Үгүт өнөктүгү маалында белгисиз топтор интернет айдыңы аркылуу мага жана мен мүчө болгон “Мекеним Кыргызстан” партиясына карата ыплас технологияларды колдонуп, айтпаган сөздү айтты деген карандай калптарды таратуу менен “кара пиар” жасоодо. Маселен, акыркы күндөрдө интернеттеги социалдык тармактарда менин атымды жана сүрөтүмдү коюп, “Искендер Матраимов «саясат.kg» сайтына карантинде ун таратып, элди ачкачылыктан сактап калдык, болбосо кедейлер кырылып калмак”, — деп айтты деген сөздү таратышууда. Бул карандай калп жана жалган жалаа. Мен аты аталган сайтка жана башка бир да маалымат каражатына, же кайсы бир журналистке минтип айткан эмесмин. Коронавирус пандемиясы күчөп, элибиз кыйналып турган учурда кол сунуп, ар тараптуу жардам бергенибиз чын. Бирок биз аны эч качан колко, милдет кылган эмеспиз. Ал оюбузга да келген эмес. Жардамды чын дилибизден бергенбиз жана ага эл күбө.
Азыр эми айрым ниети түз эмес топтор биздин ошол аракетибизди бурмалап, ушинтип манипуляция жасоодо. Андыктан айтпаганды айтты дедирген мындай жалган маалыматтарга ишенбеңиздер.
Биз, “Мекеним Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоого аттанган күндөн тарта атаандаштарыбызды, бардык саясий күчтөрдү бири-бирин жок жерден жаманаттылаган мындай “кара пиарлардан” алыс болуп, таза күрөш жүргүзүүгө чакырып келебиз жана мындан ары да чакыра беребиз.
Сиздерди урматтоо менен ЖКнын VI чакырылышынын депутаты жана ЖКнын VII чакырылышын шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер Искендер Матраимов.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1