Experimental Physiology журналында жарыяланган жыйынтыктар, төшү чоң аялдар, төшү кичинелерге караганда тер безинин тыгыздыгы жана тер чыгаруунун ылдамдыгы төмөн экенин көрсөтүп турат.
Изилдөөгө жылуу чөйрөдө, максималдуу кыймыл аракетте болгон ар кандай көкүрөк өлчөмү менен ар кандай курактагы 22 аял катышкан. Окумуштуулар тер бездеринин тыгыздыгын жана көкүрөктүн ар кайсы аймактарында тердөө ылдамдыгын өлчөгөн. Натыйжалар көрсөткөндөй, тер бездеринин тыгыздыгы эмчектин чоңоюшу менен сызыктуу түрдө азайган, ал эми тердин эмчек бетине чыгуу ылдамдыгы дээрлик өзгөрүүсүз калган.
Бул ачылыштар, спорттук кийимдердин, өзгөчө бюстгалтерлердин дизайнына таасирин тийгизет, анткени алар аялдын денесинин физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алган инновациялык чечимдерди иштеп чыгууга жардам берет жана физикалык кыймыл аракет учурунда ыңгайлуулукту камсыздайт.
.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 43