Энесинин жанында топураңдап ойноп жүргөн төөнүн кичинекей ботосу бир нерселерди ойлонгондой өзүн суроолуу карайт да көзүн сүзүлтүп алып шилекейин кепшеп аткан апасына жүгүрүп келип:
- Апаке, апаке! Мен сизге бир суроо берейинби? Эмне үчүн биздин буттарыбыз талпайып чоң болуп турат?- дейт таманын көтөрүп.
- Биз чөлдө баратканда буттарыбыз кумга батып кетпесин деп кудай ошентип жараткан, - дейт. Кичинекей бото тыбырчылап:
- Апаке, апаке!!! А эмне үчүн биздин кирпиктерибиз аябай узун?, - дейт көзүн жоодуратып.
- Биздин узун кирпиктерибиз биз чөлдө жүргөндө кумдуу бороон болсо кумдарды көзүбүзгө киргизбей сактап турат да. Ошол үчүн ушундай,- дейт көзүн сүзүп. Энесинин жообуна ичи бышпагандай караган бото дагы жакыныраак келип:
- Апа, апаке! А эмне үчүн биздин гана өркөчтөрүбүз бар?,- дейт.
- Каралдым. Биз төөлөр чөлдө жүргөндө көп күн суусуз жүрүп калабыз. Ошол себептен өркөчтөрүбүз суу топтоп денебизди азыктандырып бизди өлүмдөн сактайт,- дейт кепшегенин улантып. Ботонун чындап ачуусу келди. Энесинин жообуна жини келгендей тирмийе карады да:
- Апаке сиз кызык экенсиз?! Чөл эле чөл дейсиз. Эгерде биздин денебиз чөл үчүн жаралган болсо, анда эмнеге бул зоопаркта темселеп жүрөбүз?,- дептир ызырынып.
МОРАЛ: Кээде чыркырыган чындык дагы чөйрөгө жараша калпка айланып кетет. Калптын арасынан чындыкты таап кеткенге үйрөнөлү...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев