2020-жылдын 20-сентябрында биздин партиянын талапкери Илхом Маннанов Араванда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп жатканда күтүүсүздөн чагымчылар аралашып, жолугушуу үзгүлтүккө учураган. Чагымчылардын тобу капыстан эле биздин партиянын тарапкерлерине кол салып, ур-токмокко алып кирген. Натыйжада биздин тарапкерлердин арасынан бир канча киши жапа чегип, ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. Алардын бири азыр оор абалда Ош облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат.
Бул окуя боюнча айрым маалымат каражаттары укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянуу менен чындыкка коошпогон маалымат тарата баштады. Социалдык тармактарда да дароо биздин партиянын атынан маалымат тараткан фейктер пайда болду.
Бирок окуя болгон учурда тартылып калган видеолордон аны кимдер баштаганын жана чынында эмне болгонун так, таасын көрүүгө болот.
Бизге белгилүү болгондой, бул факт «Ээнбаштык» беренеси менен катталды. Биз бул иш калыс жана акыйкат териштирилет деген ниеттебиз. Ошондой эле бул окуяга жарандык коом менен эл аралык байкоочулардын көңүлүн бургубуз келет.
Өлкөбүздөгү туруктуулук, бейпилдик жана улут аралык ынтымактын алдында бир да шайлоо, бир да үгүт иши түккө турбайт.
«Мекеним Кыргызстан» партиясы үчүн бул эң жогорку баалуулуктар. Биз бардык саясий атаандаштарыбызды өз кызыкчылыктарынан мурда элдин жана өлкөбүздүн бейпилдигин ойлоого чакырабыз.
Эки жумадан кийин шайлоо да бүтөт. А бизге ушул жерде – ата-бабалардан калган ыйык Мекенибизде бири-бирибиз менен саламдашууга, жүз карашып жашоого туура келет.
Андыктан биз тиешелүү органдар мындай чагымды уюштургандарды жана аларга буйрук бергендерди катуу жазалоого тийиш деп эсептейбиз. Себеби Кыргызстаныбыздын тынчтыгынан кымбат эч нерсе жок!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев