Кечириле турган эки күнөө: эгерде пенде билбестик (катачылык) менен күнөө кылса Аллах ага ырайым тартуулап, жазалабайт, анткени Аллах Куранда айткан: “Жана ката кетирген нерсеңерде силер үчүн күнөө жок” (Ахзаб 33:5).
Эгерде пенде билип туруп күнөө кетирип алып, кайра Аллахка тооба кылып, кылган күнөөсүнө кейисе Аллах андай адамдарды эң жакшы түрдө сыйлайт, анткени Аллах Куранда айтат: “(Такыбаа кишилер) бир бузук иш же өздөрүнө зулум (күнөө) кылып коюшса дароо Аллаhты эстешип, күнөөлөрүн кечиришин сурашат–күнөөлөрдү Аллаhтан башка ким кечирмек эле–жана жасаган (күнөө) иштерин билип туруп, кайталай беришпейт. Ошол адамдардын сыйлыгы: Раббисинен болгон кечирим жана анда түбөлүк калуучу, астынан дарыялар агып турган Бейиш бактары. (Жакшы) амал кылуучулардын сообу кандай сонун!” (Аалы Имран:135-136).
Кечирилбей турган эки күнөө: “Пенде билип туруп күнөө кылып, аны кылууну өнөкөткө айлантып, Алллахка тооба келтирбесе, ал тооба кылып, Аллахтан кечирим сурамайын Аллах андай пендесин кечирбейт. Жана пендеге өз күнөөлөрү кооз сезилип, күнөөлөрүн жакшылык деп эсептесе анын күнөөлөрү кечирилбейт. Чындыгында бул күнөө ушул үммөттүн көпчүлүгү кыйраган күнөөнүн түрү”.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев