат.
Куч колдонуу менен Жакшы нерсеге жетпей турганын жакшы билет. Ошондуктан максаттарына жетчу жолдорду ойлонот. Аракетчил болуп калат.
Ата-энесинин каалосуна баш ийбейт. Муну менен оз алдынчалуулукка умтулат.
Тажрыйбалуу адамдардын чойросундо чонойгондуктан адамдардын психологиясын Жакшы тушунот.
Маектешуудо тажрыйбалуу Адам менен суйлошуп жаткандай сезим калтырат. Кичинесинен агалары, эжелеринин айланасында журуп, адамдар менен мамиле курууну оздоштуруп алган.
УЙДУН ЖАЛГЫЗ БАЛДАРЫ
Алар бир эле мезгилде уйдун улуусу Жана кичуусу. Чындыгында жалгыз балдардын мунозу атасынын же апасынын мунозуно окшош болот.
Ата-энесинин жогорку денгээлдеги камкордугу баланын озуно болгон ишенимдуулугун жоготот.
Дайыма колдоо болуп тургандыктан, озун жардамга муктаж деген тушунук менен жашап калат. Ошондуктан колдоо керек болсода , болбосо да талап кылууну адатка айлантып алган. Мындай онокот чонойгондо курчап турган чойросуно коз каранды кылат.
Албетте, башка адамдарга салыштырмалуу "мен" деген тушунук жалгыз балдарда Жогорку денгээлде калыптанган. Мектепте Жана башка тармактарда балдардан айырмаланып кучтуулугун корсотот.
Курдаштарына салыштырмалуу эрте бойго жетет. Себеби чон адамдардын арасында оскон.
Озун-озу суйуп, жасаган ишинен мотивация алып, ийгиликтерди багындырат. Анткени конул борборунда болууну адатка айланткан. Уй-булоодо, жумушта, аны тааныган чойродо ар дайым ийгиликке жетишкен картинаны алып журот.
Акылдуу Жана компоненттуу болгондуктан жеке ишкерлик менен же ак конул адамдардын жетекчилигинде гана иштейт.
Анын баардык муктаждыктарына ата-энеси камкордук кылгандыктан, тугойунон да ошондой чон жоопкерчиликти талап кылат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3