пенде көрбөгөн нерсе болбойт экен,
Бул жашоого жакшы жашасам, жакшы жүрсөм кыйналбасам дегенибиз менен, Баары нерсе жараткандын колунда турбайбы жараткандын буйругу менен болот экен баары нерсе. Мен бул нерсени айтып жаткан себеби, Далай жакшы жаман оор сыноолорду өткөрдүм, Алгач Россия шаарына келип иштеп жүргон мезгилимде көп кыйынчылыктар болуп өттү сабырдуулук менен аны да жеңип өттүм.
Коёндой окшош күндөр биринин артынан бири өтүп жатты а менде болсо баягы эле жашоо жумушка бармай үйгө келмей, Ошентип жүргөн күндөрүм күтүүсүз бакыт жана кубаныч менен башталып калды сайттан орто бойлуу кең далылуу оор басырыктуу тамашакөй жигит менен таанышып калдым, тамашалап сүйлөп коментерге барып жүрүп акырындап көңүлубуз бири бирибизге түшүп калды, экөөбүз кыз жигит болуп сүйлөшүп калдык кандай гана татуу күндөр өтүп жатты эх чиркин жазышпай калсак сагынышып да калабыз, ошентип жүрүп эки жыл бат эле өтүп да кетти акыры биз баш кошууга чечим чыгардык, Буйруса жакында той деп жүргон мезгилибизде, Биз экобуз эки шаарда жүрүп калдык Сагынуу кызгануу куса болуу бизге өз өкүмүн жүргүзүп келет, кееде баары жокко көз жумуп кучак жайып чуркап барып бек кучактап алгым келет, Кыялымда канат байлап учуп жетким келет эхх мунун баары акырында куру кыял болуп калганыга өкүнүп да ыйлап да аламын, ээ калган ортодон чыккан тоскоолдуктар айтпай эле койойун биз экобуз эки жакта эки шаарда кыйналып сагынышып жашап жүрсөк да жүрөгүбүз ар дайым бирге чогуу согуп турганыга жаратканга миң мертебе шүгүр кылабыз, Буйруса кыйналган эки жүрөк бир болуп чогуу согуп чогуу өмүр сүрөөруно аз эле убакыт калды баары жакшы болуп өз ордуна түшүп жашоо өз нугу менен болот деген үмүт менен жашап келебиз узулбөгөн үмүт жакшы жолго алып барат деген сөз бекеринен айтылбаса керек.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 18