” деп сурашты. Ал: “Өз убагында окулган намаз” деп жооп берди [Бухари 527, Муслим 85]. Эмнеге намаз? Эмне үчүн жетим же жесирлерге кылынган камкордук эмес? Эч ким жана эч нерсеге муктаж болбогон Аллахка сыйынуу (намаз) мээримдүүлүк жана сүйүүгө муктаж болгондорго болгон камкордуктан да маанилүүбү?
Анткени, Аллахка шүгүрчүлүк кылуу баардык нерселерден маанилүү. Улук Аллахка шүгүрчүлүк кылуу менен биз Андан азгырыкка, кыйынчылыкка жана сыноолорго толгон жалган дүйнөдө колдоо сурайбыз. Биз намаз ичинде: “Бир Өзүңө гана сыйынабыз жана бир Өзүңөн гана жардам сурайбыз” (ал-Фатиха: 5) деп кайрылабыз. Ал эмне жардам? Жалган дүйнөлүк иштердеби? Жок, албетте андай эмес, аны ар бир мусулман айта алат. Биз биринчи кезекте сооптуу амалдарды аткарууга жардам сурайбыз, түз жолдо жүрүүгө күч берүүсүн, керек учурда акыйкатты айтууга эрктүүлүк, муктаж адамга жардам берүү үчүн берешендикти сурайбыз. Куранда мындай деп айтылат: “Сабырдан жана намаздан жардам (кубат) алгыла” (ал-Бакара: 45). Намаз чынында жардам берет. Ал адамдардын ыраазылыгын же мактоосун алуу үчүн эмес, тазаланууга, жакшырууга, Аллах үчүн жакшылык кылууга жардам берет. Эгерде намаз бизди азыркы абалыбыздан дагы жакшыраак кылбаса, демек бизде ката бар жана намазыбызда биз ыкластуу болгон эмеспиз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев