Эң корукучтуу жана эң таза сүйүүнү. Ал сүйүү жашыруун сүйүү. Сүйүүндү ачыкка чыгаруудан коркосуң, ошон үчүн ар убак таза сактайсың.
*************************
Эң оор жоготуу эмне экенин билесизби? Эң оор жоготуу ата-эне, жакындарды, сүйүүңү жоготуу эмес, жан дүйнөңдөгү жараткан Алла Талланы жоготуу.
*************************
Дүйнөдөгү эң сезимтал адам ким, билесизби? Ал адам көзү азиз адам, ал адамдын көкүрөгү азиз эмес. Ал бул жашоону, келечекти көкүрөгү менен туя билет.
*************************
Эч качан, эч ким сүйүүнүн кадырын, барбы, жокпу, чынбы, жалганбы билбейт. Эгер Раймаалы менен Бегимай, Ожобай менен Кижимжан бири бирине жетип жашап калса, ошолор гана кандай экенин далилдемек.
*************************
Кайырчынын кайырчы болушуна тагдыры, үй-бүлөсү, аялы эмес өзү күнөөлү.
*************************
Нүзүп Шераалынын эски чокоюн маңдайына илдирип эмне дегенин билесиз.
Нүзүптүн айтканын эч качан унутпаң. Мейли, маңдайыңа чокой илбе, бирок өткөн күндү эч качан унутпа.
*************************
Өткөн күнүң эң оор, жүрөгүңө так калтырган күн болсо, алдыдагы жашооңо сөзсүз пайдасы тийет, эгер дагы ошондой күнгө туш болбоюн деп эстеп турсаң.
*************************
Өзүңүз жөнүндө ушак уксаңыз, алгач эчкимге билгизбей жашыруун иликтеп алып, анан чечим чыгарыңыз. Анткени ар бир адамдын душманы бар экенин унутпаңыз.
*************************
Бир адамга эч канчан ишенбеңиз. Ал адам сиз кыйналып, ооруп турганда жаныңызда болбой, айыкканда келген адам. Ал адам кайра ооруп калсаңыз кайра кетип калышы мүмкүн, бул душманыңдан да корунучтуу адам.
*************************
Жыргалбек Усенов. 23.08.2024. Москва
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13